Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
223-берене. Ишти апелляциялык кароого карата даярдоо жана ишти кароого дайындоо
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Иш апелляциялык инстанциядагы сотко келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга өткөрүп берилет.
2. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 219-беренесинде каралган негиздер болбогондо, апелляциялык инстанциядагы сотту өндүрүшүнө кабыл алынат, бул жөнүндө аныктама чыгарылат.
3. Судья-баяндамачы апелляциялык даттануу (сунуштама) өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин он күндүн ичинде:
1) процесстин катышуучуларынын курамын айкындайт;
2) апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктаманы алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат менен процесстин катышуучуларына жөнөтөт;
3) процесстин катышуучулары өздөрүнүн талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи катары шилтеме беришкен жагдайларды айкындайт;
4) процесстин катышуучулары тарабынан иштин кандай жагдайлары тааныларын жана кандай жагдайлары таныларын айкындайт;
5) процесстин катышуучуларына алар шилтеме кылышкан далилдерди берүүнү сунуш кылат же аларды апелляциялык даттануу (сунуштама) берген процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча талап кылып алат жана бул далилдер эмне үчүн биринчи инстанциянын сотуна берилбегенин айкындайт;
6) процесстин катышуучуларынын башка өтүнмөлөрүн чечет;
7) оозеки териштирүүнү өткөрүүсүз апелляциялык өндүрүштү жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;
8) апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароо үчүн зарыл болгон башка маселелерди чечет.
4. Ишти апелляциялык кароого даярдоо убагында судья-баяндамачы тарабынан кабыл алынган бардык сот актылары аныктама формасында кабыл алынып, анын көчүрмөлөрү процесстин катышуучуларына жөнөтүлөт.
5. Даярдык көрүү иш-аракеттерин жүргүзгөндөн кийин, судья-баяндамачы алар жөнүндө соттук коллегиянын курамына баяндайт, ал даярдык көрүүнүн аяктагандыгы жана ишти апелляциялык кароого карата дайындоо тууралуу аныктама чыгарат.
6. Апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин 10-главасында белгиленген эрежелер боюнча соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарландырат.
Апелляциялык өндүрүш оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн жүзөгө ашырылган учурда, соттук коллегиянын курамы апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча кароонун натыйжалары боюнча сот актысын жарыя кылуу боюнча соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарлайт.
7. Процесстин катышуучуларынын ишти кароонун датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарланбаган кимдир-бирөөсү соттук жыйналышка келбей калган учурда, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.
Ишти кароонун датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылган процесстин катышуучуларынын келбей калуусу ишти териштирүүгө карата тоскоолдук болуп саналбайт. Эгерде процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылса, эгерде сот алардын келбей калуусунун себептеринин жүйөлүүлүгү тууралуу тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.
8. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аныктама чыгарат.
6. Апелляциялык инстанциядагы сот ушул Кодекстин алынып салынды: 12-главасында кошулду: 10-главасында белгиленген эрежелер боюнча соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана … тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.
8. алынып салынды: Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) маңызы боюнча кароонун натыйжалары боюнча сот актысын жарыя кылуу боюнча соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылган процесстин катышуучуларынын келбей калуусу сот актысын жарыя кылууга карата тоскоолдук болуп саналбайт.кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 219-берене. Ишти апелляциялык кароого карата даярдоо жана ишти кароого дайындоо
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-223" title="223-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>