2118-берене. Арыз берүү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 232-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2025 года № 28
1. Арыз даттанылып жаткан актынын кабыл алынгандыгы же даттанылып жаткан аракеттин жасалгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде, ал эми арыз ээсинин суроо-талабын кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө жооп же кабарлоо алынбаганда, маалымат ээсинин аракетсиздигине карата арыз ээси кайрылган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин бир айдын ичинде сотко берилиши мүмкүн.
2. Маалымат ээсинин аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актысына талаш-тартышты сотко чейин чечүү тартибинде жогору турган органга же кызмат адамына даттанууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган сотко арыз берүү мөөнөтү арыз ээсинин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу алынган күндөн тартып, ал эми берилген даттанууга жооп алынбаган учурда арыз ээси даттануу берген күндөн кийинки күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин башталат.
3. Арыз ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган талаптарга ылайык келүүгө жана ушул Кодекстин 2119-беренесине ылайык аракетке (аракетсиздикке) жана (же) даттанылып жаткан актыга карата арыз ээсинин кошумча талабын (талаптарын) камтууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2118-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"Редакцияларды салыштыруу
27.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Арыз берүү 1. Арыз даттанылып жаткан актынын кабыл алынгандыгы же даттанылып жаткан аракеттин жасалгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде, ал эми арыз ээсинин суроо-талабын кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө жооп же кабарлоо алынбаганда, маалымат ээсинин аракетсиздигине карата арыз ээси кайрылган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин бир айдын ичинде сотко берилиши мүмкүн. 2. Маалымат ээсинин аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актысына талаш-тартышты сотко чейин чечүү тартибинде жогору турган органга же кызмат адамына даттанууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган сотко арыз берүү мөөнөтү арыз ээсинин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу алынган күндөн тартып, ал эми берилген даттанууга жооп алынбаган учурда арыз ээси даттануу берген күндөн кийинки күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин башталат. 3. Арыз ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган талаптарга ылайык келүүгө жана ушул Кодекстин 2119-беренесине ылайык аракетке (аракетсиздикке) жана (же) даттанылып жаткан актыга карата арыз ээсинин кошумча талабын (талаптарын) камтууга тийиш. (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-2118" title="2118-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>