166-берене. Соттук жарыш сөздөр
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Соттук жарыш сөздөр процесстин катышуучуларынын сөздөрүнөн турат.
2. Жарыш сөздөрдө биринчи сөз доогерге, анын өкүлүнө жана үчүнчү жактарга, андан кийин - жоопкерге, анын өкүлүнө берилет.
3. Ушул Кодекстин 42-беренесинин 1-бөлүгүндөгү тартипте процесске катышкан прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын өкүлдөрү жана ушул Кодекстин 43-беренесиндеги тартипте башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар соттук жарыш сөздөрдө биринчи болуп сүйлөшөт.
4. Талаш-тартыштын предметине өз алдынча талапты билдирген үчүнчү жак, анын өкүлү иштеги тараптардан кийин сүйлөйт.
5. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Тараптардын же болбосо үчүнчү жактардын өтүнмөлөрү боюнча жарыш сөздөрдө алардын өкүлдөрү гана сүйлөй алышат.
7. Эгерде каралып жаткан иштин чектеринен чыгып кетсе, соттук жыйналышта төрагалык кылуучу сүйлөп жаткан адамды токтото алат.
8. Сүйлөп бүтүшкөндөн кийин процесстин бардык катышуучулары жана алардын өкүлдөрү сүйлөнгөн сөздөрдө айтылгандарга байланыштуу экинчи ирет реплика менен чыгып сүйлөй алышат. Акыркы реплика укугу ар дайым жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
166-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сөздөрүнөн турат.
2. Жарыш сөздөрдө биринчи сөз доогерге, анын алынып салынды: өкүлүнө, кошулду: өкүлүнө жана үчүнчү жактарга, андан кийин - жоопкерге, анын өкүлүнө берилет.
3. Ушул Кодекстин … үчүнчү жак, анын өкүлү иштеги тараптардан кийин сүйлөйт.
5. алынып салынды: Талаш-тартыштын предметине өз алдынча талаптарды билдирбеген үчүнчү жактар, алардын өкүлдөрү жарыш сөздөрдө алар тарабында катышкан жактардан кийин сүйлөшөт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Тараптардын же болбосо үчүнчү жактардын өтүнмөлөрү боюнча жарыш … Акыркы реплика укугу ар дайым жоопкерге жана анын өкүлүнө таандык.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-166" title="166-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>