1971-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун протоколунун мазмуну
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 19-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) соттук жыйналыштын датасы жана орду;
2) соттук жыйналыштын ачылышынын жана жабылышынын (башталышы жана аякташы) убактысы;
3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы;
4) иштин аталышы;
5) төрагалык кылуучунун тескемелери жана кеңешүүчү бөлмөгө чыкпастан сот тарабынан чыгарылган өзүнчө процесстик акт катары кабыл алынбаган аныктамалар;
6) сот актысын кабыл алуу үчүн соттун чыгып кетүүсү тууралуу маалымат;
7) соттук актынын резолюциялык бөлүгүн же толук текстин жарыя кылуу жөнүндө маалымат;
8) протоколду түзүү жана кол коюу датасы.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1971-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Кассациялык инстанциядагы соттун протоколунун мазмуну Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) соттук жыйналыштын датасы жана орду; 2) соттук жыйналыштын ачылышынын жана жабылышынын (башталышы жана аякташы) убактысы; 3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы; 4) иштин аталышы; 5) төрагалык кылуучунун тескемелери жана кеңешүүчү бөлмөгө чыкпастан сот тарабынан чыгарылган өзүнчө процесстик акт катары кабыл алынбаган аныктамалар; 6) сот актысын кабыл алуу үчүн соттун чыгып кетүүсү тууралуу маалымат; 7) соттук актынын резолюциялык бөлүгүн же толук текстин жарыя кылуу жөнүндө маалымат; 8) протоколду түзүү жана кол коюу датасы. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-1971" title="1971-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>