107-берене. Талаптагыдай кабарлоо
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 10-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2026 года № 148
1. Эгерде соттук жыйыналыштын айрым процесстик иш-аракеттерди өткөрүүнүн башталышына карата сот тарабынан ага жиберилген соттук кабарды дарек ээсинин алгандыгы жөнүндө маалыматы бар болсо, административдик процесстин катышуучулары талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет.
2. Административдик процесстин катышуучулары ошондой эле төмөнкү учурда сот тарабынан талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет:
1) эгерде дарек ээси кабарлоону алуудан баш тартса жана бул баш тартуу ушул Кодекстин 105-беренесине ылайык катталса;
2) эгерде почталык кабарлоого карабастан, дарек ээси белгиленген тартипте сот тарабынан жиберилген кабарлоону алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;
3) эгерде юридикалык жактын сотко белгилүү болгон акыркы турган жери, жеке жактын жашаган жери боюнча сот тарабынан жиберилген кабарлоо көрсөтүлгөн дарек боюнча дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;
4) эгерде кабарлоо сот тарабынан жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын ушуга окшош формалары аркылуу жиберилгендиги жөнүндө сотто маалыматтар бар болсо.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
107-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-107" title="107-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>