31-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктары
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 141
1. Өкүлгө сотто ишти алып баруу ыйгарым укугу өкүл дайындоочунун атынан бардык процесстик иш-аракеттерди жасоого укук берет.
2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн доого же доого каршы пикирге, камсыз кылуучу чаралар тууралуу арызга кол коюу укугу, кайтадан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарга кол коюу, билдирилген талаптардан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доону таануу, арыздын жүйөсүн жана негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, ыйгарым укуктарды башка адамга берүү (кайра ишеним), сот актысына даттануу, даттануулардан баш тартуу же сунуштамаларды чакырып алуу, аткаруу документин аткарууга көрсөтүү укуктары өкүл дайындаган тарап берген ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.
Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өкүл дайындаган тарап берген ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш. кошулду: Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-31" title="31-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>