258-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуунун тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 26-глава
1. Иш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөндө, иш судья-баяндамачыга өткөрүп берилет.
2. Кассациялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 254-беренесинде каралган негиздер болбогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өндүрүшүнө кабыл алынат.
Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуу жана ишти соттук териштирүүгө карата дайындоо жөнүндө аныктаманы кассациялык инстанциядагы сот иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн тартып, жети күндөн кеч эмес мөөнөттө чыгарат. Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) процесстин катышуучуларына жиберилгендигинин далилдери болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ишти кайтарбастан, процесстин катышуучуларына ишти кассациялык инстанциядагы сотто угуунун датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо менен бирге, даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.
3. Процесстин катышуучулары жана кассациялык даттануу (сунуштама) менен кайрылган адамдар иштин материалдары, кассациялык даттануу (сунуштама) менен таанышууга жана өздөрүнүн каршы пикирлерин келтирүүгө укуктуу.
4. Процесстин катышуучуларына ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо ушул Кодекстин 10-главасында белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
258-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-258" title="258-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>