151-берене. Күбөлөрдү суракка алуунун тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1311-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларына күбөнүн мамилесин ачыктайт жана күбөгө иштин жагдайы жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.
3. Андан кийин күбөгө суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп - күбөнү чакырууга арызы негиз болгон жак жана анын өкүлү, андан кийин процесстин башка катышуучулары жана алардын өкүлдөрү суроо берет.
Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан кандай учурда болбосун суроо берүүгө укуктуу.
4. Зарылчылык болгон учурда, алардын көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктарды айкындоо үчүн сот күбөлөрдү ошол эле же кийинки жыйналышта кайталап суракка ала алат.
5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү убагында соттук жыйналыштын залында боло алышпайт. Эгерде сот ага мурда чыгып кетүүгө уруксат бербесе, суракка алынган күбө ишти териштирүү аяктаганга чейин соттук жыйналыштын залында калат.
6. Эгерде ачыктоо үчүн күбөлөр чакырылган жагдайлар айкындалса, сот процесстин катышуучуларынын макулдугу аркылуу бул тууралуу тиешелүү аныктама чыгаруу менен, келген күбөлөрдү суракка албай коё алат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
151-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…суракка алуунун тартиби 1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. кошулду: Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1311-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. 2. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларына күбөнүн мамилесин … аныктама чыгаруу менен, келген күбөлөрдү суракка албай коё алат. кошулду: (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-151" title="151-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>