Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси» Кодекси
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗА-АТКАРУУ КОДЕКСИ 2017-жылдын 31-январы № 17 (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 24-июлундагы № 147, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЗА АТКАРУУ МЫЙЗАМДАРЫНЫН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жаза аткаруу мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизденет.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери жаза аткаруу мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. Эл аралык уюмдардын жазаларды аткаруу жана соттолгондорго мамиле кылуу маселелери боюнча сунуштамалары (декларациялары) зарыл социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр болгондо жаза аткаруу мыйзамдарында ишке ашырылат.
4. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен, эгерде мыйзамда мындайлар каралбаса, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө белгилениши мүмкүн эмес.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Кодексте төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) жаза аткаруу мыйзамдары - жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун (өтөөнүн) процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелерди түздөн-түз жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы;
2) жаза аткаруу мыйзамдарынын принциптери - мамлекеттин жаза аткаруу мыйзамдарынын мүнөзүнө жана жазык жазаларын аткарууда коомдук мамилелерди жөнгө салууга болгон негизги укуктук көз караштарын билдирүүчү жетектөөчү укуктук идеялар;
3) соттолгондорду түзөтүү - жасаган ишине өкүнүүгө жана мыйзамды сыйлаган жүрүш-турушка дем берүүгө, адамга, коомго урмат-сый менен мамиле кылууга жана адамдык коомдун ченемдеринин талаптарын сактоого негизденген алардын жүрүш-турушун социалдык-позитивдүү өзгөртүү;
4) кайра социалдаштыруу - жазаларды же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөгөндөн кийин соттолгондорго коомго оң интеграцияланууга көмөктөшүүчү зарыл социалдык байланыштардын калыбына келүү процесси;
5) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер - жазык мыйзамдарында каралган жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер;
6) жаза өтөө режими - жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда жана жаза аткаруу системасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик актыларында белгиленген тартиби;
7) жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы - жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө жетекчиликти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу аткаруу органы;
8) жаза аткаруу системасы - жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну камсыз кылуу боюнча аткаруучу жана тескөөчү иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу органдардын жана мекемелердин системасы;
9) пробация - бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана соттолгондорду түзөтүүгө, укук бузууларды жасоону алдын алууга, социалдык таасир көрсөтүүгө жана алардын кайра социалдашуусуна карата чараларды көрүүгө багытталган жекече социалдык-укуктук программаларга алардын катышуусу менен мамлекеттик мажбурлоонун, коомдук таасир көрсөтүүнүн комплекстүү чараларын соттолгондорго карата колдонууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттин социалдык-укуктук институт;
10) пробация органы - коомдон обочолотуу менен байланышпаган кылмыштык жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын, социалдык-укуктук иш-милдеттерин аткаруу менен жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
11) пробациалык көзөмөл - сот тарабынан соттолгондорго жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын жана пробациялык милдеттердин аткарылышын контролдоону мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашыруу боюнча пробация органынын иши;
12) гауптвахта - бул кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, ошондой эле аларга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган аскер кызматчыларын жаза аткаруу мыйзамдарынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган обочолонгон шартта кармоо үчүн атайын жабдылган орун жай;
13) медиатор - медиация жүргүзүүдө тараптарга жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жак (мамилелердеги ортомчу);
14) медиация - алардын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүүсүнүн максатында медиатордун көмөгүндө талашкан тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен укуктук талашты жөнгө салуу (ортомчулук, талашка катышпаган медиатордун катышуусунда талаштарды чечүүнүн тынчтык ыкмасы) жол-жобосу.
15) электрондук көзөмөл - сот тарабынан пробация кардарларына жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен пробация органы жүзөгө ашыруучу көзөмөл;
16) эксперименттүү жаза өтөө режими - укук бузуулардын жасалышынын алдын алуу, соттолгондорду түзөтүү, аларга социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү жаатында изилдөө жүргүзүүгө арналган жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында жаза өтөө режими.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Жаза аткаруу мыйзамдарынын максаттары, милдеттери жана мазмуну
1. Жаза аткаруу мыйзамдарынын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат;
1) жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган соттолгондорду жана башка адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;
2) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууда адам укуктарын коргоо;
3) инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, соттолгондордун жана башка адамдардын кылмыш жасоолорунун алдын алуу.
2. Ушул максаттарга ылайык жаза аткаруу мыйзамдары төмөнкү милдеттерди чечүүгө чакырылган:
1) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартибин жана шарттарын жөнгө салуу;
2) соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу, кылмыштардын алдын алуу каражаттарын аныктоо;
3) соттолгондорго жана жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдарга социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү;
4) коомчулуктун жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишине катышуу формаларын аныктоо.
3. Жаза аткаруу мыйзамдары төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде (мындан ары - Кылмыш-жаза кодекси) каралган жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жалпы жоболорун жана принциптерин;
2) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө, соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуунун тартибин жана шарттарын;
3) соттолгондордун укуктук статусун жана алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу кепилдиктеринин системасын;
4) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иштөө тартибин, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын соттолгондорду түзөтүүгө катышуусунун тартибин;
5) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөдөн бошотуунун, соттолгондорго кайра социалдаштырууда жардам көрсөтүүнүн тартибин.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Жаза аткаруу мыйзамдарынын мейкиндикте жана убакытта колдонулушу
1. Жаза аткаруу мыйзамдары жаза же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө аларды колдонуу учурунда колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5-берене. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун негизи Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же болбосо соттун аны өзгөртүүчү же толуктоочу чечими, мунапыс берүү жана аны колдонуу жөнүндө акт, ырайым кылуу жөнүндө акт жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун негиздери болуп саналат.
6-берене. Түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун негизги каражаттары
1. Жазалар жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн белгиленген тартиби (режим); тарбиялык таасир көрсөтүү; коомдук пайдалуу эмгек; социалдык ыңгайлаштыруу боюнча иш; билим алуу жана кесиптик жактан даярдоо соттолгондорду түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун негизги каражаттары болуп саналат.
2. Мыйзамды сыйлаган жүрүш-туруш, эмгекке жана окууга ак ниет мамиле кылуу, тарбиялоо иш-чараларына, ошондой эле кайра социалдаштыруу, жабырлануучулар менен жараштыруу программаларына активдүү катышуу, кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды өз ыктыяры менен көрүү, соттолгондун өзүнүн үй-бүлөсүнүн жашоо-турмушуна катышуусу, социалдык ченемдерди сыйлоого негизделген баалуу багыттарды калыптандыруу соттолгондорду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга баа берүү критерийлери болуп саналат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Жаза аткаруу мыйзамдарынын принциптери
7-берене. Жаза аткаруу мыйзамдарынын принциптери Жаза аткаруу мыйзамдары мыйзамдуулук, гумандуулук, коомчулуктун катышуусу, соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну дифференциациялоо жана жекелештирүү, мажбурлоо чараларын сарамжалдуу колдонуу жана укукту урматтаган жүрүш-турушка түрткү берүү, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын соттолгондорго түзөтүүчү таасир көрсөтүү жана аларды кайра социалдаштыруу менен бириктирүү принциптерине негизденет.
8-берене. Мыйзамдуулук принциби
1. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иши мыйзамдарды сактоого негизденет. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Соттолгондор жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын аныктоочу мыйзамдардын талаптарын сактоого милдеттүү.
3. Соттолгондорго алардын мыйзамдарда каралган укуктары жана милдеттери толук көлөмдө түшүндүрүлүүгө, аларга жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга жеткиликтүүлүгү камсыз кылынууга тийиш.
9-берене. Гумандуулук принциби
1. Жаза аткаруу мыйзамдары соттолгондордун жана башка адамдардын адамдык кадыр-баркын, жашоо-турмушун, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
2. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу адамдын кадыр-баркын кемсинтүү, дене бойлук жана адеп-ахлактык азап тарттыруу, кыйноолорду колдонуу жана ырайымсыз мамиле көрсөтүү максаттарын көздөбөйт. Соттолгондорго мамиле кылуу алардын адамдык кадыр-баркынын кол тийгистигин таанууга, урматтоого жана укуктарын коргоого негизделген.
10-берене. Коомчулуктун катышуу принциби
1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын иши мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуунун, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка түзүмдөрү менен ачык-айкындуулуктун жана өз ара аракеттенүүнүн, жаза аткаруу мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери боюнча коомдук ой-пикирди эске алуунун, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишин коомдук контролдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Соттолгондорго түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуу алардын жакын туугандарынын жана аларга он таасир көрсөтө ала турган башка адамдардын катышуусунда, алардын пайдалуу демилгелерин, өз алдынча башкаруу элементтерин өнүктүрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
11-берене. Соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги
1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу процессинде соттолгондор жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, диний ынанымдары, курагы, саясий же башка көз караштары, билими, ата-теги, мүлктүк же башка абалы, жарандыгы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланууга кириптер кылынбайт.
2. Соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги алардын курагына, жынысына, жазасын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө мезгилинде жүрүш-турушуна жараша жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартибин жана шарттарын аныктоого, башка жагдайлар менен тете эле, дифференциалдык мамиле кылууну четке чыгарбайт.
12-берене. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну дифференциациялоо жана жекелештирүү принциби Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу алардын түрлөрүн, жасалган кылмыштын коомдук кооптуулугунун мүнөзүн жана деңгээлин, соттолгондун инсандыгын, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө мезгилинде анын жүрүш-турушун, соттолгондун эмгекке жана окууга, тарбия берүү иш-чараларына, ошондой эле кайра социалдаштыруу программаларына катышууга болгон мамилесин, кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралардын кабыл алынышын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Мажбурлоо каражаттарын сарамжалдуу колдонуу жана укукка ылайык жүрүш-турушка түрткү берүү принциби Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө мезгилинде соттолгондордун жүрүш-турушу, алардын режимдин белгиленген талаптарын сакташы, эмгекке жана окууга болгон мамилеси, тарбия берүү иш-чараларына, ошондой эле кайра социалдаштыруу программаларына катышуусу, кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамдарда каралган чектерде кеңейтүүдө же чектөөдө эске алынат. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык) КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилди.
14-берене. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын соттолгондорго түзөтүүчү таасир көрсөтүү жана аларды кайра социалдаштыруу менен бириктирүү принциби Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу соттолгондорду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга багытталган аларга социалдык-психологиялык жана педагогикалык мүнөздөгү каражаттарды комплекстүү колдонуу менен айкалышат.
3-глава. Соттолгондордун укуктук абалы
15-берене. Соттолгондордун укуктук абалынын негиздери
1. Соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоо, коргоо аларды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуунун мыйзамдуулугун, ошондой эле укуктук коргоону жана жеке коопсуздукту камсыз кылат.
2. Соттолгондор Конституцияда, Кылмыш-жаза кодексинде, ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген укуктарга, эркиндиктерге ээ жана чектөөлөрү бар милдеттерди аткарышат.
3. Эгерде Конституцияда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, соттолгон чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар бардык жарандар үчүн белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат.
4. Соттолгондордун укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардын укуктарын чектөөлөр жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын конкреттүү түрүн аткаруу тартибине жана шарттарына жараша, ушул Кодекс менен аныкталат.
5. Соттолгондордун өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузбоого тийиш.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Соттолгондордун негизги укуктары
1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алуу; татыктуу мамиле; жеке коопсуздук; саламаттыгын сактоо жана квалификациялуу медициналык жардам алуу; социалдык жактан корголуу; юридикалык жардам алуу; билим алуу; дин тутуу жана динге ишенүү эркиндиги; сунуш, арыз жана даттануу менен кайрылуу; эне тилинде же өзү билген башка каалаган тилде түшүндүрмө берүү жана кат алышуу, ошондой эле сунуш жана даттануу менен кайрылуу; жабырлануучулар менен медиацияга катышуу; дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер (соттолгон чет өлкөлүк жарандар үчүн) менен байланыштарды күтүү соттолгондордун негизги укуктары болуп саналат.
2. Соттолгондор ушул Кодекске, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн тартибин жана шарттарын белгилөөчү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка укуктарга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарга ээ болушат.
3. Соттолгондордун укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул Кодекс жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
17-берене. Соттолгондордун жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алууга укугу
1. Соттолгондор жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерден жана органдардан жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылыш тартиби жана шарттары жана алардын өзгөрүүлөрү, аларды өтөө мезгилиндеги өздөрүнүн укуктары, мыйзамдуу кызыкчылыктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.
2. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы соттолгонго анын укуктары, мыйзамдуу кызыкчылыктары, милдеттери жана укугунун чектелиши жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө берүүгө жана ага кол койдуруу менен түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
18-берене. Соттолгондордун татыктуу мамилеге укугу
1. Соттолгондор кыйноого жана башка адамгерчиликсиз, ырайымсыз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө же жазалоолорго дуушар болбоого тийиш.
2. Соттолгондор жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан татыктуу мамилеге укуктуу. Соттолгондорго мажбурлоо чаралары мыйзамдарда белгиленген негизде жана тартипте колдонулат.
3. Соттолгондор алардын талаптагыдай түрдө билдирилген жана күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз медициналык, биологиялык, психологиялык жана башка тажрыйбаларга дуушар болбоого тийиш.
19-берене. Соттолгондордун жеке коопсуздукка укугу
1. Соттолгондун өмүрүнө, ден соолугуна же болбосо кадыр-баркына башка соттолгондор же башка адамдар тарабынан коркунуч келип чыкканда, ал жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин кандай болбосун кызматкерине жеке коопсуздугуна болгон коркунучту четтетүү жөнүндө өтүнүчү менен жазуу жүзүндө же оозеки кайрылууга укуктуу.
2. Соттолгондун өмүрүнө, ден соолугуна же болбосо кадыр-баркына коркунуч келип чыкканда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы коркунучту четтетүү боюнча, анын ичинде, соттолгондун макул болбогонуна карабастан, аны коопсуз жайга которуу жолу менен токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.
3. Коркунуч эки жана андан көп соттолгондорго келип чыкканда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы анын макул болбогонуна карабастан, коркунуч булагын изоляциялоо боюнча токтоосуз чараларды көрөт.
4. Соттолгонду коопсуз жерге которуу жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коркунуч сакталганда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы соттолгонду жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу башка органга же мекемеге жиберүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
6. Коопсуз жерге которулган соттолгон адам коопсуз жерге которгонго чейин аныкталган шарттарда жазасын же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөйт.
7. Соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар өз убагында көрүлбөгөн учурда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чарасын көрүүчү органдын же мекеменин администрациясы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Коопсуз жер катары соттолгондун коопсуздугун камсыз кылуучу жайлар, атайын түзүлүүчү камералар сыяктуу эле, айыптык изоляторлордун камералары, камералык типтеги жайлар, жеке камералар жана убактылуу бөлүп кармоочу жайлар колдонулушу мүмкүн.
20-берене. Соттолгондордун саламаттыгын сактоого жана квалификациялуу медициналык жардам алууга укугу
1. Соттолгондор жазаларды же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө мезгилинде акысыз алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардам алууну кошо алганда, алардын саламаттыгын сактоону камсыз кылуучу шарттарды, анын ичинде амбулатордук-бейтапканалык же стационардык шарттардын түзүлүүсүнө укуктуу.
2. Соттолгондорго медициналык жардам алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, саламаттык сактоо мекемелеринде саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө көрсөтүлөт.
3. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы соттолгондорду медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жактан тейлөө үчүн шарттарды түзөт.
21-берене. Соттолгондордун социалдык коргоого укугу
1. Соттолгондор мыйзамдарда белгиленген тартиптеги жалпы негизде социалдык жана пенсиялык камсыз кылынууга укуктуу.
2. Соттолгондорго ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу шарттары, ага тете социалдык коргоонун башка формалары жайылтылат.
3. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы соттолгондордун өзүнүн социалдык коргоого укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
22-берене. Соттолгондордун юридикалык жардам алууга укугу
1. Соттолгондор юридикалык жардам алууга, анын ичинде, мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу.
2. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондорго мамлекет тарабынан кепилдик берилген консультациялык-укуктук жардам көрсөтөт жана алардын юридикалык жардамды алышы үчүн шарттарды түзөт.
3. Юридикалык жардам, анын ичинде мамлекет тарабынан кепилдик берилген квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондор адвокаттардын, ошондой эле ушундай жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана алышат.
23-берене. Соттолгондордун билим алууга укугу
1. Соттолгондор мыйзамдарда белгиленген тартипте негизги жалпы жана орто жалпы, башталгыч жана орто кесиптик билим алууга укугу бар.
2. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы соттолгондордун акысыз жалпы жана кесиптик билим алуусу үчүн шарттарды түзөт.
24-берене. Соттолгондордун абийир жана дин тутуу эркиндигине укугу
1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондорго абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет.
2. Абийир жана дин тутуу эркиндигине укукту ишке ашыруу ыктыярдуу болуп саналат, жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекеменин ички тартибинин белгиленген эрежелерин бузбоого, ошондой эле башка адамдардын укуктарын кемсинтпөөгө тийиш.
3. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан адамдарга белгиленген тартипте катталган диний бирикмелердин кызматкерлери чакырылат.
4. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерде соттолгондорго диний ырым-жырымдарды жүргүзүүгө, сыйынуу буюм-тайымдарын жана диний адабияттарды пайдаланууга уруксат берилет.
5. Жеке камераларда, айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда, ошондой эле убактылуу бөлөк кармоо жайларына дин кызматкерлери жалпы негизде киргизилет.
6. Катуу ооругандарга жана (же) өмүрү үчүн кооптуу абалда болгон соттолгондорго алардын, туугандарынын жана башка адамдардын өтүнүчү боюнча дин кызматкерлерин чакыруу менен бардык зарыл диний ырым-жырымдарды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
7. Мекемелердин администрациясы диний ырым-жырымдарды жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт жана тиешелүү жай бөлүп берет, чакырылган дин кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылат.
8. Түзөтүү мекемелеринин аймагында диний ырым-жырымдарды жүргүзүү үчүн атайын имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.
25-берене. Соттолгондордун сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга укугу
1. Соттолгондордун өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуусуна байланышкан маселелер боюнча сунуштары, арыздары жана даттануулары менен жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын жана мекеменин администрациясына, жогору турган органдарга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте алардан жоопторду алууга укуктары бар.
2. Соттолгондор өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланышкан маселелер боюнча сунуштары, арыздары жана даттануулары менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга кайрылууга укуктары бар.
3. Соттолгондордун кайрылуулары оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн.
4. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондор кайрылууларын ушул жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы аркылуу жиберет.
5. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондор кайрылууларын өз алдынча жиберет.
6. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондордун ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган жогорку башкаруу органдарына жана башка органдарга кайрылуулары цензурага жатпайт жана жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы тарабынан дарек ээсине бир суткадан кечиктирбестен (дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо) жиберилет.
7. Соттолгондордун жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын чечимдери жана иш-аракеттери боюнча кайрылуулары ушул чечимдерди жана иш-аракеттерди токтото албайт.
8. Соттолгондордун кайрылуулары жиберилген органдар жана кызмат адамдары аларды мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө карашат жана жооп беришет.
26-берене. Эне тилинде же өзү каалаган кандай болбосун башка тилде түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана кат алышууга, ошондой эле сунуштар жана даттануулар менен кайрылууга укук
1. Соттолгондор эне тилинде же кандай болбосун башка тилде түшүндүрмө берүүгө жана кат алышууга, ушул Кодекстин 25-беренесинде көрсөтүлгөн сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга, ошондой эле котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга укуктуу.
2. Соттолгондорго жооптор алар кайрылган тилде берилет. Кайрылган тилде жооп берүүгө мүмкүн болбогондо, ал мамлекеттик же расмий тилде берилет. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларга жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларына соттолгондордун кайрылган тилине жоопту которуу ушул жазаны аткаруучу мекеме тарабынан камсыз кылынат.
3. Сүйлөө, угуу, көрүү кемчиликтери менен байланышкан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген соттолгондор дактилдик-жаңсоо тилин же Брайль алиппесин билген адистердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктары бар.
27-берене. Соттолгондун жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү менен талаштарды чечүүгө (медиацияга) катышуу укугу
1. Соттолгон адамдын талаштарды чечүүгө, кылмыш менен келтирилген материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга багытталган, жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү менен жарашуу жол-жобосуна (медиацияга) катышууга укугу бар.
2. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы жарашуу жол-жоболорунун мыйзамдуулугун контролдоону жүзөгө ашырат жана көз карандысыз ортомчулардын (медиаторлордун) жарашуу жол-жоболоруна катышуусу үчүн шарттарды түзөт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Соттолгон чет өлкөлүк жарандардын дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер менен байланышууга укугу Соттолгон чет өлкөлүк жарандар өздөрүнүн мамлекеттеринин Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери менен байланышта болууга, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары (букаралар), - алардын кызыкчылыгын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдар менен байланышта болууга укуктары бар.
29. Соттолгондордун негизги милдеттери
1. Соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жарандардын мыйзамдарда белгиленген милдеттерин аткарууга жана адамга, коомго жана адамзат турмушунун эрежелерине урмат-сый менен мамиле кылууга негизделген, коомдо кабыл алынган адеп-ахлак нормаларын сактоого;
2) ушул Кодексте жана жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу тартибин жана шарттарын аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле соттун өкүмүндө каралган талаптарды аткарууга;
3) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
4) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын чакыруусу боюнча келүүгө, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө маселелери боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө. Келбей койгон учурда соттолгонго карата тартиптик таасир көрсөтүү чараларын колдонуу менен, ал мажбурлап алынып келүүгө дуушар болушу мүмкүн;
5) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин кызматкерлерине, башка соттолгондорго, ошондой эле ушул мекемелерге жана органдарга келген адамдарга сылык мамиле кылууга;
6) эмгекке жана окууга ак ниет менен мамиле кылууга;
7) жугуштуу ооруларды өз убагында аныктоо максатында милдеттүү жана алдын алуучу медициналык кароодон, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда психикалык активдүү заттарды колдонуу фактысын жана мас абалын, дене жаракаттарын алышын аныктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.
2. Соттолгондордун аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбай коюшу мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
4-глава
Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер. Алардын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
30-берене. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер
1. Кылмыш жасаганы үчүн дайындалган айып түрүндөгү жаза мажбурлап аткаруучу органдар тарабынан соттолгондун жашаган жери (иш жүзүндө жашаган жери) боюнча аткарылат.
2. Коомдук иштер, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө жана балдарга карата тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары түрүндөгү жазалар жүрүм-турумун эскертүү менен чектөө түрүндө соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.
3. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазалар соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары, соттолгондун иштеген жери боюнча жаза аткаруу системасынын мекемелери, администрация же соттолгондун аскер кызматынын жери боюнча командачылык, ошондой эле мыйзамдарга ылайык иштин тиешелүү түрлөрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аткарылат.
4. Эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалар жаза аткаруу системасынын мекемелери тарабынан аткарылат.
5. Атайын, аскердик, ардак наамдардан, класстык ченден, дипломаттык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу түрүндөгү жазалар бул наамды, класстык ченди, дипломаттык рангды же мамлекеттик сыйлыкты ыйгарган орган тарабынан аткарылат.
6. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазалар атайын дайындалган аскер бөлүктөрү тарабынан аткарылат.
7. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулган адамдар, ошондой эле жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган жана жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар пробация органдарынын көзөмөлү астында турат.
9. Мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза жана материалдык чыгым менен моралдык зыяндын ордун толтуруу түрүндөгү кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүү чарасы соттолгондун жашаган (иш жүзүндө жашаган) же иштеген жери, анын мүлкү турган же киреше алуучу жери боюнча мажбурлап аткаруучу органдар тарабынан аткарылат.
10. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. Балдарга карата эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга, же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
12. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап дарылоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жаза аткаруу системасынын мекемелери тарабынан аткарылат.
13. Негизги жазаны өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарыл жиберүү түрүндөгү жаза миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдары жана чек ара кызматы тарабынан аткарылат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка мажбурлоо чараларын өтөп жаткан жер жөнүндө кабарландыруу
1. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды, адамды атайын дарылоо мекемесине жайгаштыруу түрүндө медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары, атайын мекемеге жайгаштыруу түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын аткаруучу органдар жана мекемелер үч жумушчу күндүн ичинде жубайына, анын туугандарынын бирине же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө соттолгондун жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөсүнүн башталышы жана жазаны өтөө орду жана алардын укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.
2. Чет мамлекеттердин жарандары (букаралар) болуп саналган адамдарга карата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар жана мекемелер Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык же консулдук мекемелерге же алардын кызыкчылыгын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө маалымдайт.
32-берене. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн түрлөрү Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын талаптагыдай аткаруу, соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн төмөнкү түрлөрү жүзөгө ашырылат:
1) эл аралык контроль;
2) парламенттик контроль;
3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары - Акыйкатчы (Омбудсмен) контролу;
4) соттук контроль;
5) ведомстволук контроль;
6) медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль;
7) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын контролу;
8) коомдук контроль;
9) кыйноого жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүн жана жазалоолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү контроль;
10) прокурордук көзөмөл.
33-берене. Эл аралык контроль Эл аралык контроль Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
34-берене. Парламенттик контроль Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) комиссиялары жана комитеттери аркылуу жүзөгө ашырат.
35-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) контролу Соттолгондордун, жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) туруктуу негизде жүзөгө ашырат.
36-берене. Соттук контроль
1. Сот мыйзамдарда белгиленгендерге ылайык жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын контролдойт.
2. Сот жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу, оорусу боюнча жазаны өтөөдөн бошотуу, жосун кылмыштан ажыратылганда жана мыйзамдын санкциясы жеңилдетилгенде, ошондой эле пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазадан бошотулганда жазадан бошотуу жана жазаны жеңилдетүү, жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу, түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү маселелери боюнча жазалардын аткарылышын контролдойт.
3. Сот соттолгондордун жана башка адамдардын жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө контролдоо-көзөмөлдөө иш-милдетин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аракетине же аракетсиздигине даттанууларын карайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37-берене. Ведомстволук контроль
1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишине ведомстволук контроль жогору турган башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ведомстволук контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
38-берене. Медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль Медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык мекемелер коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерде кармалган адамдардын медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыз болушун жана соттолгондордун ден соолугун сактоого укугун ишке ашыруу үчүн шарттардын түзүлүшүн контролдоону жүзөгө ашырат.
39-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын контролу
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга ылайык жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин контролдоону жүзөгө ашырат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын административдик-аймактык бирдигинин чегинде жайгашкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишинин уюштурулушуна жана иштешине көмөк көрсөтөт, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштырууга катышат.
40-берене. Коомдук контроль
1. Коомдук уюмдар, диний бирикмелер, башка коомдук түзүлүштөр, жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук контролдоону жүзөгө ашырат жана төмөнкүдөй жол менен жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иштерине катышат:
1) социологиялык жана башка мониторингдерди жүргүзүү;
2) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга жана алардын кызмат адамдарына соттолгондорду кармоонун тартибин жана шарттарын мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизүү;
3) жаза аткаруу мыйзамдары жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышуу;
4) соттолгон менен жабырлануучунун ортосундагы жарашуу жол-жобосун (медиация) уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
5) соттолгондорго гуманитардык жана кайрымдуулук жардам көрсөтүүгө жана анын колдонулушун байкоого катышуу;
6) иш тартиби мыйзамдар менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлүүчү коомдук жана камкорчу кеңештердин, байкоочу комиссиялардын ишине катышуу;
7) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин өркүндөтүүгө жана соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге жана органдарга мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка формадагы көмөк көрсөтүү.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдарга аларга белгилүү болуп калган, коомдон бөлөк кармоо шартында болгон соттолгондордун жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды жарыя айтууга жана жарыялоого тыюу салынат.
3. Коомдон бөлөк кармоо шартында турган конкреттүү соттолгондор жана адамдар жөнүндө маалыматтарды алардын жазуу жүзүндөгү макулдугун албастан жарыя айтууга жол берилбейт. Көрсөтүлгөн талаптарды бузуу мыйзамдарга ылайык белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
41-берене. Кыйноонун жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнүн жана жазалоолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү контроль Соттолгондорго карата кыйноонун жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнүн жана жазалоолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү контроль мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
42-берене. Прокурордук көзөмөл Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) жана жазык аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу баш ийүүдөгү прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
43-берене. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге баруу
1. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге атайын уруксаты жок кирүүгө төмөнкүлөрдүн укугу бар:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттары , Акыйкатчы (Омбудсмен) жана анын орун басарлары, ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чектеринде;
2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор) жана түзөтүү мекемелеринде жазалардын аткарылышына көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу прокурорлор;
3) Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы комитетинин ыйгарым укуктуу мүчөлөрү жана алардын өкүлдөрү;
4) (КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чегинде сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу соттордун судьялары;
6) коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан мекемелердин жогору турган башкаруу органдарынын кызматкерлери.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жазаны аткаруу органдарына жана мекемелерине барып, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрацияларынын же болбосо алардын жогору турган органдарынын жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү уруксаты боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан белгиленген тартипте кино-, фото- жана видеоаппаратураны пайдаланышы мүмкүн. Түзөтүү мекемелерине кино-, фото- жана видеоаппаратураларын алып өтүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын пайдалануусу атайын уруксатсыз жүзөгө ашырылат.
3. Соттолгондорду киного-, фото- жана видеого тартууга, анын ичинде аудио-, видеотехниканы колдонуу менен алардан маек алууга администрациянын жана соттолгондордун өздөрүнүн макулдугу менен уруксат берилет.
4. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин коопсуздугун камсыз кылуучу объекттерди кино-, фото- жана видеого тартуу көрсөтүлгөн мекемелердин администрациясынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
5. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдар ушул мекемелерге келген убакта коопсуздукту камсыз кылат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
II БӨЛҮМ. СОТТОЛГОНДУ КООМДОН БӨЛӨК КАРМОО МЕНЕН БАЙЛАНЫШПАГАН ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ
Глава 5.. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруу
44-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Коомдук иштер түрүндөгү жаза Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объекттерде соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.
2. Коомдук иштер түрүндөгү жаза пробация органдарына соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсү менен соттун тескемеси келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.
3. коомдук иштерге соттолгон соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечикпестен жазаны тартуу үчүн пробация органына келүүгө милдеттүү.
4. Пробация органдары:
1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;
2) аларга жазаны өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;
3) коомдук иштерди аткаруунун объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат;
4) коомдук иштерди аткарган мезгилде соттолгондордун жүрүш-турушун контролдойт;
5) алар тарабынан иштелген убакыттын жыйынтыкталган эсебин алышат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
45-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары
1. Коомдук иштер соттолгондор тарабынан иштен же окуудан бош убакта акысыз негизде аткарылат.
2. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөө мезгилинде соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого;
2) алар үчүн белгиленген объекттерде иштөөгө;
3) коомдук иштерди аткаруу жерине өз убагында келүүгө;
4) эмгекке ак ниет мамиле кылууга;
5) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
51) пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;
52) пробация органдарына жазуу жүзүндө кабарлоосуз административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын) чегинен тышкары чыкпоого;
6) он күндүк мөөнөттүн ичинде пробация органдарына жашаган жеринин өзгөргөнү тууралуу билдирүүгө;
7) катталуу жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.
3. Соттолгондорго негизги иштеген жери боюнча кезектеги өргүүнүн же окуган жери боюнча каникулдун берилиши коомдук иштерди аткарууну токтото турбайт.
4. Соттолгон I же II топтогу майып деп таанылганда, соттолгон кош бойлуу болгондо, пробация органдары сотко аларды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.
5. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
46-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө
1. Коомдук иштер түрүндөгү жазанын мөөнөтү соттолгон алардын ичинде коомдук иштерди аткарган сааттар менен эсептелет.
2. Коомдук иштердин узактыгы күнүнө төрт сааттан ашпайт. Бир жуманын ичинде коомдук иштерди аткаруунун узактыгы он сааттан кем болбоого тийиш. Жүйөөлүү себептер болгондо пробация органдары соттолгонго жуманын ичинде сааттардын санынан аз иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.
3. Туруктуу иштеген жери жок жана окуу жайларында окуудан өтпөгөн соттолгонго анын макулдугу боюнча коомдук иштерге тартуу убактысы күнүнө сегиз саатка чейин узартылышы мүмкүн, бирок жумасына кырк сааттан ашпоого тийиш.
4. Эгерде соттолгон адам оорусуна же башка жүйөөлүү себептерге байланыштуу коомдук иштерди аткара албаган учурда, ал бул жөнүндө пробация органдарына кабарландырууга милдеттүү.
47-берене. Коомдук иштерди аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын милдеттери
1. Коомдук иштерди аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) эмгек мыйзамдарына ылайык коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу;
2) соттолгондор үчүн аныкталган жумуштардын алар тарабынан аткарылышын контролдоо;
3) иштеген убакытты эсепке алуу табелин жүргүзүү, аткарылган жумуштардын актыларын учурдагы айдын акыркы күнүнөн кеч эмес түзүү жана пробация органдарына жиберүү;
4) соттолгондордун жүрүм-туруму жана/же коомдук иштерди аткаруудан качуусу жөнүндө пробация органдарына маалымдоо жана кабарландыруу.
2. Соттолгон коомдук иштерди аткарууда майып болгондо, соттолгонго зыяндын ордун толтуруу эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3. Коомдук иштерди аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдарынын милдеттерин аткарбашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
48-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн соттолгондордун жоопкерчилиги
1. Соттолгон коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн пробация органы себептерин аныктагандан кийин соттолгонго коомдук иштер түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка жаза менен алмаштыра тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
2. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу төмөнкүлөр болуп саналат:
1) коомдук иштерди аткаруу үчүн өз убагында келбөө;
2) эмгек тартибин бузуу;
3) жашаган жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында бербөө;
4) пробация органына катталуу үчүн жүйөөлүү себепсиз бир жолу келбей коюу.
3. Соттолгондун пробация органына дайындалган мөөнөттө келбей коюусунун жүйөөлүү себептери катары оорусу жана анын чакыруу боюнча өз убагында келүү мүмкүндүгүнөн ажыраткан документтер менен ырасталган башка жагдайлар таанылат.
4. Мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруудан кыянаттык менен качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко коомдук иштер түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинде каралган жазанын башка түрү менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.
5. Адам Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинде каралган башка жаза менен алмаштыруунун мүмкүндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын кайталап бузуусу соттолгондун коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянат качуусу деп таанылат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-глава. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу
49-берене. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Негизги катары же коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү белгилөө менен соттоодо белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу мыйзамдарда белгиленген тартипте, соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу негизги жазаны аткаруучу орган же мекеме тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми негизги жазаны өтөгөндөн кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Пробация органдары:
1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;
2) соттолгондун соттун өкүмүндө каралган белгилүү бир кызматты ээлөөгө же белгилүү бир иш жүргүзүүгө тыюу салуунун сакташын контролдойт;
3) соттолгондун иштеген жери боюнча уюмдун администрациясынын, ошондой эле соттолгонго тыюу салынган иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдын өкүмдүн жазма эскертүүлөрүн аткарышын текшерет.
4. Соттолгон же кошумча жаза катары белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза колдонулган пробациялык көзөмөл белгиленген адам негизги жазаны өтөп жаткан ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясынын соттолгонго аткаруу тыюу салынган жумуштарга аны тартууга укугу жок.
5. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
50-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын аткарылышынын мөөнөттөрүн эсептөө
1. Жазанын негизги түрү катары же башка жазаларга кошумча түр катары белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындоодо жазаны өтөөнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй эсептелет:
1) коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазада, ошондой эле пробациялык көзөмөлдөөнү колдонуу менен жазадан бошотууда же жазаны аткарууну кийинкиге калтырууда - өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып;
2) коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазада - соттолгон негизги жазаны өтөөдөн бошотулган учурдан тартып.
2. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн өкүмдүн жазма эскертүүлөрү соттолгондун коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны өтөө убагына да жайылтылат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондун милдеттери
1. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коомдон обочолотуу менен байланышпаган жазаны дайындаган соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жашаган жери боюнча пробация органына - он күндүн ичинде, ал эми эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда - беш күндүн ичинде келүүгө;
2) иштеген жана жашаган жери жөнүндө жана алардын өзгөрүшү, иштен бошонуп кетиши жөнүндө маалыматтарды пробация органдарына билдирүүгө;
3) өкүмдүн жазма эскертүүлөрүн аткарууга;
4) пробация органдарынын талабы боюнча жазаны өтөө менен байланышкан документтерди берүүгө.
2. Өкүмдү аткарбаган жана белгилүү бир кызматты ээлөөнү же белгилүү бир иш жүргүзүүнү улантып жаткан, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттерди аткарбаган соттолгонго карата пробация органы сотко аны Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
52-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун шарттары
1. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондун иштеген же кызмат өтөгөн жери боюнча ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жана пробация органынын кабарлоосун алгандан кийин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен соттолгонду кызматтан же иш жүргүзүү укугунан ажыратылган иштин түрүнөн бошотууга;
2) пробация органына беш жумушчу күндүн ичинде соттун өкүмүнүн аткарылышы жөнүндө билдирүү жиберүүгө;
3) соттолгондун эмгек китепчесине ал кандай негизде, канча мөөнөткө жана кандай кызматты ээлөө укугунан же кандай ишти жүргүзүү укугунан ажыратылганы жөнүндө жазуу киргизүүгө;
4) пробация органынын талабы боюнча жазаны аткаруу менен байланышкан документтерди берүүгө;
5) соттолгон менен эмгек келишими өзгөргөн же токтотулган учурларда беш күндүк мөөнөттө бул жөнүндө пробация органына билдирүүгө.
2. Соттун белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмү иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар үчүн милдеттүү болот.
3. Көрсөтүлгөн органдар соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсүн жана пробация органынын кабарлоосун алгандан кийин, беш жумушчу күндүн ичинде соттолгонго тыюу салынган иштин ошол түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга, ошол адамга иштин көрсөтүлгөн түрүн жүргүзүүгө укук берген тиешелүү документти алып коюуга жана бул жөнүндө пробация органына билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
4. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин, ошондой эле иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары соттун өкүмүн аткарбаган учурда, пробация органдары ыйгарым укуктуу органдарга аларды Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруу
53-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) менен белгиленген өлчөмдөрдө мамлекеттин кирешесине соттолгондун эмгек акысынын (акчалай күтүүнүн) акча каражаттарынан ай сайын которуу менен соттолгондун негизги иштеген жери боюнча өтөлөт жана анын жашаган жери боюнча пробация органы тарабынан аткарылат.
2. Пробация органдарынын уруксаты боюнча жүргүзүлүүчү өз каалоосу боюнча бошонгон учурларды кошпогондо, соттолгондор башка кызматка же жумушка эмгек мыйзамдарында каралган тартипте бошотулат, которулат. Пробация органдарынын уруксат берүүдөн баш тартуусу жүйөлөнгөн токтом менен жол-жоболоштурулат.
3. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими пробация органдарына келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.
4. Түзөтүү жумуштарына соттолгондор жазаны өтөөгө тартылуу үчүн катталуу жана каттоого туруу үчүн соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен пробация органына келүүгө милдеттүү.
5. Пробация органдары:
1) соттолгонду эсепке алууну жүргүзөт;
2) жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;
3) соттолгондун иштеген жери боюнча анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) жүргүзүлүүчү кармоолордун өз убагындагысын жана үзгүлтүксүздүгүн жана алардын мамлекеттин кирешесине которулушун текшерет;
4) соттолгондордун жазаны өтөө шарттарын сакташын контролдойт.
54-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары
1. Соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого;
11) пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;
12) пробация органдарын жазуу жүзүндө кабарлоосуз административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын) чегинен тышкары чыкпоого;
2) эмгекке ак ниет мамиле кылууга;
3) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
4) он күндүк мөөнөттө пробация органдарына жашаган жеринин өзгөргөнү тууралуу билдирүүгө;
5) катталуу жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.
2. Иштеген ордунун өзгөргөнү жөнүндө пробация органдарына себептерин баяндоо менен жазуу жүзүндө кабарландырат.
3. Жазаны өтөө мезгилинде жыл сайын акы төлөнүүчү жана кошумча өргүүлөр пробация органы менен макулдашуу боюнча соттолгондун иштеген жери боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы тарабынан эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
4. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө соттун өкүмү чыгарылгандан кийин I же II топтогу майыптар деп таанылган адамдарга, ошондой эле кош бойлуу аялдарга карата, эгерде түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө өкүм чыгарылгандан кийин кош бойлуу болуп калса, пробация органдары сотко аларды Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесинде каралган тартипте жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.
6. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
55-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө
1. Түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү соттолгон иштеген жана анын эмгек акысынан кармоолор жүргүзүлгөн жылдарда жана айларда эсептелет. Соттолгон иштеген жумушчу күндөрдүн саны сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн ар бир айына туура келген жумушчу күндөрдүн санынан кем болбошу керек. Эгерде соттолгон көрсөтүлгөн күндөрдү иштеп бербесе жана ушул Кодексте белгиленген иштеп берилбеген күндөрдү жазанын мөөнөтүнө кошуп эсептөөнүн негиздери жок болсо, түзөтүү жумуштарын өтөө соттолгон тарабынан тийиштүү жумушчу күндөрүн толук иштеп бергенге чейин улантылат.
2. Соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттолгон адам жумушка чыккан күн түзөтүү жумуштарын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп саналат.
3. Соттолгон адам эмгек мыйзамдарында каралган жүйөөлүү себептер боюнча иштебеген убакыт жазаны өтөө мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.
4. Жумушчу убактысын жыйынтыктап кошуп эсептөө колдонулган ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде иштеп жаткан соттолгондун жазаны өтөө мөөнөтү отчеттук мезгил үчүн белгиленген жумушчу сааттарынын санынан ашпаган жумуш убактысынын узактыгына жараша эсептелет.
5. Соттолгондорго жазаны өтөөнүн мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошуп эсептелбейт:
1) ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ал иштебеген убакыт;
2) алкоголдук, баңгизат же токсиндик зат менен мас болуудан келип чыккан оорунун убактысы;
3) бөгөт коюу чарасы катары тандап алынган үй камагында же кайтарууда болгон убакыт.
56-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага соттолгондордун жазаны өтөө орду боюнча ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын милдеттери
1. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө жери боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) кармоолорду өз убагында жүргүзүү жана кармалган акча каражаттарын белгиленген тартипте которуу;
2) соттолгондун өндүрүштөгү жүрүш-турушун контролдоо;
3) соттолгон тарабынан иштелген убакыттын эсебин жүргүзүү;
4) пробация органдарына соттолгон адамдын жазаны өтөөдөн качканы жөнүндө кабарландыруу;
5) соттолгонго сыйлоо жана жаза-чараларын колдонуу жөнүндө пробация органдарына кабарландыруу;
6) пробация органдарына кармалган суммалардын өлчөмдөрү жана аларды которуу мөөнөттөрү жөнүндө кабарландыруу;
7) пробация органдарына соттолгондордун башка кызматка (жумушка) которулганы жана бошонгону, аларга кандай болбосун түрлөрдөгү өргүүлөрдүн берилгени жөнүндө күн мурун кабарландыруу.
2. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин кызмат адамдары соттун өкүмүн аткарбаган учурда, пробация органдары ыйгарым укуктуу органдарга аларды Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
57-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага соттолгондордун эмгек акыларынан кармап калуулар өндүрүшүнүн тартиби
1. Кармап калуу эмгек акы (акчалай күтүү) төлөөдө ар бир иштеген ай үчүн соттолгондун негизги иштеген жери боюнча эмгек акынын (акчалай күтүүнүн) бардык түрлөрүнүн бүтүндөй суммасынан жүргүзүлөт.
2. Соттолгондун эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калууларды жүргүзүүдө ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы эмгек акынын (акчалай күтүүнүн) кармалып калган акча каражатынын бөлүгүнүн 50 пайызын аны контролдоону жүзөгө ашыруучу пробация органынын атайын эсебине, мамлекеттин кирешесине которот. Алынган акча каражаттары пробация органын өнүктүрүүгө жиберилет.
3. Кармап калуу социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыз кылуу тартибинде соттолгон тарабынан алынуучу жөлөк пулдардан, бир ирет төлөнүүчү төлөмдөрдөн жүргүзүлбөйт.
4. Пробация органы, соттолгон же ал иштеген ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы анын материалдык абалы начарлаган учурда же ак ниет эмгеги үчүн сыйлоо тартибинде анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калуулардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө сотко өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Кармап калуулардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө соттун чечими соттолгондун бардык кирешелерин эске алуу менен чыгарылат.
5. Соттун өкүмү өзгөргөндө соттолгонго анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) ашыкча кармалган сумма кайтарылып берилет.
6. Жазык иши боюнча өндүрүштүн токтотулушу менен соттун өкүмү жокко чыгарылган учурда соттолгонго анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармалып калган сумма толугу менен кайтарылып берилет.
7. Түзөтүү жумуштарына соттолгондун ар айлык эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калуулардын тууралыгын жана өз убагындагысын жана кармалып калган сумманын мамлекеттин кирешесине которулушун контролдоону жүзөгө ашырууда пробация органдары финансылык жана салык органдарын ишке тартууга укуктуу.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
58-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн соттолгондордун жоопкерчилиги
1. Соттолгон адам түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн пробация органы анын себептерин ачыктагандан кийин, соттолгонго түзөтүү жумуштары Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка кыйла катаал жаза менен алмаштырылышы мүмкүн экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
2. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын бузуулар деп төмөнкүлөр таанылат:
1) каттоого туруу жана катталуу үчүн пробация органына жүйөөлүү себептерсиз өз убагында келбей коюу;
2) эмгек тартибин бузуу;
3) жашаган жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында бербөө;
4) пробация органына иштеген жерин алмаштырганы (бошонгону) жана анын себептери жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландыруу бербөө.
3. Соттолгондун оорусу жана аны өз убагында келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан, документ менен ырасталган башка жагдайлар каттоого туруу жана катталуу үчүн пробация органына анын келбей коюусунун жүйөөлүү себептери болуп саналат.
4. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесинде каралган жазанын башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.
5. Соттолгондун түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качуусу болуп түзөтүү жумуштарын жазанын башка түрүнө алмаштыруу мүмкүн экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүдөн кийин жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын кайталап бузуу таанылат.
6. Соттун өкүмү чыгарылгандан кийин жумушунан ажырап калган жана бир айдын ичинде өз ыктыяры менен жумушка орношпогон адамга пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны 40тан 300 саатка чейинки мөөнөттөгү коомдук иштер түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-глава. Айып түрүндөгү жазаны аткаруу
59-берене. Айып түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Соттолгон өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып, үч айдын ичинде айып төлөөгө милдеттүү.
2. Соттолгон адам үч айдын ичинде айыпты төлөбөгөн учурда, мажбурлап аткаруу органы сотко айып түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесине ылайык эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет же болбосо ыйгарым укуктуу органдарга аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш жиберет.
3. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-берене
60-берене. Жорук жасаганы үчүн дайындалган айып түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-глава. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруу
61-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны пробация органдарынын көзөмөлү астында, жашаган жери боюнча өтөйт.
2. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны өтөө үчүн пробация органдарына соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечикпестен келүүгө милдеттүү.
3. Пробация органы:
1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;
2) соттолгондорго жазаны өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;
3) соттолгондордун сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарышын контролдойт;
4) соттолгондордун жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык жана укуктук ченемдерди сакташы боюнча иш жүргүзөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробация органдарына эркиндигин четтөөгө соттолгон адамдардын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна көмөктөшөт.
62-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтү соттолгонду пробация органына эсепке койгон күндөн тартып эсептелет.
63-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн шарттары
1. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарууга;
2) пробация органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
3) пробация органдары менен макулдашуусуз жашаган, иштеген, окуган жерин алмаштырбоого;
4) пробация органдарынын уруксатысыз администрациялык-аймактык бирдиктин чегинен чыгып кетпөөгө;
41) өлкөнүн чегинен чыгып кетпөөгө;
5) инсандыгын ырастоочу документтери өзүндө болууга;
6) өз жүрүш-турушу жөнүндө жана сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин сакталышы жөнүндө пробация органдарынын алдында отчет берүүгө;
7) каттоо жана алдын алуу маектешүүсүнө катышуу үчүн айына эки жолу, ошондой эле чакыруу боюнча пробация органдарына келүүгө.
2. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөө мезгилинде соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жазасын өтөө жери боюнча административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан жогорку жана атайын орто окуу жайларында окууга;
2) пробация органдарынын макулдугу менен окуу жайы жайгашкан жер боюнча пробация органдарында милдеттүү түрдө каттоого туруу менен административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары жерде жайгашкан жогорку жана атайын орто окуу жайларында окууга;
3) жеке өзгөчө жагдайларга - жакын тууганынын өлүмүнө же анын өмүрүнө коркунуч келтиргидей катуу ооруганына байланыштуу, барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсепке албаганда, он суткадан ашпаган мөөнөткө административдик-аймактык бирдиктин (шаардын, райондун) чегинен тышкары кыска мөөнөткө кетүүгө;
4) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары жерлерде дем алыш жана майрам күндөрүн өткөрүүгө;
5) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары жерге баруу менен эмгек (каникул) өргүүсүн өткөрүүгө.
3. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор ишинен айрылганда (жогорку жана атайын орто окуу жайларынын күндүзгү бөлүмдөрүндө окуган адамдарды кошпогондо) пробация органдары аларды ушул Кодексте белгиленген жазаны өтөө тартиби камсыз кылынган шартта ишканалардагы, уюмдардагы, мекемелердеги эмгекке тартат.
4. Ишке кабыл алуу, иштен бошотуу, башка ишке которуу эрежелерин кошпогондо, эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эмгеги эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
5. Соттолгонду башка ишке которуу жазаны өтөө орду боюнча пробация органдары менен макулдашуу боюнча жана соттолгондун пикирин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн жоопкерчилик
1. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу төмөнкүлөр болуп саналат:
1) соттолгондордун мыйзамдарда белгиленген милдеттерди аткарбаганы;
2) соттолгондун ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы.
2. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын жүйөлүү себептерсиз бузган учурда, пробация органы соттолгонго кайталап бузганда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
3. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же эркиндигин чектөөгө соттолгон адам жазаны өтөөдөн качкан учурда, пробация органы сотко эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-глава. Кошумча жазаларды аткаруу
65-берене. Атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлык ыйгарган ыйгарым укуктуу органга жиберет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө жазууну белгиленген тартипте тиешелүү документтерге киргизет, мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга карата документтерди алып коюуну жүргүзөт, ошондой эле аны тиешелүү наамдары, чендери, дипломатиялык рангдары, мамлекеттик сыйлыктары бар адамдар үчүн каралган укуктардан жана жеңилдиктерден ажыратуу чараларын көрөт.
3. Запастагы аскердик кызматкерге карата өкүмдүн көчүрмөсү аткаруу үчүн ал аскердик эсепте турган жери боюнча аскердик комиссариатка жиберилет.
4. Соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өкүмдүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдын ичинде өкүм чыгарган сотко анын аткарылганы жөнүндө кабарлайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
651-берене. Мүлктү конфискациялоо түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Соттолгондун мүлкүн конфискациялоо же Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык конфискацияланууга жаткан предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу баракчасын жана соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн аткаруу үчүн мажбурлап аткаруу органына жиберет.
2. Мүлктү конфискациялоонун тартиби аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
3. Ушул Кодекстин тиркемесинде белгиленген Тизмекке ылайык соттолгондун мүлкү конфискацияланууга жатпайт.
4. Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жаткан соттолгондун мүлкүнүн таандыктуулугу жөнүндө талаштар жарандык процессуалдык мыйзамдарга ылайык чечилет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
652-берене. Соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн мыйзамда белгиленген негиздер болбогондо, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин чыгарып жиберүү соттолгондун Кыргыз Республикасынын чегинен контролдонуп чыгып кетүүсү аркылуу жүргүзүлөт.
2. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар же мекемелер жазаны өтөгөндөн кийин чыгарып жиберүүгө жаткан адамды жаза мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен миграция, улуттук коопсуздук же ички иштер органдарына алдыда күтүлгөн чыгарып жиберүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарлама жөнөтөт.
3. Соттолгондордун мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн зарыл болгон инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин калыбына келтирүү зарыл болгондо, жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар же мекемелер соттолгон адамдар жарандары (букаралары) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломаттык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардан тиешелүү маалыматты сурашат.
4. Миграция органдары жазаны аткаруучу органдардан же мекемелерден алдыда күтүлгөн соттолгонду чыгарып жиберүү жөнүндө кабарлоону алгандан кийин, чек ара кызматынын органдарына тиешелүү кабарлама жиберет.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү соттолгон адамды чыгаруу пункту катары аныкталган жерге чейин миграция органдарынын жана ички иштер же улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин коштоосу аркылуу ишке ашырылат, мында чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте чыгаруу жүргүзүлөт.
6. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын, чек ара кызматынын соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби эл аралык келишимдер жана мыйзамдар менен аныкталат.
7. Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды соттолгон адам же болбосо аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жак тартат. Чыгымдарды жабуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын каражаттары жок же жетишсиз болгон учурларда, чыгарып жиберүү бюджеттик каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8. Соттолгондорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруу жөнүндө миграция органдары өкүм чыгарган сотко кабарлама жиберет, ошондой эле алар жарандары (букаралары) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдарга кабарлайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА УКУКТУК ТААСИР КӨРСӨТҮҮНҮН МАЖБУРЛОО ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУ
11-глава. Кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу
66-берене. Мүлктү конфискациялоо (алып коюу) жөнүндө соттун өкүмүн аткаруунун тартиби (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
67-берене. Материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруунун тартиби
1. Материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө өкүм чыгарган соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн мажбурлап аткаруу органдарына жиберет.
2. Кылмыш менен келтирилген материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруунун тартиби аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
67-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү тартиби
1. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү жөнүндө талапты камтыган өкүмдү чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин анын көчүрмөсүн коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш жаза-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге аткаруу үчүн жиберет.
2. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
68-берене
68-берене. Кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жазасын өтөгөндөн кийин соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү тартиби (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12-глава. Жаза болуп саналбаган кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу
(Глава КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
IV БӨЛҮМ. БЕЛГИЛҮҮ БИР МӨӨНӨТКӨ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ ЖАНА ӨМҮР БОЮ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ ТҮРҮНДӨГҮ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ
13-глава
Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруунун жалпы жоболору
72-берене. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды өтөөчү жерлер
1. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын Кыргыз Республикасынын аймагындагы түзөтүү мекемелеринде өтөшөт.
2. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор аларды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу, социалдык жактан пайдалуу байланыштарды күтүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана алардын жаңы кылмыштарды жасашынын алдын алуу үчүн зарыл шарттарды эске алуу менен түзөтүү мекемелерине жиберилет.
3. Соттолгонго түзөтүү мекемесинин түрүн аныктоо Кылмыш-жаза кодексинин 67 жана 68-беренелеринин талаптарына ылайык сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөй турган жерди аныктоо жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
Жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын курамы жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөй турган жерди аныктоо боюнча жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечимине даттануу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт, бирок анын аткарылышын токтотпойт. Жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу же өзгөртүү кызматтык иликтөөнүн корутундусунун, прокурордук чара көрүү актысынын же соттун чечиминин негизинде жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
4. Соттолгонго жаза өтөө жерин аныктоо соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши жөнүндө кабарлоо алгандан кийин жети календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
5. Кылмышты жасоого кошо катышкан соттолгондор эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн жаза өтөөчү ар кандай жерлерге жиберилет.
6. Соттолгонду жазасын андан ары өтөөсү үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү экинчи абакка которууга ал ооруган учурда же болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, мекемеде негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусу мүмкүн болбогондо, түзөтүү мекемеси кайра уюштурулганда же жоюлганда, соттолгондун ушул түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна тоскоолдук кылуучу башка жагдайларда жол берилет.
7. Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, эркиндигинен ажыратууга соттолгон чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте, алар жарандары (букаралары) болуп саналган мамлекеттерге жазасын андан ары өтөө үчүн жиберилиши мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
73-берене. Түзөтүү мекемелеринин түрлөрү
1. Түзөтүү абактары, тарбиялоо абактары, түрмөлөр түзөтүү мекемелери болуп саналат.
2. Тергөө изоляторлору чарбалык жактан тейлөө боюнча жумуштар үчүн калтырылган соттолгондорго карата, - соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген жана жазасын өтөө үчүн түзөтүү мекемелерине жиберилүүгө жаткан соттолгондорго; жаза өтөөнүн бир жеринен башкасына которулуп жаткан соттолгондорго; тергөө изоляторунда калтырылган же тергөө изоляторуна ушул Кодекстин 76-беренесинде белгиленген тартипте которулган соттолгондорго карата түзөтүү мекемелеринин функциясын аткарат.
3. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Түзөтүү абактары жалпы, катуу, өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарына бөлүнөт жана жашы жеткендер үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун жазаны өтөөсү үчүн арналган.
Түзөтүү жана тарбиялоо абактарында режимдин ар кандай түрлөрү менен бөлөк кармоочу участоктор түзүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн түзөтүү жана тарбиялоо абактарынын тизмеги жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Укук бузуулардын жасалышынын алдын алуу, соттолгондорду түзөтүү, аларга социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү жаатында изилдөө жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эксперименттүү жаза өтөө режими түзүлүшү мүмкүн.
5. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдар; түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө, айып түрүндөгү жазалары белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдар; түрмөлөрдөн ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте которулган соттолгондор; ушул Кодекстин 139-беренесинде каралган тартипте тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор; пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар жазасын өтөйт.
Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында этиятсыздыктан жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорду; түзөтүү жумуштары, айып түрүндөгү жаза белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдарды; пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдарды кармоо үчүн изолятордук участоктор түзүлөт.
6. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайрадан соттолгондор, рецидивде жана коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте түрмөлөрдөн которулган соттолгондор жазасын өтөйт.
7. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыш жасагандар, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдар жазасын өтөйт.
8. Түрмөлөрдө соттолгондор - жазасын өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар, ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте түзөтүү абактарынан которулгандар жаза өтөйт.
9. Тарбиялоо абактары жалпы жана күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактарына бөлүнөт жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон балдардын жаза өтөөсү үчүн арналат.
10. Жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркек жынысындагы балдар; соттолгон аял жынысындагы балдар; аларга пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган балдар жазасын өтөйт.
11. Күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактарында мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн эркек жынысындагы балдар жазасын өтөйт.
111. Ушул берененин 5-7, 10 жана 11-бөлүктөрүнүн жоболору чет мамлекеттин соту тарабынан эркиндигинен ажыратууга өкүм чыгарылган жана жазасын өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 41-бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан абактын конкреттүү түрү аныкталып, Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемелерине которулган соттолгондорго жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 24-июлундагы № 147, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
74-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жиберүү
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргени тууралуу соттун тескемесин алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын түзөтүү мекемесинин жерин аныктоо жөнүндө чечиминин негизинде жазасын өтөө үчүн түзөтүү мекемелерине жиберилет.
Соттолгон көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төмөнкүлөргө укуктуу: алардын санын, узактыгын чектебестен жана купуялуулукту камсыз кылуу шартында адвокат менен жолугушууга; жубайы же жакын туугандары менен кыска мөөнөттүү жолугушууга; он беш мүнөткө чейинки узактыкта телефон менен сүйлөшүүгө, ал анын өздүк каражатынан же болбосо башка адамдардын каражатынан төлөнөт; чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлери менен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары (букаралар), - алардын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардын кызматкерлери менен жолугушууга.
2. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы үч жумушчу күндүн ичинде анын жазаны андан ары өтөө орду жөнүндө жубайына же туугандарынын бирине же башка адамга (соттолгондун тандоосу боюнча) жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
75-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду которуу
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазаны өтөө жерине жиберилет жана күзөттүк кайтаруу алдында которулат.
2. Соттолгондорду которуу өзүнчө кармоо эрежелерин сактоо менен төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: аялдар эркектерден бөлөк; балдар - эрезеге жеткендерден бөлөк; өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор, - башка категориядагы соттолгондордон бөлөк; кылмышты чогуу жасаган соттолгондор, - бири-биринен бөлөк; кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар же жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялардан дарылануунун толук курсун өтпөгөндөр, психикалык жактан оорулуулар - бири-биринен бөлөк жана ден соолугу таза соттолгондордон өзүнчө, зарыл болгондо, врачтын корутундусу боюнча, - медициналык кызматкерлердин коштоосунда жиберилет.
3. Которууда соттолгондор зарыл материалдык-тиричиликтик жана санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыз кылынат.
4. Которууда соттолгондор жиберүүчү орган тарабынан мезгилге жараша кийим-кече, бут кийим, ошондой эле бүтүндөй тергөө мезгилине соттолгондор үчүн белгиленген ченем боюнча тамак-аш менен камсыз кылынат.
5. Соттолгондорду которуу мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
6. Соттолгондорду которууда ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан купуялуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
7. Соттолгондорду которуунун тартиби ушул Кодекске ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8. Соттолгонду жаза өтөө жерине жиберүүдө же жаза өтөп жаткан бир жерден экинчи жерге которууда анын өздүк эсеп-кысабында болгон акча ал которулган түзөтүү мекемесине которулат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
76-берене. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтыруу, соттолгондорду түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү
1. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, жазасын өтөө үчүн жалпы режимдеги түзөтүү абагына жөнөтүлүүгө жаткан адамдар алардын макулдугу менен, чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылышы мүмкүн.
2. Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, жазаны өтөө үчүн жалпы режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө жаткан адамдар алардын макулдугу менен, чарбалык тейлөө жумуштарын аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилиши мүмкүн.
3. Соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтыруу тергөө изоляторунун начальнигинин токтому менен жүргүзүлөт.
4. Соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
5. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылууга, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө төмөнкү соттолгондор жатпайт:
1) террорчулук мүнөзүндөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн;
2) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн;
21) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн;
3) балдарга карата оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн;
4) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынан, мажбурлап дарылоонун курсунан өтпөгөндөр, ошондой эле жабык типтеги медициналык мекемелерде атайын дарылоону талап кылуучулар.
6. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылган, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилген соттолгондор жалпы режимдеги түзөтүү абактары үчүн ушул Кодексте каралган шарттарда башка адамдардан бөлөк кармалат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
77-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду тергөө иш-аракеттерине жана соттук териштирүүлөргө катышууга тартуу
1. Тергөө иш-аракеттерине күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор прокурордун макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде (мындан ары - Кылмыш-жаза процессуалдык кодекс) каралган мөөнөткө тергөөчүнүн жүйөлөнгөн токтомунун негизинде тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.
2. Соттук териштирүүгө күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор соттун токтому менен тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо ишти сотто кароо мезгилинде түзөтүү мекемесинен тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.
3. Эркиндигинен ажыратууга соттолгонду башка иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууда, ага карата камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалса, аны тергөө изоляторунда кармоонун мөөнөтү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык аныкталат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда, соттолгондор Тергөө изоляторлорунун ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте жана алардын түзөтүү мекемесинде жаза өтөөнүн шартында тергөө изоляторунда кармалат.
5. Соттолгондун, тергөө изоляторунда калтырылгандын же которулгандын жана күбө же болбосо жабырлануучу катары тартылгандын, узакка созулган жолугушуу укугу кыска мөөнөттүү жолугушуу же телефон менен сүйлөшүү укугу менен алмаштырылат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
78-берене. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу
1. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте администрация тарабынан жүргүзүлөт. Мында төмөнкүлөр белгиленет:
1) соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматтар жана аны мекемеге жиберүүнүн негиздери;
2) мекеме тарабынан жооптуу сактоого кабыл алынган, соттолгонго таандык мүлктүн тизмеси;
3) соттолгондун дене бой же психикалык жактан абалына тиешеси бар кандай болбосун дене жаракаттары жана анын ден соолугу жөнүндө маалыматтар;
4) соттолгондун даттануулары.
2. Түзөтүү мекемесине келген соттолгондор бештен он суткага чейинки мөөнөткө төмөнкү максатта карантин бөлүмүнө жайгаштырылат:
1) жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктоо үчүн мааниге ээ болгон соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматты мекеменин администрациясы тарабынан текшерүү;
2) соттолгондорду жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары менен тааныштыруу;
3) соттолгондордун арасында жугуштуу ооруларды аныктоо жана алардын жайылышынын алдын алуу.
3. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгон келгенден кийин өкүм чыгарган сотко кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте аны аткарууга келтирилгени жөнүндө кабарлайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
79-берене. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринде өзүнчө кармоо
1. Түзөтүү мекемелеринде аялдар менен эркектерди, балдар менен эрезеге жеткендерди өзүнчө кармоо белгиленет.
2. Биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркектер жана аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны мурда өтөп жаткандардан өзүнчө кармалат.
3. Башка соттолгондордон төмөнкүлөр бөлөк кармалат:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана аларга өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар;
2) соттолгондор - соттордун жана укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери;
3) соттолгондор - социалдык реабилитациялоо, көнүктүрүү программаларынын катышуучулары;
4) ушул Кодекстин 124-беренесинин 7-бөлүгүнө, 126-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор;
5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде соттолгондор.
4. Ушул беренеде белгиленген соттолгондорду өзүнчө кармоонун талаптары ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, дарылоо түзөтүү мекемелерине, ошондой эле алдында балдар үйү бар түзөтүү абактарына жайылтылбайт. Көрсөтүлгөн мекемелерге жиберилген адамдар сот тарабынан аныкталган түрдөгү түзөтүү мекемеси үчүн ушул Кодексте белгиленген шарттарда кармалат.
5. Ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан соттолгондор бири-биринен өзүнчө жана оорубаган соттолгондордон бөлөк кармалат. Кургак учукка каршы ооруканаларда соттолгонду өзүнчө кармоо медициналык көрсөтмөлөр менен аныкталат. Ушул талаптар ВИЧ/СПИД менен жашагандарды өзүнчө кармоо бөлүгүнө жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
80-берене. Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү
1. Жүрүш-турушуна, эмгекке болгон мамилесине, реабилитациялык программаларга катышуусуна жараша соттолгондордун түзөтүү мекемесинин түрү өзгөртүлүшү мүмкүн.
2. Оң мүнөздөлгөн соттолгондор алардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде андан ары жазасын өтөө үчүн төмөнкүдөй которулушу мүмкүн:
1) түрмөдөн түзөтүү абагына - соттолгон түрмөдө кармоо үчүн аныкталган мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөнү боюнча;
2) өзгөчө режимдеги түзөтүү абагынан катуу режимдеги түзөтүү абагына - аларга өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор, - жаза мөөнөтүнүн он беш жылдан кем эмесин өтөгөнү боюнча;
3) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Соттолгондор - жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузгандар төмөнкүлөргө которулат:
1) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) жалпы жана катуу режимдеги түзөтүү абактарынан түрмөгө бир жылдык мөөнөткө, ал эми жаза мөөнөтүнүн өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан кем болгондо - жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүнө.
5. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү иши жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечиминин негизинде соттун чечими менен жүргүзүлөт.
Сот түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүдөн баш тарткан учурда, арыз түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып үч ай өткөндөн эрте эмес мөөнөттө кайра жиберилиши мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-глава. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жана аны камсыз кылуу каражаттары
81-берене. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жана анын негизги талаптары
1. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими - бул жаза аткаруу мыйзамдарында жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда белгиленген соттолгондорду коргоону жана бөлөк кармоону камсыз кылуучу жазаны аткаруунун жана өтөөнүн тартиби; аларга дайыма көзөмөл жүргүзүү; аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу; алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу; соттолгондордун жана кызматкерлердин коопсуздугу; соттолгондордун белгилүү бир категорияларын өзүнчө кармоо; түзөтүү мекемесинин түрүнө жараша кармоонун ар кандай шарттары; соттолгондун жүрүш-турушуна жараша жаза өтөөнүн шарттарын өзгөртүү.
2. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жазаны аткаруу максаттарына жетүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзөт.
21. Соттолгондорго социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү үчүн изилдөө жүргүзүү максатында жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эксперименттүү жаза өтөө режими түзүлүшү мүмкүн.
3. Түзөтүү мекемелеринде Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери колдонулат. Түзөтүү мекемесинин администрациясы Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелерине ылайык күн тартибин белгилейт.
Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
4. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондор белгиленген формадагы кийимди кийишет, анын үлгүсү Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери менен аныкталат.
5. Соттолгондорго уруксат берилүүчү буюмдардын жана предметтердин тизмеги жана саны Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери менен белгиленет.
6. Соттолгондорго акчаларды, баалуу кагаздарды жана Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде каралбаган башка предметтерди сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Алар табылган учурда алар түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан алып коюлат.
7. Соттолгондор тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте сатылып алынган акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка предметтерди сактоо түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан камсыз кылынат.
8. Түзөтүү мекемесине чектеш аймактын чегарасы жана аны пайдалануу режими анын администрациясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан белгиленет. Түзөтүү мекемесине чектеш аймактын чегарасын аныктоонун тартиби жер мыйзамдарында белгиленет.
9. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режимин жана укуктук тартипти сактоо жаза аткаруу системасынын кызматкерлери жана алардын карамагында турган күчтөр жана каражаттар тарабынан камсыз кылынат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
82-берене. Карап чыгууларды жана тинтүүлөрдү жүргүзүү
1. Соттолгондор, алардын буюмдары, ошондой эле алар жашаган жайлар жекече карап чыгууга жана тинтүүгө дуушар болот. Жекече карап чыгуу соттолгондор менен бир жыныстагы адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгондор турак жайларда болгондо аларды карап чыгууга кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда жол берилет.
2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр мекемеге келген адамдарды, алардын буюмдарын, түзөтүү мекемесинин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактардагы транспорт каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тыюу салынган буюмдарды, предметтерди, документтерди, тамак-аш азыктарын алып коюуга укуктуу.
3. Карап чыгууларды жана тинтүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.
4. Соттолгондордон табылган мыйзамсыз сакталып турган акчалар, баалуу кагаздар жана башка баалуулуктар алып коюлат жана түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан, Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде каралган тартипте, соттолгондорду күтүүнүн шарттарын жакшыртууга пайдаланылат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
83-берене. Күзөттүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун инженердик-техникалык каражаттары
1. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр качуулардын жана башка укук бузуулардын, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу, соттолгондордун жүрүм-туруму жөнүндө зарыл маалымат алуу үчүн аудиовизуалдык (видео байкоо жүргүзүү системасын), электрондук жана башка инженердик-техникалык каражаттарды пайдаланат.
2. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы коргоо иш-милдетин аткарган, соттолгондун өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу күзөттүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун инженердик-техникалык каражаттарынын колдонулушу жөнүндө кол койдуруу менен соттолгондорго билдирүүгө милдеттүү.
3. Күзөттүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун техникалык каражаттарынын тизмеги жана аларды пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Түзөтүү мекемелеринин аймагында уюлдук байланыштын радио сигналдарын жайылтууга тыюу салынат. Бул максаттарда уюлдук байланыш операторлору жана түйүндөрдүн ээлери өздөрүнүн менчик байланыш түйүндөрүн оптималдаштырууну же мекемелердин аймагында атайын техникалык жабдыктарды орнотууну жүзөгө ашырат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
84-берене. Түзөтүү мекемелериндеги ыкчам-издөө иши
1. Түзөтүү мекемелеринде ыкчам-издөө иши жүзөгө ашырылат, анын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жазаларды аткаруунун тартибин жана шарттарын, соттолгондордун, түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
2) түзөтүү мекемелерде даярдалып жаткан кылмыштардын жана жасалуучу укук бузуулардын жана жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу, табуу жана бетин ачуу;
3) укук коргоо органдарына түзөтүү мекемелеринен качып кеткен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн качкан адамдарды издөөдө көмөктөшүү;
4) укук коргоо органдарына кылмыштарды табууда жана бетин ачууда көмөктөшүү.
2. Түзөтүү мекемелеринде ыкчам-издөө иши мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
85-берене. Түзөтүү мекемелериндеги өзгөчө шарттар режими
1. Табигый кырсыкта, эпидемиялар (пандемиялар), эпизоотиялар болгондо, түзөтүү мекемеси жайгашкан райондо өзгөчө же аскердик абал киргизилгенде, массалык тартипсиздиктерде, ошондой эле соттолгондор тобу баш ийбегенде түзөтүү мекемесинде өзгөчө шарттар режими киргизилиши мүмкүн.
2. Өзгөчө шарттар режими Башкы прокурор менен макулдашылган жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисинин чечими боюнча отуз суткага чейинки мөөнөткө киргизилет.
Соттолгондордун массалык тартипсиздиктери болгон жана тобу менен баш ийбеген учурда өзгөчө шарттар режимин киргизүү жөнүндө чечим кошумча ички иштер министри менен макулдашылат. Өзгөчө шарттар режимин киргизүү көрсөтүлгөн мөөнөттө максатына жетпеген учурда, өзгөчө шарттар режимин колдонуу убактысы көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан кошумча отуз суткага узартылышы мүмкүн.
3. Соттолгондордун, кызматкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына тикелей коркунуч келип чыккан учурда, түзөтүү мекемесинин начальниги ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чараларды жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисине токтоосуз кабарландыруу менен өз алдынча киргизе алат.
Бул учурда жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси кабарландырууну алган учурдан тартып бир сутканын ичинде өзгөчө шарттар режимин киргизүү же киргизилген чараларды жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Түзөтүү мекемесинде өзгөчө шарттар режими колдонулган мезгилде соттолгондордун ушул Кодекстин 15-главасында каралган айрым укуктарын жүзөгө ашыруу токтотула турушу, күзөттүн жана көзөмөлдөөнүн күчөтүлгөн варианты, объекттерге киргизүүнүн өзгөчө тартиби киргизилиши, күн тартиби өзгөртүлүшү, өндүрүштүк, коммуналдык турмуш-тиричиликтик, маданий-агартуучулук, медициналык-санитардык жана башка кызматтардын иши чектелиши мүмкүн.
5. Түзөтүү мекемелеринде массалык тартипсиздиктерге жана топтошкон баш ийбегендиктерге бөгөт коюу боюнча иш-чараларга жалпы жетекчилик башка укук коргоо органдарынын күчүн жана каражаттарын тартуу менен ички иштер министрине жүктөлөт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
86-берене. Коопсуздук чаралары жана аларды колдонуунун негиздери
1. Соттолгондор тарабынан түзөтүү мекемелеринин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына каршылык, кыянаттык менен баш ийбөө көрсөтүлгөндө, алар массалык башаламандыктарга, адамдарды барымтага алууга катышканда, жарандарга кол салганда жана башка коомдук коркунучтуу аракеттерди жасаганда, түзөтүү мекемелеринен качканда же аларды кармоодо көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу, айланасындагыларга же өздөрүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр тарабынан кара күч, атайын каражаттар жана курал колдонулат.
2. Коопсуздук чараларын колдонуунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-глава. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөөнүн шарттары
87-берене. Соттолгондордун жаза өтөө шарттары
1. Соттолгондор бир түзөтүү абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки, катуу жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.
2. Бир түрмөнүн чегинде жаза өтөөнүн бирдиктүү шарттары белгиленет.
3. Соттолгондор бир тарбия абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.
4. Соттолгондорду ушул Кодекстин 124, 126, 129, 130, 132-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир шарттан башкасына которуу түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
5. Бир түзөтүү мекемесинен ушундай эле түрдөгү башка түзөтүү мекемесине которулган соттолгондор аларга которууга чейин аныкталган ошол эле шарттарда жазасын өтөшөт.
6. Түзөтүү абагында жаза өтөөнүн катуу шартына, тарбия абагында жаза өтөөнүн кадимки шарттарына которуу менен макул болбогон учурда, соттолгон түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечимине жаза аткаруу системасынын жогору турган органына даттанууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
88-берене. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алуусу
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жаза өтөө мезгилинде иштеп тапкан акча каражаттарынын, алар алуучу пенсиялардын жана социалдык жөлөк пулдардын эсебинен, ал эми соттолгон балдар - өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы акча каражаттарын накталай эмес эсептешүү боюнча тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып ала алат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чыгымдоого уруксат берилген акчанын жалпы суммасы ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 132-беренелеринде белгиленет.
3. Акчанын уруксат берилген суммасы учурдагы айда чыгымдалбай калган учурда, соттолгондор чыгымдалбай калган суммага кийинки айларда тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып апа алат.
4. Соттолгон кош бойлуу аялдар, соттолгон балдары бар аялдар, I же II топтогу майыптар, ошондой эле дарылоо түзөтүү мекемелеринде болгон соттолгондор өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы каражаттарына тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып апа алат.
5. Соттолгондор тарабынан сатып алууга тыюу салынган буюмдардын жана тамак-аш азыктарынын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
89-берене. Соттолгондордун жолугушуулары
1. Түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондорго төмөнкүдөй жолугушуулар берилет: кыска мөөнөттүү - узактыгы төрт саатка чейин, түзөтүү мекемесинин аймагында узак мөөнөттүү - узактыгы үч суткага чейин. Соттолгондун же жолугушууга келген адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жолугушуу кыскартылышы мүмкүн.
2. Соттолгондорго жубайы, туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар киргизилген аманаттарды алуу укугу менен түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусунда берилет. Башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуу берүү жөнүндө чечим соттолгон адамдын жүрүш-турушуна алардын оң таасир этери жөнүндө маалыматтар болгондо, түзөтүү мекемесинин начальниги кабыл алат.
3. Соттолгондорго жубайы жана жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер), ошондой эле соттолгон менен никеде турбаган, бирок ортолорунда балдары бар адамдар менен узак мөөнөттүү жолугушуулар, берип жиберүүлөрдү алуу укугу менен берилет.
4. Кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган соттолгондорго жубайы жана жашы жеткен жакын туугандары, ошондой эле соттолгон менен никеде турбаган, бирок ортолорунда балдары бар адамдар менен гана узак мөөнөттүү жолугушуулар, аларды жеке коргонуунун зарыл каражаттары менен камсыз кылуу менен, түзөтүү мекемесинин медициналык кызматкеринин уруксаты боюнча берилет.
5. Соттолгондор менен жолугушууга келген адамдардын узак мөөнөтүү жолугушуулар бөлмөсүндө жашап туруусуна соттолгондун же жолугушууга келген адамдардын каражаттарынын эсебинен Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акы төлөнөт.
6. Соттолгондорго өздөрүнүн өтүнүчү боюнча узак мөөнөттүү жолугушууну кыска мөөнөттүү жолугушууга, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушууну телефон менен сүйлөшүүгө алмаштырууга уруксат берилет.
7. Жолугушууларды берүүнүн кезектүүлүгүн аныктоонун, жолугушуунун бир түрүн башкасына алмаштыруунун, узак мөөнөтүү жолугушуулар бөлмөсүндө жашап туруусу үчүн акы төлөөнүн тартиби, ошондой эле жолугушуунун ордуна телефон менен сүйлөшүү берүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
8. Түзөтүү мекемелеринде кармалган, ошондой эле чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө калтырылган соттолгондорго жазасын өтөө мезгилинде никеге турган күнү узактыгы үч суткага чейин узак мөөнөттүү жолугушуу берилет, ал оң мүнөздөлгөн жолугушуулардын эсебине кирбейт.
9. Соттолгондорго юридикалык жардам алуу үчүн, анын ичинде медиация маселелери боюнча, алардын арызы боюнча тапшыруу ордери же юридикалык жардам көрсөтүүгө укук берүүчү башка документи бар адвокаттар, медиаторлор же ушундай жардам көрсөтүүгө укуктуу башка адамдар менен жолугушуу берилет. Алар менен жолугушуу алардын санын жана узактыгын чектөөсүз, купуялуулуктун шарттарында, бирок түзөтүү мекемесинин жумуш убактысынын ичинде берилет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
90-берене. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу
1. Түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга уруксат берилет.
Түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан, тартиптик жазасы бар соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган тартипте чектелет.
2. Бир аманат жиберүүнүн же бандеролдун максималдуу салмагы почта эрежелеринде, бир жолу берип жиберүүнүн максималдуу салмагы - Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.
3. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Соттолгондор тарабынан медициналык корутундуга ылайык алынуучу дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталуучу аманат жиберүүлөрдүн жана берип жиберүүлөрдүн жана бандеролдун санына кирбейт. Алар көрсөтүлгөн соттолгондорду дарылоо үчүн түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнө жиберилет.
5. Аманат жиберүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор карап чыгууга дуушар болот.
6. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду алуусунун жана аларды карап чыгуунун тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.
7. Администрациянын уруксаты менен соттолгондор аманат жиберүүлөрдү жана бандеролдорду жибере алышат.
8. Аманат жиберүүлөрдө, берип жиберүүлөрдө, бандеролдордо соттолгондордун алуусуна тыюу салынган тамак-аш азыктарынын, күндөлүк керектелүүчү буюмдардын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
91-берене. Соттолгондордун кат алышуусу, акчалай которууларды жиберүүсү жана алуусу
1. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралгандан учурларды кошпогондо, соттолгондор өзүнүн эсебинен каттарды жана телеграммаларды, алардын санына чек койбостон алууга жана жиберүүгө укуктуу.
2. Соттолгондор тарабынан жиберилүүчү жана алынуучу кат-кабарлар, ушул Кодекстин 25-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо цензурага дуушар болот.
3. Соттолгондор акча каражаттарын жеке эсебине чегерүү менен, акчалай которууларды алууга, ошондой эле жакын туугандарына, ал эми администрациянын уруксаты менен - башка адамдарга акчалай которууларды жиберүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
92-берене. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүүлөрү
1. Соттолгондорго ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 131, 132-беренелеринде аныкталган санда, ар бири узактыгы он беш мүнөткө чейинки телефондук сүйлөшүүлөргө укук берилет. Телефондук сүйлөшүүлөргө соттолгондордун жеке эсептеринде болгон каражаттардан же жубайынын, жакын туугандарынын каражаттарынан акы төлөнөт.
2. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүү укугун ишке ашыруу үчүн түзөтүү мекемесинин администрациясы колдо бар телекоммуникациялардын каражаттарын пайдаланат. Техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогондо, телефондук сүйлөшүү кыска мөөнөттүү жолугушуу менен алмаштырылышы мүмкүн.
3. Соттолгондорго телефондук сүйлөшүүгө төмөнкү учурларда кошумча уруксат берилиши мүмкүн:
1) түзөтүү мекемесине келгенде;
2) жеке, үй-бүлөлүк, маанилүү окуяларда жана жагдайларда;
3) бошотулгандан кийин турмуш-тиричилик жана эмгекке орношуу маселелерин чечүүдө.
4. Түзөтүү мекемелеринде кармалып жаткан соттолгондордун ортосунда телефондук сүйлөшүүлөргө тыюу салынат.
5. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүүлөрү түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан контролдонот.
93-берене. Соттолгондордун сейилдөөсү
1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп жаткан жана жеке камераларда, камераларда, камералык типтеги жайларда, айыптык жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондор сейилдөөгө укуктуу, анын узактыгы ушул Кодекстин 121, 125, 127, 129, 130, 132-беренелеринде белгиленет.
2. Соттолгондордун сейилдөөсү камералар боюнча күндүзгү убакытта түзөтүү мекемесинин аймагынын атайын жабдылган бөлүгүндө жүргүзүлөт. Соттолгондор белгиленген эрежелерди бузган учурда сейилдөө мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
94-берене. Соттолгондордун адабияттарды жана жазуу каражаттарын сатып алуусу жана сактоосу
1. Соттолгондорго бандеролдордо, аманат жиберүүлөрдө жана берип жиберүүлөрдө жазуу куралдарын алууга, соода тармагы аркылуу адабияттарды сатып алууга, ошондой эле өздөрүнүн жеке эсептериндеги каражаттарынын эсебинен газеталарга жана журналдарга жазылууга чектөөсүз уруксат берилет.
2. Соттолгондорго согушту, терроризмди жана экстремизмди, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, криминалдык идеологияны, зомбулукту же катаалдыкты пропагандалаган басылмаларды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдү, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү басылмаларды алууга, сатып алууга, жазылууга, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат.
3. Соода тармагы аркылуу сатып алынган адабий китептери бар бандеролдор соттолгон алууга укуктуу аманат жиберүүлөрдүн жана бандеролдордун санына киргизилбейт.
95-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун теле берүүлөрдү, видеолорду көрүүсү, радио берүүлөрдү угуусу
1. Айыптык изоляторлорго, камералык типтеги жайларга, жеке камераларга, убактылуу бөлөк кармоо жайларына которулгандардан тышкары, соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан тышкары, жумуштан жана иш-чаралардын күн тартиби боюнча башка милдеттүү убакыттан бош сааттарда телеберүүлөрдү жана видеолорду көрүүгө уруксат берилет.
2. Соттолгондор жана соттолгондордун тобу өз каражаттарынын эсебинен соода тармагы аркылуу теле, - видео-, радио-, аудио аппаратураларын сатып же болбосо аларды жубайынан, туугандарынан жана башка адамдардан ала алышат.
3. Соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан тышкары жумуштан бош сааттарда радио берүүлөрдү угууга уруксат берилет.
4. Соттолгондорго согушту, терроризмди жана экстремизмди, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, зомбулукту же катаалдыкты пропагандалаган видео-, аудио продукцияларды, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү продукцияларды көрүүгө жана угууга тыюу салынат.
96-берене. Соттолгондордун кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүлөрүнүн шарттары жана тартиби
1. Өзгөчө учурларда түзөтүү абактарында оң мүнөздөлгөн соттолгондорго жазасынын кеминде үчтөн бирин өтөгөндөн кийин, эгерде бул аткарылган иштин мүнөзүнө жараша зарыл болсо, түзөтүү абагынын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз жүрүүгө уруксат берилет.
2. Кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө төмөнкү соттолгондорго тыюу салынат:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;
2) террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн;
3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыштарды жасагандыгы үчүн;
4) уюшкан криминалдык топтордун эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон мүчөлөрүнө;
5) оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн;
6) жазасын өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасаганы үчүн;
7) кармоонун катаал шарттарында тургандарга;
8) аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, жугуштуу түрдөгү кургак учуктан, жыныстык дарттан дарылануунун толук курсун өтпөгөндөргө; ВИЧ/СПИД менен жашагандарга;
9) кем акыл, психикалык жактан оорулуу деп таанылгандарга;
10) аталган түзөтүү мекемесинде алты айдан аз болгондорго;
11) алынбаган же жоюлбаган жазалары барларга;
12) кайтаруусуз жана коштоосуз жүрүү укугун колдонуп келген, бирок кетирген тартип бузууларга байланыштуу андан ажырагандарга;
13) туруктуу жашаган жери жокторго;
14) чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга;
15) качууга ык алган, ошондой эле мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качкандарга.
3. Кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу соттолгонго түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому менен берилет.
4. Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугунан пайдаланган соттолгондор түзөтүү мекемесинин аймагындагы өзүнчө турак жайларда жайгаштырылууга тийиш. Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугунан пайдаланган соттолгондорго абактан тышкары жерде жашоого тыюу салынат.
5. Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу белгилүү бир аймактын чегинде же белгиленген маршрут боюнча жумуштарды аткаруу мезгилине гана жайылтылат.
6. Кайтарылуучу аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилген соттолгондордун жүрүш-турушу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде жөнгө салынат.
7. Соттолгон жүрүш-туруш эрежелерин бузган учурда же болбосо жумуштардын мүнөзү өзгөргөндө кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү түзөтүү мекемесинин начальнигинин токтому менен жокко чыгарылат.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
97-берене. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгуусу
1. Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жана тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондорго, ошондой эле чарбалык тейлөө жумуштары үчүн тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө белгиленген тартипте калтырылгандарга өзгөчө жеке жагдайларга: жубайы, жакын тууганы каза болгонуна же оорунун оор формасына; соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык залал келтирген табигый кырсыкка байланыштуу барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебегенде, жети суткадан ашык эмес мөөнөткө түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.
11. Балдары бар, жалгыз ата-эне болуп саналган, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөп жаткан соттолгондорго баласы менен жолугушуу үчүн барып келүүгө зарыл болгон убакытты санабаганда, баласынын жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жети суткадан ашык эмес мөөнөткө түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.
Жеңилдетилген жаза өтөө шарттарындагы жогоруда аталган соттолгондорго жылына эки жолу, ал эми кадимки жаза өтөө шарттарындагы соттолгондорго жылына бир жолу чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.
2. Түзөтүү абактарынын балдар үйүндө баласы бар соттолгон аялдарга баласын туугандарына же болбосо балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебегенде, жети суткадан ашык эмес мөөнөткө, ал эми түзөтүү абагынан тышкары майып балдары бар аялдарга, - алар менен жолугушуу үчүн жылына эки жолу ошол эле мөөнөткө чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 1-1-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча чыгуулар төмөнкү соттолгондорго берилбейт:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;
2) террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамындагы кылмыштар үчүн;
3) эркиндигинен ажыратуу жайларына соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрүнө;
4) оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн;
5) жаза өтөөнүн мезгилинде жасалган атайын кылмыштар үчүн;
6) балдардын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине, руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштарды жасаганы үчүн;
7) кармоонун катуу шарттарында тургандарга;
8) аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, жугуштуу түрдөгү кургак учуктан, жыныстык дарттан милдеттүү дарылануунун курсунан өтпөгөндөргө;
9) жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузгандарга;
10) санитардык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларда;
11) качууга ык алган, мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны жана коомдон окчун кармоо менен байланышпаган жазаларды өтөөдөн качкандарга.
4. Психикалык жактан оорулуу, кем акыл деп таанылгандарга, I же II топтогу майып болуп саналышкан жана ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон соттолгондорго, ошондой эле балдарга жубайынын, жакын тууганынын коштоосунда чыгууга болот.
5. Соттолгондун өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөттүү чыгуу жөнүндө арызы суткалык мөөнөттөн кечиктирбестен каралууга тийиш. Соттолгондун арызына документтер, анын ичинде жакын тууганы каза болгонунун же анын өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорунун, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө же жакын туугандарына олуттуу материалдык залал келтирген табигый кырсыктын фактысын ырастаган ички иштер органдарынын документтери аны берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп тиркелет.
6. Чыгууга уруксат жасалган кылмыштын классификациясын, өтөлгөн мөөнөтүн, соттолгондун инсандыгын жана жүрүш-турушун эске алуу менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу прокурорго кабарландыруу менен берилет.
7. Соттолгондун түзөтүү мекемесинен тышкары болгон убактысы жаза өтөөнүн мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.
8. Соттолгондун түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары чыгышына кеткен чыгымдар соттолгондун жеке эсебиндеги каражаттардын эсебинен, болбосо башка адамдар тарабынан төлөнөт. Соттолгон түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары кыска мөөнөттүү чыгууда болгон мезгилде ага иштеп тапкан акысы чегерилбейт.
9. Соттолгондун белгиленген мөөнөттө кайра келишин кыйындаткан, алдын ала билүүгө болбой турган жагдайлар келип чыккан учурда, соттолгондун келген жери боюнча ички иштер органынын начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча абактын администрациясына кабыл алынган чечим жөнүндө милдеттүү түрдө шашылыш кабарландыруу менен анын түзөтүү мекемесине кайра келишинин мөөнөтү беш суткага чейин узартылышы мүмкүн.
10. Соттолгондорго түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууларга уруксат берүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.
11. Түзөтүү мекемесине белгиленген мөөнөттө кайра келүүдөн качканда, соттолгонду жазасын өтөөчү жерге кайтаруу астында жиберүү жөнүндө же жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн анын келген жери боюнча ички иштер органы тарабынан кармалууга жатат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
98-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, иштеген адамдар милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга жатат, ал эми соттолгон аялдар ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте кош бойлуулугуна жана төрөгөнүнө байланыштуу жөлөк пул менен камсыз кылынат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар соттолгон аялдарга Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, алар эмгек милдеттерин аткарганына жана башка жагдайларга карабастан төлөнүп берилет.
2. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор курагы, майыптыгы, багуучусунан ажыраган учурлар боюнча жалпы негиздерде мамлекеттик пенсия менен камсыз кылынууга жана мыйзамдарда каралган башка учурларда, анын ичинде жазасын өтөп жаткан убакта эмгекке жөндөмдүүлүгү жоголгон учурларда социалдык жөлөк пулга укугу бар.
3. Соттолгондорго пенсияларды төлөө түзөтүү мекемеси турган жер боюнча, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан соттолгондордун жеке эсебине пенсияларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Эркиндигинен ажыратууну өтөө мезгилинде эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон соттолгондор эмгек мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте залалдын ордун толтуртууга укугу бар.
5. Соттолгондордун пенсияларынан кармап калуулар жүргүзүлөт. Пенсиялардан кармап калуулардын негиздери, түрлөрү жана тартиби, ошондой эле бардык кармап калууларга карабастан соттолгондун жеке эсебине которулуучу пенсиялардын эң аз пайызы ушул Кодекстин 107-беренеси менен белгиленет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
99-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду материалдык турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу
1. Түзөтүү абактарында турак жай аянтынын ченеми бир соттолгонго эсептегенде эки чарчы метрден; катуу шарттарда жана түрмөлөрдө кармалган соттолгондор үчүн камераларда жана түрмөлөрдө - эки жарым чарчы метрден; аялдарды кармоо үчүн арналган абактарда жана дарылоо түзөтүү мекемелеринде - үч чарчы метрден; тарбиялоо абактарында - үч жарым чарчы метрден кем болушу мүмкүн эмес.
2. Соттолгондордун туруктуу жашап турушу үчүн арналган жалпы турак жайлардагы, бөлмөлөрдөгү жана камералардагы иш жүзүндөгү турак жай аянттарына жараша ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген ченемдерге ылайык жазаны өтөө орундарынын чеги аныкталат.
Жазаны өтөө жерлеринин чеги ар бир мекеме үчүн жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы тарабынан белгиленет жана соттолгондордун туруктуу жашап туруу үчүн арналган жаңы турак жай аянттарын эксплуатацияга берүүдө жана учурдагыларын реконструкциялоодо өзгөрөт.
3. Соттолгондорго өзүнчө жата турган орун жана төшөнчү берилет.
Майып болуп саналган соттолгондор кармалган жайлар атайын техникалык каражаттар жана ыңгайлуулуктар менен жабдылат.
4. Соттолгондор жынысын жана климаттык шарттарды эске алуу менен, мамлекеттин эсебинен мезгилге жараша кийим-кече, ич кийим жана бут кийим менен сезон боюнча камсыз кылынат.
5. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор мамлекеттин эсебинен тамак-аш менен камсыз кылынат.
6. Соттолгондорду тамак-аш, материалдык турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуунун жана буюмдар менен камсыздоонун ченемдери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Соттолгондорду эмгекке тартуучу ишканалардын каражаттарынын эсебинен аларга белгиленген ченемдерден тышкары кошумча тамак-аш берилиши мүмкүн.
7. Соттолгон кош бойлуу аялдарга, бала эмизген энелерге, балдарга, ошондой эле оорулуулар жана I же II топтогу майыптарга жакшыртылган турак жай турмуш-тиричиликтик шарттар түзүлөт, тамак-аштын жогорулатылган ченеми белгиленет.
8. Тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого уруксат берилген акчалардын белгиленген суммасынан ашыгын, соттолгондор жеке эсептеринде болгон каражаттардан түзөтүү мекемелеринде пайдаланууга уруксат берилген бут кийимди жана кийимди, анын ичинде спорттук кийимди кошумча сатып алууга, Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган кошумча дарылоо-алдын алуу жана башка алардын каалоосу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга акы төлөөгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
100-берене. Кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана баласы бар аялдарды материалдык турмуш-тиричиликтик жактан камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгон аялдар үчүн зарыл учурда балдар үйлөрү уюштурулат. Балдар үйлөрүндө балдардын жакшы өсүшү үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат. Соттолгон аялдар балдар үйлөрүнө өздөрүнүн үч жашка чейинки курактагы балдарын жайгаштырышы, алар менен жумуштан бош убагында чектөөсүз чогуу болушу мүмкүн. Аларга баласы менен чогуу жашоого уруксат берилиши мүмкүн.
2. Соттолгон аялдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен балдар жубайына, туугандарына же көзөмөлдүк жана камкордук органдарынын чечими боюнча башка адамдарга берилет же болбосо алар үч жашка чыкканы боюнча тиешелүү балдар мекемелерине жиберилет.
3. Эгерде түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө багылган бала үч жашка чыкса, ал эми энесинин бошошуна чейин бир жылдан аз убакыт калса жана ал баланын балдар үйүндө болушун узартуу жөнүндө өтүнмө берсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы баланын балдар үйүндө болуу убактысын энесинин жаза өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин узартат.
4. Кош бойлуу аялдар, аялдар төрөгөн убакта жана төрөттөн кийинки мезгилде адистештирилген медициналык жардамга укугу бар.
5. Соттолгон аялдардын балдары жашап турушу үчүн уюштурулган балдар үйлөрү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
101-берене. Соттолгондорду медициналык-санитардык жактан камсыз кылуу
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго медициналык-санитардык жардам жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле жаза өтөө тартибине жана шарттарына ылайык уюштурулат жана берилет.
Эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн, санитардык көзөмөлдөөнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, саламаттык сактоо органдарынын мекемелерин пайдалануунун жана алардын медициналык кызматкерлерин тартуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Соттолгондорду медициналык жактан тейлөө үчүн дарылоо түзөтүү мекемелери (ооруканалар, атайын ооруканалар), анын ичинде аралаш түрдөгү режимдери бар мекемелер, ошондой эле медициналык бөлүктөр уюштурулат.
3. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун саламаттыгын коргоону камсыз кылуучу белгиленген санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Соттолгондун өмүрүнө коркунуч келип чыкканда ал тамак ичүүдөн баш тарткан учурда, медициналык кийлигишүү жол-жоболорун мажбурлап жүргүзүүгө жол берилет.
5. Соттолгондор өздүк жана жалпы гигиена эрежелерин, санитариянын талаптарын сактоого милдеттүү.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 167 ичинен 100. Калгандары, «102-берене» баштап «168-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
- 102-берене. Соттолгондордун материалдык жоопкерчилиги
- 103-берене. Соттолгондорду эмгекке тартуу
- 104-берене. Соттолгондордун эмгек шарттары жана эмгегин коргоо
- 105-берене. Соттолгондорго эмгек акы төлөө
- 106-берене. Соттолгондорду эмгек акы төлөбөгөн жумуштарга тартуу
- 107-берене. Соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулар
- 108-берене. Соттолгондорду кесиптик даярдоо
- 109-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүү
- 110-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүүнүн негизги багыттары, формалары жана усулдары
- 111-берене. Соттолгондорду социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштер жана психологиялык иштер
- 112-берене. Соттолгондорду социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштердин жана психологиялык иштердин негизги формалары
- 113-берене. Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусун уюштуруу
- 114-берене. Жабырлануучулар менен жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү
- 115-берене. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдары
- 116-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары
- 117-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби
- 118-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары
- 119-берене. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуу
- 120-берене. Соттолгондорго карата жаза-чараларын колдонуунун тартиби
- 121-берене. Соттолгондорду айыптык изолятордо, камералык типтеги жайларда жана жеке камераларда кармоонун шарттары
- 122-берене. Жатак-абактар
- 123-берене. Жатак-абактарда жаза өтөөнүн шарттары
- 124-берене. Жалпы режимдеги түзөтүү абактары
- 125-берене. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары
- 126-берене. Катуу режимдеги түзөтүү абактары
- 127-берене. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары
- 128-берене. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактары
- 129-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондордун жаза өтөөсүнүн шарттары
- 130-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун жаза өтөөсүнүн шарттары
- 131-берене. Түрмөлөр
- 132-берене. Тарбиялоо абактары
- 133-берене. Жалпы режимдеги тарбиялоо абактары
- 134-берене. Күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактары
- 135-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары
- 136-берене. Соттолгондорго карата сыйлоо чараларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү
- 137-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары жана аларды колдонуунун тартиби
- 138-берене. Эрезеге жеткен соттолгондорду тарбиялоо абактарында калтыруу
- 139-берене. Соттолгондорду тарбиялоо абактарынан түзөтүү абактарына которуу
- 140-берене. Окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу
- 141-берене. Коомдук кошундардын тарбиялоо абактарынын ишине катышуусу
- 142-берене. Дисциплинардык аскер бөлүктөрү
- 143-берене. Дисциплинардык аскер бөлүгүндөгү режим
- 144-берене. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө жаза өтөөнүн шарттары
- 145-берене. Соттолгондордун эмгеги
- 146-берене. Соттолгондорду тарбиялоо иштери жана аскердик окутуу
- 147-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо жана жаза-чаралары
- 148-берене. Соттолгондорду материалдык турмуш-тиричиликтик жана медициналык жактан камсыз кылуу
- 149-берене. Аскер кызматчыларына карата камакка алуу түрүндөгү жазаны аткаруу
- 150-берене. Эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруунун тартиби
- 151-берене. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруунун тартиби
- 152-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу
- 153-берене. Аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыккан менен жашаган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу
- 158-берене. Жаза өтөөдөн бошотуунун негиздери
- 159-берене. Жаза өтөөнүн жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларынын токтотулушу, бошотуунун тартиби
- 160-берене. Жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартиби
- 1601-берене. Жаш баласы бар соттолгондорго карата жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу
- 1602-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартиби
- 1603-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун шарттары
- 1604-берене. Жазанын аткарылышын кийинкиге калтыруунун тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
- 161-берене. Жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөп бүткөн адамдардын укуктук абалы
- 162-берене. Түзөтүү мекемелеринен бошотулуп жаткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүүнү уюштуруу
- 163-берене. Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү
- 164-берене. Пробациялык көзөмөл
- 165-берене. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда пробация органдарынын иши
- 166-берене. Пробациялык көзөмөлдүн шарттары
- 167-берене. Балдарга карата пробациялык көзөмөлдүн өзгөчөлүктөрү
- 168-берене. Пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузганы үчүн жоопкерчилик
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 15 · цитата келтиргендер: 186 · байланышкандар: 71
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (3)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 марта 2018 года №9 "О судебной практике назначения судами республики наказания в виде лишения свободы".Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 30.03.2018 · № 9Пункттар: п. 13
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 30 марта 2018 года № 9 «О судебной практике назначения судами республики наказания в виде лишения свободы»Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 47 · № 9 токтомго өзгөртүү киргизетПункттар: п. 12, п. 17
- Постановление Пленума Верховного суда КР от 26 февраля 2021 года № 4 «О судебной практике по назначению наказания»Сот практикасы · Постановление · 26.02.2021 · № 4
Цитата келтиргендер (186)
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541…Правила · 03.09.2024 · № 541
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна "Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу ТАРТИБИ"Порядок · 31.12.2018 · № 666
- Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 58 токтомуна ылайык)Порядок · 10.02.2023 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-майындагы "Бакыт Мытысбекович Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн Каныбек Кыдыкович Омуркановдун…Постановление · 06.05.2019 · № 03
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин ЭРЕЖЕСИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 токтому менен…Правила · 23.09.2011 · № 604
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б "Кодекстердин иш-чара пландарын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 14.04.2017 · № 120-б
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип ЭРЕЖЕЛЕРИПостановление · 10.05.2018 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Кыргыз Республикасынын…Стандарт · 14.08.2023 · № 436
- "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө НУСКАМА"(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-мартындагы №…Инструкция · 27.03.2013 · № 154
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 26-сентябрындагы №…Положение · 26.09.2025 · № 619
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Кыргыз…Стандарт · 22.10.2025 · № 769
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 478 токтомуна "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү…Стратегия · 15.10.2018 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Кыргыз…Положение · 25.12.2008 · № 715
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 25- февралындагы № 99 (Кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз…Распоряжение · 25.02.2019 · № 99
- Квргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т (2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 28.11.2022 · № 655-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 04.09.2023 · № 513-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б " 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-б
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы № 3442-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.12.2019 · № 3442-VI
186 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (15)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин…Постановление · 03.09.2024 · № 541
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.03.2021 · № 29
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.09.2025 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 11.01.2025 · № 2
- Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 14.11.2025 · № 257 · Күчүнө кире элек
15 ичинен 11 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (71)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 666
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3191-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2019 · № 3191-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 3321-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2019 · № 3321-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2-октябрындагы № 2395-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 02.10.2024 · № 2395-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 2069-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 16.05.2024 · № 2069-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 217-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 26-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 26.02.2026 · № 217-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 325-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 19.03.2026 · № 325-VIII
- Барскоон айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-ноябрындагы № 17 "Барскоон айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2018 · № 17
- Ноокен айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы…Постановление · 30.11.2018 · № 1
- Карасаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-декабрындагы № 51 "Карасаев айыл аймагында Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2018 · № 51
- Ак-Чий айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № XIV/3 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2019 · № XIV/3
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3395-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 3395-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 12-июнундагы № 08-р Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3…Решение · 12.06.2019 · № 08-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 642 "Пробация органына кызматтык жайларды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 642
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-декабрындагы № 15-1 "Кеңеш айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 07.12.2018 · № 15-1
- Арал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары…Постановление · 30.11.2018 · № 1
- Кудургу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары…Постановление · 30.10.2018 · № 21
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1-декабрындагы № 20 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык…Постановление · 01.12.2018 · № 20
- Найман айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы № ХIII-1 "Найман айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын жана комиссиянын жобосун бекитүү жөнүндө"…Постановление · 07.12.2018 · № ХIII-1
71 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.