Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
115-берене. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 17-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу процессине көмөктөшүү максатында түзөтүү мекемелеринде ыктыярдуу негизде соттолгондордун уюмдары түзүлөт, алар түзөтүү мекемелеринин администрациясынын контрол алдында иштейт.
2. Өз алдынча иштөөчү уюмдардын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) соттолгон адамга өзүн тарбиялоого, руханий, кесиптик жана дене бой жагынан өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү;
2) пайдалуу демилгени өнүктүрүү жана соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу процессине жакшы таасир көрсөтүү;
3) соттолгондордун эмгегин, турмуш-тиричилигин жана бош убактыларын уюштуруу маселелерин чечүүгө катышуу;
4) тартипти жана ички тартиптин эрежелерин сактоодо администрацияга көмөктөшүү;
5) соттолгондордун арасында оң моралдык-психологиялык маанайды түзүү;
6) соттолгондорго жана алардын туугандарына социалдык жардам көрсөтүү;
7) жазаларды аткаруунун максаттарына карама-каршы келбеген башка милдеттер.
3. Түзөтүү мекемелеринде өздөрүн жакшы жагынан көрсөткөн соттолгондордун ичинен мекемелердин жамааттарынын жана отряддардын кеңештери түзүлөт.
Эгерде соттолгондордун иши ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүгө багытталса, түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун башка ыктыярдуу уюмдары да түзүлүшү мүмкүн. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдардын ишине катышуусу сыйланат жана түзөтүүнүн даражасын аныктоодо эске алынат.
4. Түрмөлөрдө, өзгөчө тартиптеги түзөтүү мекемелеринде жана айыптык изоляторлордо жана камералык типтеги жайларда катуу шарттарда кармалган соттолгондордун арасында ыктыярдуу уюмдар түзүлбөйт.
5. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарынын мүчөлөрү кошумча жеңилдиктерден пайдаланышпайт. Ыктыярдуу уюмдар жана алардын мүчөлөрү түзөтүү мекемесинин администрациясынын ыйгарым укуктарына ээ болушу мүмкүн эмес.
6. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана ишинин тартиби алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541…Правила · 03.09.2024 · № 541
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-февралы № 90 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн…Постановление · 13.02.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 токтому менен бекитилген)…Правила · 22.08.2018 · № 379 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-февралындагы № 90 токтомуПостановление · 13.02.2018 · № 90
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>