Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-декабры № 666 Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400, 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында пробация органын материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти (мындан ары - Департамент) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Департамент жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
3. 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгилде коомдон обочолонтпостон жазаларды, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга пробациялык көзөмөл жана контроль жүргүзүү боюнча функциялар ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларына жүктөлөрү белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмгек акы төлөөгө, материалдык-техникалык жабдууга жана коммуналдык-эксплуатациялык чыгымдарга зарыл болгон каражаттарды республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде этап-этап менен төмөнкү тартипте бөлүүнү карасын:
- 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-августуна чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;
- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Департаментке.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте:
- 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жазык-аткаруу инспекцияларынын эмгек акы төлөө фонду менен 140 штаттык бирдигин, документтерин, финансы ресурстарын жана башка товардык-материалдык баалуулуктарын өткөрүп берсин;
- тийиштүү уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды жүргүзсүн;
- жазык-аткаруу инспекцияларынын уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу кадрлардын карамагында болгон кызматкерлерин биринчи кезектеги тартипте ишке орноштурсун;
- (Бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирдикте 2019-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө болгон кыймылсыз мүлк фондунун чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин сунуштарын эске алуу менен Департаментке кызматтык жайларды берүү жөнүндө маселени чечсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги пробация органдарынын штаттары толук комплектелгенге чейин жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн пробация иши чөйрөсүн тандоосу жана аларды андан ары ишке орноштуруу максатында тиешелүү багыттар боюнча (социалдык иш, психология, педагогика, юриспруденция) алардын кесиптик багытын аныктоо иш-чараларын жүргүзсүн.
8. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы N 400 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин оңдоо эмгек мекемелеринде кесилгендердин күтүлүш, оңолуш, кайра тарбияланыш жана ишке пайдаланылыш абалы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
13. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктунан, 2-пунктунун биринчи пунктчасынан, 8 жана 9-пункттарынан, 11-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарынан тышкары, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 25 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (25)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна "Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу ТАРТИБИ"Порядок · 31.12.2018 · № 666
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция…Постановление · 14.05.2008 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө ЖОБО"Положение · 31.12.2018 · № 666
- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация…Положение · 31.07.2024 · № 442
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020-жылдын 15-июнундагы №1 "Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө Тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 15.06.2020 · № 1
- Пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө артиби (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020- жылдын 15-июнундагы № 1 буйругуна ылайык тиркеме)Порядок · 15.06.2020 · № 1
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-декабрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө…Постановление · 25.12.2008 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Кыргыз…Положение · 25.12.2008 · № 715
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- 2024–2028-жылдары Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык жана пробациялык) системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Программа · 12.11.2024 · № 676
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 10.02.2023 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 350
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-мартындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 30.12.2019 · № 722
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине (пробация маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2019 · № 400
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым…Постановление · 30.01.2026 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 10.08.2022 · № 443
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764…Положение · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 токтомуна)Направления · 14.09.2020 · № 483 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция…Постановление · 14.05.2008 · № 222
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-декабрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө…Постановление · 25.12.2008 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 400 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине (пробация маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2019 · № 400
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 марта 1995 года №81 "О состоянии содержания, исправления, перевоспитания и трудоиспользования осужденных в исправительно-трудовых учреждениях…Постановление · 13.03.1995 · № 81 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндөЗакон · 20.01.2017 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон