124-берене. Жалпы режимдеги түзөтүү абактары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында ушул түзөтүү мекемесине келип түшкөн соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор адаттагы шарттарда жазасын өтөйт.
2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо, жазасынын алты айлык мөөнөтүн адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдетилген шарттарга которулат.
3. Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.
4. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.
5. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо, алты айдан кийин жаза өтөөнүн катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жүргүзүлөт.
6. Катуу шарттардан адаттагы же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 2 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
7. Кармоонун адаттагы жана жеңилдетилген шарттарына которуусуз, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында катуу шарттарда уюшкан криминалдык топтордун активдүү мүчөлөрү жаза өтөшөт.
Катуу шарттарда террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор кармалышат.
8. Жалпы режимдеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор жазасын которулганга чейин эле аныкталган шарттарда өтөшөт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
124-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берененин 2 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
7. алынып салынды: Жалпы режимдеги түзөтүү мекемелеринде катуу шарттарда кармоонун демейдеги кошулду: Кармоонун адаттагы жана жеңилдетилген шарттарына алынып салынды: которуусуз төмөнкүлөр кошулду: которуусуз, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында катуу шарттарда уюшкан криминалдык топтордун активдүү мүчөлөрү жаза алынып салынды: өтөйт:
1) эркиндигинен ажыратуу жайларындагы соттолгондордун уюшулган криминалдык топторунун активдүү мүчөлөрү;
2) кошулду: өтөшөт.
Катуу шарттарда террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик алынып салынды: багыттагы, уюшулган топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кошулду: багыттагы кылмыштар үчүн алынып салынды: соттолгондор.
кошулду: соттолгондор кармалышат.
8. Жалпы режимдеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор жазасын которулганга чейин эле аныкталган шарттарда өтөшөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-124" title="124-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>