65-берене. Атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 10-глава
1. Соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлык ыйгарган ыйгарым укуктуу органга жиберет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө жазууну белгиленген тартипте тиешелүү документтерге киргизет, мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга карата документтерди алып коюуну жүргүзөт, ошондой эле аны тиешелүү наамдары, чендери, дипломатиялык рангдары, мамлекеттик сыйлыктары бар адамдар үчүн каралган укуктардан жана жеңилдиктерден ажыратуу чараларын көрөт.
3. Запастагы аскердик кызматкерге карата өкүмдүн көчүрмөсү аткаруу үчүн ал аскердик эсепте турган жери боюнча аскердик комиссариатка жиберилет.
4. Соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өкүмдүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдын ичинде өкүм чыгарган сотко анын аткарылганы жөнүндө кабарлайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу алынып салынды: жөнүндө өкүмдү аткаруу
кошулду: түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, … айдын ичинде өкүм чыгарган сотко анын аткарылганы жөнүндө кабарлайт.
алынып салынды: III БӨЛҮМ. ЖАЗЫКТЫК-УКУКТУК ТААСИР КӨРСӨТҮҮНҮН МАЖБУРЛОО ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУ
11-глава. Жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын (коопсуздук чараларын) аткаруукошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-65" title="65-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>