166-берене. Пробациялык көзөмөлдүн шарттары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 26-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү соттолгон пробация органына келген күндөн тартып эсептелет;
2) сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткарууга;
3) пробация органдарынын жазуу жүзүндөгү кабарландыруусу жок жашаган, иштеген, окуган жерин өзгөртпөөгө;
4) пробация органынын уруксаты жок административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары чыкпоого;
41) өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;
5) пробация органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
6) инсандыгын ырастоочу документтерди жанында алып жүрүүгө;
7) катталуу жана алдын алуу маегине катышуу үчүн, ошондой эле, пробация органынын чакыруусу боюнча айына эки жолу келүүгө.
2. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жазасын өтөгөн жери боюнча административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында окууга;
2) пробация органдарынын макулдугу менен окуу жайы жайгашкан жер боюнча пробация органында милдеттүү каттоого туруу менен, административдик-аймактык бирдиктердин чегинен тышкары жерде жайгашкан жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында окууга;
3) жеке өзгөчө кырдаалдарга - жубайынын, жакын тууганынын каза болушуна же анын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү катуу оорусуна байланыштуу барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсепке албаганда, он суткадан ашпаган мөөнөткө административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары кыска мөөнөткө чыгууга. Соттолгондун кыска мөөнөткө чыгуу жөнүндө арызы бир сутканын ичинде каралат;
4) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары жерде дем алып жана майрам күндөрүн өткөрүүгө;
5) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары чыгуу менен эмгектик (каникулдук) өргүүсүн өткөрүүгө.
3. Эгерде соттолгон ага сот тарабынан жүктөлгөн белгилүү бир милдеттерди өзүнө көз каранды болбогон жагдайлар боюнча аткара албаган же кошумча милдеттерди жүктөө зарылдыгы келип чыккан учурда, пробация органы ага мурда белгиленген милдеттерди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу же соттолгон үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толуктоо жөнүндө сотко сунуштама жиберет. Сунуштамада пробация органы жокко чыгаруу же толуктоо сунушталып жаткан пробациялык милдеттердин себептерин жана түрүн көрсөтөт.
4. Соттолгон адам үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын ордун толугу менен толтурганда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу.
Сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруудан баш тарткан учурда пробация органынын кайталап берген сунуштамасы баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жөнөтүлөт.
5. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
166-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.03.2021 · № 29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-166" title="166-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>