Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
162-берене. Түзөтүү мекемелеринен бошотулуп жаткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүүнү уюштуруу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 25-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбестен соттолгонду коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруучу мекеме жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана соттолгон тарабынан тандап алынган жашаган жери боюнча ишке орноштуруу кызматына анын алдыда болуучу бошотулушу, турак жайынын бар же жок экени, эмгекке жөндөмдүүлүгү жана адистиги жөнүндө кабарлайт.
2. Соттолгонду бошотууга жана коомго интеграциялоого даярдоо боюнча аны менен уюштуруу-тарбиялоо жана социалдык иштер жүргүзүлөт, анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт.
3. I жана II топтогу соттолгон майыптар, ошондой эле пенсия курагына жеткен соттолгондор алардын жазуу жүзүндөгү арызы жана жазаны аткаруучу мекеменин сунуштамасы боюнча социалдык коргоо органдары тарабынан майыптар жана кары-картаңдар үйлөрүнө жиберилет.
Социалдык жардамга муктаж башка адамдар алардын жазуу жүзүндөгү арызы жана жазаны аткаруучу мекеменин сунуштамасы боюнча социалдык көнүктүрүү борборлоруна жиберилет. Бошотулуп жаткан адамдарды көрсөтүлгөн борборлорго жиберүүнүн жана алардын ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка, венерикалык ооруларга, ВИЧ/СПИД менен жашаган, аларга карата мажбурлап дарылоону улантуу зарыл болгон адамдар жазасын өтөгөндөн жана бошотулгандан кийин ден соолукту коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелерине жиберүүгө жатат.
5. Эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулуп жаткандарга социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде мамлекеттик органдардын, пробация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүү мекемелеринин администрациялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…соттолгонду коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны жана алынып салынды: жазыктык-укуктук кошулду: кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруучу мекеме жергиликтүү өз … көрсөтүлгөн борборлорго жиберүүнүн жана алардын ишинин тартиби алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, … администрациялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 09.02.2024 · № 42
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 08.05.2020 · № 53
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-162" title="162-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>