87-берене. Соттолгондордун жаза өтөө шарттары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 181
1. Соттолгондор бир түзөтүү абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки, катуу жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.
2. Бир түрмөнүн чегинде жаза өтөөнүн бирдиктүү шарттары белгиленет.
3. Соттолгондор бир тарбия абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.
4. Соттолгондорду ушул Кодекстин 124, 126, 129, 130, 132-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир шарттан башкасына которуу түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
5. Бир түзөтүү мекемесинен ушундай эле түрдөгү башка түзөтүү мекемесине которулган соттолгондор аларга которууга чейин аныкталган ошол эле шарттарда жазасын өтөшөт.
6. Түзөтүү абагында жаза өтөөнүн катуу шартына, тарбия абагында жаза өтөөнүн кадимки шарттарына которуу менен макул болбогон учурда, соттолгон түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечимине жаза аткаруу системасынын жогору турган органына даттанууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
87-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 181 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кадимки, катуу жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.
2. Бир алынып салынды: жатак-абактын чектеринде, ошондой эле түрмөдө кошулду: түрмөнүн чегинде жаза өтөөнүн алынып салынды: бирдей кошулду: бирдиктүү шарттары белгиленет.
3. Соттолгондор бир тарбия абагынын чектеринде … жаза аткаруу системасынын жогору турган органына даттанууга укуктуу.
кошулду: (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-87" title="87-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>