74-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жиберүү
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргени тууралуу соттун тескемесин алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын түзөтүү мекемесинин жерин аныктоо жөнүндө чечиминин негизинде жазасын өтөө үчүн түзөтүү мекемелерине жиберилет.
Соттолгон көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төмөнкүлөргө укуктуу: алардын санын, узактыгын чектебестен жана купуялуулукту камсыз кылуу шартында адвокат менен жолугушууга; жубайы же жакын туугандары менен кыска мөөнөттүү жолугушууга; он беш мүнөткө чейинки узактыкта телефон менен сүйлөшүүгө, ал анын өздүк каражатынан же болбосо башка адамдардын каражатынан төлөнөт; чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлери менен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары (букаралар), - алардын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардын кызматкерлери менен жолугушууга.
2. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы үч жумушчу күндүн ичинде анын жазаны андан ары өтөө орду жөнүндө жубайына же туугандарынын бирине же башка адамга (соттолгондун тандоосу боюнча) жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: жазык-аткаруу кошулду: жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын түзөтүү мекемесинин алынып салынды: түрүн жана жерин аныктоо жөнүндө чечиминин негизинде жазасын өтөө үчүн түзөтүү … Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүнүн тартиби алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин … (соттолгондун тандоосу боюнча) жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-74" title="74-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>