15-берене. Соттолгондордун укуктук абалынын негиздери
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоо, коргоо аларды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуунун мыйзамдуулугун, ошондой эле укуктук коргоону жана жеке коопсуздукту камсыз кылат.
2. Соттолгондор Конституцияда, Кылмыш-жаза кодексинде, ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген укуктарга, эркиндиктерге ээ жана чектөөлөрү бар милдеттерди аткарышат.
3. Эгерде Конституцияда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, соттолгон чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар бардык жарандар үчүн белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат.
4. Соттолгондордун укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардын укуктарын чектөөлөр жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын конкреттүү түрүн аткаруу тартибине жана шарттарына жараша, ушул Кодекс менен аныкталат.
5. Соттолгондордун өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузбоого тийиш.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана жеке коопсуздукту камсыз кылат.
2. Соттолгондор Конституцияда, алынып салынды: Жазык кошулду: Кылмыш-жаза кодексинде, алынып салынды: Жоруктар жөнүндө кодексте, ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген укуктарга, эркиндиктерге ээ жана алынып салынды: чектөөлөр менен кошулду: чектөөлөрү бар милдеттерди аткарышат.
3. Эгерде Конституцияда, башка мыйзамдарда … милдеттери, ошондой эле алардын укуктарын чектөөлөр жазалардын жана алынып салынды: жазыктык-укуктук кошулду: кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын конкреттүү түрүн аткаруу … мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузбоого тийиш.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>