Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
160-берене. Жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартиби
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 24-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 2
1. Соттолгон жаза мөөнөтүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөтүн өтөөдө түзөтүү мекемесинин администрациясы же дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы соттолгонго жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени кароо үчүн арыз берүү укугунун келип жеткени тууралуу беш күндүк мөөнөттүн ичинде жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.
2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы же дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы соттолгон жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы менен кайрылгандан кийин он жумушчу күндүн ичинде анын жүрүш-турушу, коомго интеграцияланышына өбөлгө болгон түзөтүү жана кайра социалдаштыруу натыйжалары, жазасын өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга болгон мамилеси жөнүндө, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү, медиациялык макулдашууну түзүү, пробация органы берген соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган материалдарды, кийин жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу үчүн көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу прокурорго жазуу жүзүндө маалымдоо менен, соттолгон адамдын инсандыгын мүнөздөөчү башка материалдарды, ошондой эле соттолгондун өздүк ишин тиркөө менен кайрылууну сотко жиберүүгө милдеттүү.
3. Ушул кодекстин 116-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 147-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондорго карата ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте сотко жиберилүүгө жаткан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өтүнмө берилиши мүмкүн. 116-берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондорго карата сотко шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өтүнмө жиберүү түзөтүү мекемесинин комиссиясы тарабынан каралгандан кийин жүргүзүлөт.
4. Сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткан учурда, арызды же сунуштаманы кайрадан жиберүү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартылганы жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып үч ай өткөндөн эрте эмес орун алышы мүмкүн.
5. Жазадан буга чейин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана мыйзамда каралган учурларда эркиндигинен ажыратуу жерлерине жиберилген соттолгондор эркиндигинен ажыратуу жайларына келген күндөн алты ай өткөндөн кийин, кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
6. Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондорго карата мекеменин же жаза аткаруучу органдын администрациясы соттолгондун тандаган жашаган жери боюнча пробация органына андан ары көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу үчүн соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жиберет.
Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондор бошотулган күндөн тартып тандап алган жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө милдеттүү, ал жөнүндө мекеменин же жазаны аткаруучу органдын администрациясы тарабынан андан кол кат алынат. Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондорду көзөмөлдөө ушул Кодекстин 26-главасында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Соттолгондорго - катуу жана өкүмдү аткарууга тоскоолдук болуучу оорулар менен ооругандарга карата мекеменин же жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын начальниги тарабынан атайын медициналык комиссиянын корутундусу жана соттолгондун өздүк иши сотко жиберилет. Көрсөтүлгөн комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Акыл-эс оорусуна чалдыккан соттолгондорго карата мекеменин же жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын начальниги тарабынан сотко психиатр-врачтардын медициналык комиссиясынын корутундусу жана соттолгондун өздүк иши жиберилет. Көрсөтүлгөн комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Оорусу боюнча бошотулган соттолгондор саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелерине жиберилет, Алар айыккан учурда саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери адамдарды жазасын өтөөдөн бошоткон сотко тиешелүү медициналык корутунду жиберет.
10. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазасын өтөп жаткан жана аскердик-дарыгердик комиссиясы тарабынан каттоодон чыгаруу менен ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз же тынч мезгилде жараксыз деп таанылган соттолгондорго карата көрсөтүлгөн комиссиянын корутундусу жана соттолгондун өздүк иши сотко жиберилет. Аскердик-дарыгердик комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
11. Коомдук иштерге, түзөтүү жумуштарына соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда, пробация органы аны жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама чыгарат.
12. Коомдук иштер түрүндөгү жазага соттолгон аял кош бойлуу болгон учурда, пробация органы сотко кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча жумуштан бошотулган учурдан тартып аны жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама чыгарат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү, кошулду: медиациялык макулдашууну түзүү, пробация органы берген соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды … 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № алынып салынды: 2 кошулду: 2, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-160" title="160-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>