Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
103-берене. Соттолгондорду эмгекке тартуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 2
1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө соттолгондордун бардыгы түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аныкталган жерлерде жана жумуштарда алардын жынысы, жаш курагы жана саламаттыгынын абалын эске алуу менен эмгектенүүгө милдеттүү. Соттолгондор жаза өтөөнүн талаптагыдай режимин камсыз кылуу шартында түзөтүү мекемелеринин ишканаларында, мамлекеттик мекемелерде же уюмдарда, ошондой эле түзөтүү мекемелеринин аймагында же болбосо анын чегинен тышкары жерде жайгашкан менчиктин башка түрүндөгү уюмдарда эмгекке тартылат.
Соттолгондор Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жекече иш менен алектенүүгө укуктуу.
2. Пенсиялык куракка жеткен соттолгон эркектер жана аялдар, ошондой эле I жана II топтогу майыптар эмгекке алардын каалоосу боюнча жана ден соолугунун абалын эске алуу менен тартылат. Соттолгон балдар эмгек мыйзамдарына ылайык эмгекке тартылат.
3. Соттолгондорду пайдаланууга тыюу салынган жумуштардын жана кызматтардын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
4. Соттолгондорду эмгекке тартуу менен өндүрүштүк иш жаза өтөө режиминин талаптарын сактоо менен уюштурулууга тийиш.
5. Соттолгондорго эмгектик чыр-чатактарды чечүү максатында жумушту токтотууга тыюу салынат.
Жеке эмгектик талаштар эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору эмгектик талаштардын предмети жана негизи болуп саналышы мүмкүн эмес.
6. Жумуштан баш тартуу же жумушту токтотуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу болуп саналат жана жаза-чараларын колдонууга жана материалдык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Соттолгондорду эмгекке тартуу
1. Эркиндигинен алынып салынды: ажыратууга кошулду: ажыратуу түрүндө соттолгондордун бардыгы түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аныкталган жерлерде жана жумуштарда кошулду: алардын жынысы, жаш курагы жана саламаттыгынын абалын эске алуу менен эмгектенүүгө милдеттүү. Соттолгондор жаза өтөөнүн талаптагыдай … жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № алынып салынды: 126 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун жеке эмгек ишин уюштуруу тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз…Инструкция · 17.04.2023 · № 206
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан…Постановление · 17.04.2023 · № 206
- КР Министрлер Кабинетинин 17.04.23 ж. №206 токтомуПостановление · 17.04.2023 · № 206
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-103" title="103-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>