77-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду тергөө иш-аракеттерине жана соттук териштирүүлөргө катышууга тартуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Тергөө иш-аракеттерине күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор прокурордун макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде (мындан ары - Кылмыш-жаза процессуалдык кодекс) каралган мөөнөткө тергөөчүнүн жүйөлөнгөн токтомунун негизинде тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.
2. Соттук териштирүүгө күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор соттун токтому менен тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо ишти сотто кароо мезгилинде түзөтүү мекемесинен тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.
3. Эркиндигинен ажыратууга соттолгонду башка иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууда, ага карата камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалса, аны тергөө изоляторунда кармоонун мөөнөтү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык аныкталат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда, соттолгондор Тергөө изоляторлорунун ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте жана алардын түзөтүү мекемесинде жаза өтөөнүн шартында тергөө изоляторунда кармалат.
5. Соттолгондун, тергөө изоляторунда калтырылгандын же которулгандын жана күбө же болбосо жабырлануучу катары тартылгандын, узакка созулган жолугушуу укугу кыска мөөнөттүү жолугушуу же телефон менен сүйлөшүү укугу менен алмаштырылат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…соттолгондор прокурордун макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Жазык-процесстик кошулду: Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде (мындан ары - алынып салынды: Жазык-процесстик кошулду: Кылмыш-жаза процессуалдык кодекс) каралган мөөнөткө тергөөчүнүн жүйөлөнгөн токтомунун негизинде … мүмкүн.
3. Эркиндигинен ажыратууга соттолгонду башка иш боюнча алынып салынды: жазык кошулду: кылмыш жоопкерчилигине тартууда, ага карата камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалса, аны тергөө изоляторунда кармоонун мөөнөтү алынып салынды: Жазык-процесстик кошулду: Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык аныкталат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана … жолугушуу же телефон менен сүйлөшүү укугу менен алмаштырылат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-77" title="77-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>