79-берене. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринде өзүнчө кармоо
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2026 года № 87
1. Түзөтүү мекемелеринде аялдар менен эркектерди, балдар менен эрезеге жеткендерди өзүнчө кармоо белгиленет.
2. Биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркектер жана аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны мурда өтөп жаткандардан өзүнчө кармалат.
3. Башка соттолгондордон төмөнкүлөр бөлөк кармалат:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана аларга өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар;
2) соттолгондор - соттордун жана укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери;
3) соттолгондор - социалдык реабилитациялоо, көнүктүрүү программаларынын катышуучулары;
4) ушул Кодекстин 124-беренесинин 7-бөлүгүнө, 126-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор;
5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, ошондой эле кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде соттолгондор.
4. Ушул беренеде белгиленген соттолгондорду өзүнчө кармоонун талаптары ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, дарылоо түзөтүү мекемелерине, ошондой эле алдында балдар үйү бар түзөтүү абактарына жайылтылбайт. Көрсөтүлгөн мекемелерге жиберилген адамдар сот тарабынан аныкталган түрдөгү түзөтүү мекемеси үчүн ушул Кодексте белгиленген шарттарда кармалат.
5. Ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан соттолгондор бири-биринен өзүнчө жана оорубаган соттолгондордон бөлөк кармалат. Кургак учукка каршы ооруканаларда соттолгонду өзүнчө кармоо медициналык көрсөтмөлөр менен аныкталат. Ушул талаптар ВИЧ/СПИД менен жашагандарды өзүнчө кармоо бөлүгүнө жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
79-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды алынып салынды: жасаганы кошулду: жасагандыгы үчүн кошулду: соттолгондор, ошондой эле кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде соттолгондор.
4. Ушул беренеде белгиленген соттолгондорду өзүнчө … ВИЧ/СПИД менен жашагандарды өзүнчө кармоо бөлүгүнө жайылтылбайт.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № алынып салынды: 126 кошулду: 126, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-79" title="79-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>