Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
130-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун жаза өтөөсүнүн шарттары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун бардыгы өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына келгенден кийин жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармалышат.
2. Катуу шарттарда кармалган өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын жыйырма эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;
2) жыл ичинде беш кыска жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) бир жылда беш жолу телефондук сүйлөшүүгө;
4) күн сайын бир жарым саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.
3. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогон өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жаза мөөнөтүнүн кеминде беш жылын катуу шарттарда өтөгөндөн кийин жаза өтөөнүн катуу шарттарынан адаттагы шарттарына которуу жүргүзүлөт.
Эгерде өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго тергөө изоляторундагы мезгилинде жаза чарасы түрүндө айып изоляторуна же жеке камерага отургузуу колдонулбаса, анын жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттардагы мөөнөтү камакка алынган күндөн тартып эсептелет.
4. Адаттагы шарттарда кармалган өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын жыйырма беш эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;
2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана үч узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) бир жылда алты жолу телефондук сүйлөшүүгө;
4) күн сайын эки саат сейилге чыгуудан пайдаланууга.
5. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогон өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн кеминде беш жылын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдетилген шарттарга которулат жана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын отуз эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;
2) жыл ичинде сегиз кыска мөөнөттүү жана төрт узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) бир жылда сегиз жолу телефондук сүйлөшүүгө;
4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.
6. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана жазасын жеңилдетилген же адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жаза өтөөнүн катуу шарттарына которулат.
7. Адаттагы же жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 3 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-130" title="130-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>