Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
131-берене. Түрмөлөр
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2025 года № 2
1. Жазаны түрмөдө өтөө үчүн которулган соттолгондор камераларда кармалат. Соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле соттолгондун жеке коопсуздугуна коркунуч келип чыкканда же болбосо башка соттолгондордун же мекеменин кызматкерлеринин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жараткан соттолгонду бөлүп кармоо зарылдыгы болгондо, түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому менен көрсөтүлгөн соттолгондор жеке камераларда кармалат.
2. Соттолгондорду камераларга жайгаштыруу ушул Кодекстин 79-беренесинде каралган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Чарбалык тейлөө жумуштарын аткаруу үчүн түрмөгө жиберилген соттолгондор башка соттолгондордон бөлөк кармалат.
3. Жазасын түрмөдө өтөп жаткан соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын жыйырма беш эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;
2) жыл ичинде беш кыска мөөнөттүү жана бир узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) бир жылда алты жолу телефондук сүйлөшүүгө;
4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.
4. Соттун түрмөгө которуу жөнүндөгү чечими менен дайындалган мөөнөт анын мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап эсептелет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-131" title="131-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>