Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 25- февралындагы № 99 (Кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ тузүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 25- февралы № 99 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2 чечиминин 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2840-VI "Сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иш жөнүндө" токтомунун 2-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) 1-тиркемеге ылайык курамда тузүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин камсыздоо максатында төмөнкүдөй эксперттик жумушчу топтор түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине талдоо жүргүзүү боюнча, 2-тиркемеге ылайык курамда;
2) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү боюнча, 3-тиркемеге ылайык курамда.
3. Эксперттик жумушчу топтор:
1) 2019-жылга сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизишсин;
2) ай сайын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизишсин.
4. Жумушчу топторго төмөнкүдөй укук берилсин:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу;
2) эксперттик чакан топторду түзүү:
3) мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суратуу жана алуу.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) эксперттик жумушчу топтордун кароосуна төмөнкүлөрдү киргизишсин:
- сот-укуктук реформаны ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун;
- сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын укук колдонуу практикасы жөнүндө маалыматты;
2) жумушчу топтордун ишине көмөк көрсөтүшсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин;
3) топтордун ишине ушул буйруктун 1-3-тиркемелеринде аталган жумушчу топтордун мүчөлөрүнүн катышуусун камсыздашсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жумушчу топтордун ишин техникалык жана финансылык колдоо жөнүндө маселени эл аралык уюмдар менен иштеп чыксын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Шаршеев Айдин Омуралиевич
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Тургунбеков Мирлан Эрмекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Мамасадыков Султан Алайбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Эгембердиев Аскат Раимжанович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Сарбагыш уулу Тилек
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
1-тиркеме
Кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык ЖУМУШЧУ ТОП (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 29-январындагы № 29 буйругунун редакциясына ылайык)
Разаков Жениш Парпиевич
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Джаманкулов Марат Тургунбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
Алтыбаева Айнуру Тойчиевна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "КСДП" парламенттик фракциясы (макулдашуу боюнча);
Чойбеков Руслан Нуркалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясы (макулдашуу боюнча);
Жеенчороев Мирлан Канатбекович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы (макулдашуу боюнча);
Зулушев Курманкул Токторалыевич
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы (макулдашуу боюнча);
Дарданов Нурлан Камалбекович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Токтомамбетов Кеңешбек Божокоевич
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);
Шаршеев Айдин Омуралиевич
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Тургунбеков Мирлан Эрмекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Абиров Мыктыбек Медетбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кененбаев Чыңгыз Токтобекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Байзаков Самат Шейшенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Исаков Курманбек Байдалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Мамасадыков Султан Алайбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кармышаков Улугбек Тойчуевич
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Эгембердиев Аскат Раимжанович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Сарбагыш уулу Тилек
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Сыдыкова Лейла Чынтургановна
-
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Канулькулов Марат Эдильевич
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Летова Ирина Витальевна
-
көз карандысыз укуктук эксперт, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун КУРАМЫ (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 29-январындагы № 29 буйругунун редакциясына ылайык)
Летова Ирина Витальевна
-
көз карандысыз укуктук эксперт, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Сарбагыш уулу Тилек
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Байзаков Самат Шейшенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Есеналиев Максатбек Кульчороевич
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Акназаров Залкарбек Каримжанович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо иши чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Сулайманов Хамид Хакимович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо иши чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн улук прокурору (макулдашуу боюнча);
Шабданалиев Нурбек Садырбекович
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин транспорттук контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Аттокуров Эркин Жанышович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы эрежелерин бузуу жана контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын алгачкы текшерүү бөлүмүнүн башчысы;
Ибраев Талантбек Шаршенбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын биринчи башкармалыгынын аскердик каттоо бөлүмүнүн начальниги;
Ибраимов Санжарбек Сейтакунович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары;
Саркулов Ыманалы Кадырбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Курманалиев Бекжан Сагынбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги;
Джоробеков Жеңиш Мамаюнусович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын начальниги;
Дюшеналиева Эльвира Самыйбековна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын башкы адиси;
Асылбаева Кымбат Рыспековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Бакасов Султан
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Исаков Толо Байдалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору;
Шайбылдаев Айбек Асанович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
Черикчиев Кубат Сырымович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кульчороев Туратбек Кульчороевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги;
Мамытов Бексултан Абакирович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун эксперти, эксперттик жумушчу топтун катчысы.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун КУРАМЫ (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 29-январындагы № 29 буйругунун редакциясына ылайык)
Сыдыкова Лейла Чынтургановна
-
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Канулькулов Марат Эдильевич
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Сыдыков Аскат Шаршекович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);
Эркебаев Адилет Маматеминович
-
Кыргыз Республикасынын Чүй облустук сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);
Камолидинов Сирожиддин Дилаворжанович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча);
Шукурбеков Азизбек Шарипович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын жазык сот өндүрүшү бөлүмүнүн прокурору (макулдашуу боюнча);
Жумабаев Уран Сыдыкбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Эсенбаев Максат Бердибекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Эшимкан уулу Нурдин
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары;
Джумабаев Марлис Жекшенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын биринчи башкармалыгынын начальниги;
Айдаров Эрнис Мурзабекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
Идирисова Айнура Абдухакимовна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсепке алуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Масаитов Кубанычбек Исмаилович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
Джалгасынов Мирлан Джанышбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Токтогулов Озгонбек Молдобекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам талдоо жана маалымат бөлүмүнүн начальниги;
Мамбетов Бакыт Болотович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Токсонбаев Манасбек Эсенбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Парманасов Айбек Джээналиевич
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясынын ыкчам-издөө иштери кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча);
Сманалиев Кынатбек Мойнокович
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);
Тенизбаев Бектур Алматаевич
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча), эксперттик жумушчу топтун катчысы;
Райымкулов Билим Сардалбекович
-
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министринин 2020-жылдын 23-июлундагы № 74 (Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жазык-процесстик мыйзамдарды мындан…Распоряжение · 23.07.2020 · № 74
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө"…Постановление · 07.02.2020 · № 72
- КР Өкмөтүнүн 020-жылдын 9-июнундагы № 60 ("Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 09.06.2020 · № 60
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2840-VI "Сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан…Постановление · 23.01.2019 · № 2840-VI
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Пробация жөнүндөЗакон · 24.02.2017 · № 34
- Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндөЗакон · 20.01.2017 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон