Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
81-берене. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жана анын негизги талаптары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 181
1. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими - бул жаза аткаруу мыйзамдарында жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда белгиленген соттолгондорду коргоону жана бөлөк кармоону камсыз кылуучу жазаны аткаруунун жана өтөөнүн тартиби; аларга дайыма көзөмөл жүргүзүү; аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу; алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу; соттолгондордун жана кызматкерлердин коопсуздугу; соттолгондордун белгилүү бир категорияларын өзүнчө кармоо; түзөтүү мекемесинин түрүнө жараша кармоонун ар кандай шарттары; соттолгондун жүрүш-турушуна жараша жаза өтөөнүн шарттарын өзгөртүү.
2. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жазаны аткаруу максаттарына жетүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзөт.
21. Соттолгондорго социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү үчүн изилдөө жүргүзүү максатында жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эксперименттүү жаза өтөө режими түзүлүшү мүмкүн.
3. Түзөтүү мекемелеринде Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери колдонулат. Түзөтүү мекемесинин администрациясы Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелерине ылайык күн тартибин белгилейт.
Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
4. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондор белгиленген формадагы кийимди кийишет, анын үлгүсү Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери менен аныкталат.
5. Соттолгондорго уруксат берилүүчү буюмдардын жана предметтердин тизмеги жана саны Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери менен белгиленет.
6. Соттолгондорго акчаларды, баалуу кагаздарды жана Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде каралбаган башка предметтерди сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Алар табылган учурда алар түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан алып коюлат.
7. Соттолгондор тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте сатылып алынган акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка предметтерди сактоо түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан камсыз кылынат.
8. Түзөтүү мекемесине чектеш аймактын чегарасы жана аны пайдалануу режими анын администрациясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан белгиленет. Түзөтүү мекемесине чектеш аймактын чегарасын аныктоонун тартиби жер мыйзамдарында белгиленет.
9. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режимин жана укуктук тартипти сактоо жаза аткаруу системасынын кызматкерлери жана алардын карамагында турган күчтөр жана каражаттар тарабынан камсыз кылынат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 181 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мекемелеринин ички тартип эрежелерине ылайык күн тартибин белгилейт.
кошулду: Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
4. алынып салынды: Жатак-абактарын кошпогондо, түзөтүү кошулду: Түзөтүү мекемелеринде соттолгондор белгиленген формадагы кийимди кийишет, … 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № алынып салынды: 2 кошулду: 2, 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин…Постановление · 03.09.2024 · № 541
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү…Постановление · 22.08.2018 · № 379 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 токтомуПостановление · 22.08.2018 · № 379
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-81" title="81-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>