32-берене. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн түрлөрү
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 4-глава
Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын талаптагыдай аткаруу, соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн төмөнкү түрлөрү жүзөгө ашырылат:
1) эл аралык контроль;
2) парламенттик контроль;
3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары - Акыйкатчы (Омбудсмен) контролу;
4) соттук контроль;
5) ведомстволук контроль;
6) медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль;
7) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын контролу;
8) коомдук контроль;
9) кыйноого жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүн жана жазалоолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү контроль;
10) прокурордук көзөмөл.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>