90-берене. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга уруксат берилет.
Түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан, тартиптик жазасы бар соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган тартипте чектелет.
2. Бир аманат жиберүүнүн же бандеролдун максималдуу салмагы почта эрежелеринде, бир жолу берип жиберүүнүн максималдуу салмагы - Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.
3. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Соттолгондор тарабынан медициналык корутундуга ылайык алынуучу дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталуучу аманат жиберүүлөрдүн жана берип жиберүүлөрдүн жана бандеролдун санына кирбейт. Алар көрсөтүлгөн соттолгондорду дарылоо үчүн түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнө жиберилет.
5. Аманат жиберүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор карап чыгууга дуушар болот.
6. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду алуусунун жана аларды карап чыгуунун тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.
7. Администрациянын уруксаты менен соттолгондор аманат жиберүүлөрдү жана бандеролдорду жибере алышат.
8. Аманат жиберүүлөрдө, берип жиберүүлөрдө, бандеролдордо соттолгондордун алуусуна тыюу салынган тамак-аш азыктарынын, күндөлүк керектелүүчү буюмдардын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу
1. Түзөтүү алынып салынды: абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана алынып салынды: бандеролдорду ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 131-беренелеринде аныкталган санда алууга уруксат берилет. Тарбиялоо кошулду: тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан … жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга уруксат берилет.
кошулду: Түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан, тартиптик жазасы бар соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган тартипте чектелет.
2. Бир аманат жиберүүнүн же бандеролдун максималдуу салмагы почта … - Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.
3. алынып салынды: Оорулуу соттолгондор, I жан II топтогу майыптар, бала эмизген аялдар, кош бойлуу аялдар жана балдар үйлөрүндө балдары бар аялдар кошумча аманат жиберүүлөрдү жана берип жиберүүлөрдү медициналык корутундуда аныкталган санда жана ассортиментте алышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Соттолгондор тарабынан медициналык корутундуга ылайык алынуучу … тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.03.2021 · № 29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-90" title="90-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>