165-берене. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда пробация органдарынын иши
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 26-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу процессинде пробация органдары:
1) сот тарабынан пробациялык көзөмөл колдонулган адамдардын эсебин жүргүзөт;
2) сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткаруунун, аларды аткарбаганы жана пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузганы үчүн жоопкерчиликке тартуунун тартибин түшүндүрөт;
3) соттолгондун инсандыгына, ден соолугунун абалына, анын билим деңгээлине, иштегенине, жашаган жеринин бар экенине иликтөө жүргүзөт, ошондой эле социалдык-укуктук жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн башка маалыматтарды аныктайт;
4) социалдык-укуктук жардам берүүнүн, пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жана токтотуунун тартибин түшүндүрөт, ошондой эле каттоо жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн келүү күндөрүн белгилейт;
5) мыйзамдарда каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
2. Соттолгондун инсандыгын жана анын турмуштук жагдайын иликтөөнүн негизинде, пробация органы анын түздөн-түз катышуусу менен пробациялык көзөмөлдүн планын (соттолгонду кайра социалдаштыруу планын) жана социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасын түзөт. Пробациялык көзөмөлдүн планына (соттолгонду кайра социалдаштыруу планына) жана социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасына соттолгондун макулдугу менен, соттолгонду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга кошумча иш-чаралар киргизилет. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу мезгилинде пробациялык көзөмөлдүн планына (соттолгонду кайра социалдаштыруу планына) жана социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизилиши мүмкүн.
3. Билим алууда, кесипке ээ болууда, эмгекке орноштурууда, медициналык жардам алууда, ошондой эле укуктук жардам менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүү соттолгондорго социалдык-укуктук жардамдын негизги багыттары болуп саналат.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар пробация органы тарабынан иштелип чыккан жекече программага ылайык пробациялык көзөмөл белгиленген адамга карата социалдык-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтөт.
5. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адамдарга социалдык-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүүнүн тартиби пробация жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам социалдык-укуктук жана башка жардамдан же болбосо алардын айрым түрлөрүнөн баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө акт түзүлөт.
7. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
165-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…айрым түрлөрүнөн баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө акт түзүлөт.
7. алынып салынды: Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган учурда аскер комиссариаттарына соттун өкүмүнүн көчүрмөсү жиберилет, ал эми зарыл учурларда, пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн башка документтер да жиберилет. Аскер бөлүгүнүн командачылыгы соттолгон аскер бөлүгүнө келген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде пробация органына пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн соттолгонду каттоого тургузуу жөнүндө кабарландырууну жиберет, ал эми аскер кызматынын мөөнөтү аяктаганга чейин он күн калганда анын аскер бөлүгүнөн кеткени жөнүндө кабарландырууну жиберет.кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-165" title="165-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>