159-берене. Жаза өтөөнүн жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларынын токтотулушу, бошотуунун тартиби
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 24-глава
1. Коомдук иштер, белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишти жасоо укугунан ажыратуу, эркиндигин чектөө, дисциплинардык аскердик бөлүктө кармоо, белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, гауптвахтада кармоо менен камакка алуу, эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү, эскертүү менен жүрүш-турушун чектөө, атайын тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу түрүндөгү жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөө жаза мөөнөтүнүн акыркы күнү токтотулат.
2. Дисциплинардык аскердик бөлүктө кармоо, белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, атайын тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу түрүндөгү жазаларга жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларына соттолгондор жаза мөөнөтүнүн акыркы күнүндө түшкө чейин бошотулат. Жаза мөөнөтү башталган күндүн алдындагы күн жазаны өтөө мөөнөтүнүн акыркы күнү болуп саналат.
Эгерде жазанын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасынын мөөнөтү дем алыш же майрам күнү аяктаса, соттолгон дем алыш же майрам күнүнүн алдындагы күнү жазасын өтөөдөн бошотулат. Жазанын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасынын мөөнөтүн ай менен эсептөөдө ал акыркы айдын тиешелүү күнүндө бүтөт, ал эми айда тиешелүү күнү болбосо - бул айдын акыркы күнүндө бүтөт.
3. Соттолгонду бошотууда ага өзүнө таандык буюмдары, баалуулуктары, жеке эсебинде сакталган акчасы, инсандыгын ырастоочу документтери жана соттолгондун өздүк ишинде сакталган башка документтери, ошондой эле бошотуунун негиздери көрсөтүлгөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет. Соттолгондо инсандыгын ырастоочу документтери болбогондо же алардын колдонуу мөөнөттөрү бүткөндө, ошондой эле соттолгондун өздүк ишинде эмгек китепчеси жана пенсиялык күбөлүгү болбогондо мекеменин же жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын администрациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте алар жазасын же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын өтөө мезгилинде аларды жол-жоболоштуруу боюнча чараларды көрөт.
4. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан негизги жазасына кошумча жаза катары белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу дайындалган соттолгондорго карата мекеменин же негизги жазаны аткаруучу органдын администрациясы бошотулганга бир ай калганча соттолгондун тандап алынган жашаган жери боюнча пробация органына кошумча жазаны андан ары аткаруу үчүн соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жиберет.
Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын кошумча түрүнүн өтөлбөгөн мөөнөтү менен коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны өтөөдөн бошотулуучу адам бошотулган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттүн ичинде тандап алынган жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө милдеттүү, ал жөнүндө мекеменин же негизги жазаны аткаруучу органдын администрациясы тарабынан кол кат алынат.
5. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып жүргүзүлөт, ал эми документтер жумушчу күнү аяктагандан кийин келип түшсө - кийинки күндүн биринчи жарымында жүргүзүлөт.
6. Пробация органы түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза мөөнөтү аяктаган күнү, ал эми башка негиздер боюнча ушул жазадан бошотууда - тиешелүү документтерди алгандан кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен соттолгон жазасын кайсыл жерде өтөп жатканы, анын эмгек акысынан кармоолордун токтотулганы жөнүндө ишкананын, мекеменин же уюмдун администрациясына жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.
7. Актоочу өкүм чыгарылганына байланыштуу өкүмдүн жокко чыгарылышынын натыйжасында жазаны өтөөдөн бошотулган адамга мекеменин же жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын администрациясы анын реабилитацияланууга болгон укугун түшүндүрөт. Бошотуу жөнүндө документте акталган адамдан мамлекеттин атынан расмий түрдө кечирим суралат.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
159-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-159" title="159-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>