Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
111-берене. Соттолгондорду социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштер жана психологиялык иштер
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 17-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун керектөөсүнө ылайык жекече тартипте социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштерди жака алар менен психологиялык иштерди өткөрөт.
2. Соттолгондор менен социалдык жактан көнүктүрүү ишинин жана психологиялык иштин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн табуу жана чечүү, аларга дифференциацияланган социалдык жардам көрсөтүү;
2) социалдык-маданий жактан өнүгүшүнө жардам көрсөтүү;
3) аларды социалдык жактан коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;
4) ушул Кодекс менен белгиленген жаза өтөөнүн социалдык турмуш-тиричиликтик шарттарын камсыз кылуу;
5) соттолгондордун социалдык жактан пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүүгө жана бекемдөөгө көмөктөшүү;
6) түзөтүү мекемелеринен бошотулгандан кийин эмгекке жана турмуш-тиричиликтик жайгаштырууга көмөктөшүү;
7) соттолгондун инсандыгын, анын социалдык жана пенсиялык камсыз болууга укугун ырастоочу документтерди алуу;
8) коомчулукту соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө тартуу.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда белгиленген өздөрүнүн компетенциясынын алкагында соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде түзөтүү мекемесинин администрациясына көмөк көрсөтөт.
Соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүү мекемелеринин администрациялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…администрациялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация…Положение · 31.07.2024 · № 442
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 442 "Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана…Постановление · 31.07.2024 · № 442
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары- нын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү…Порядок · 19.11.2018 · № 536 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 536 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам…Постановление · 19.11.2018 · № 536 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 536-токтомуПостановление · 19.11.2018 · № 536
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-111" title="111-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>