Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Бакыт Мытысбекович Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн Каныбек Кыдыкович Омуркановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ Бакыт Мытысбекович Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн Каныбек Кыдыкович Омуркановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө
2019-жылдын 6-майы №03
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн К.К. Омуркановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасына даттануусун соттук отурумда карап чыкты. Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн К.К. Омуркановдун ѳтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 7-февралында Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн К.К. Омуркановдун Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Келтирилген материалдардан Б.М. Мааневдин кызыкчылыгында К.К. Омурканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин начальнигине Б.М. Маанаевди жатак-абакка которуу жөнүндө сотко сунуштама киргизүү жөнүндө кайрылган, кайрылуу берилген учурда Б.М. Маанев Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 50-беренесине ылайык жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөгөн (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзам менен күчүн жоготкон). Бирок андан баш тартылган, анткени уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасаган адамдарга карата жатак-абакка которуу жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу чарасы колдонулбайт (2018-жылдын 14-ноябрындагы чыгыш № 1926 кат). ЖАМКтын № 47 мекемесинин начальнигинин соттолгон Б.М. Маанаевди жатак-абакка которуу жөнүндө сунуштаманы сотко киргизүүдөн баш тартуу түрүндөгү аракеттери Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна даттанылган, сот К.К. Омуркановдун даттануусун канааттандыруусуз калтырган. Сот өзүнүн токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2003-жылдын 2-апрелиндеги № 5 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 7-беренесине ылайык мөөнөтүнөн мурда бошотууну же жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүн жеңилине алмаштырууну колдонуу же колдонбоо мүмкүндүгү жөнүндө маселе мөөнөтүнөн мурда бошотууну же жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүн жеңилине алмаштырууну колдонуу учурунда күчүндөгү мыйзамга ылайык чечилүүсү керек деп жүйөлөштүргөн. Арыздануучу өзүнүн өтүнүчүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык уюшкан кылмыштуу топтун курамында же кылмыштуу топтун жасаган кылмыштары үчүн соттолгондордун жоопкерчилигин күчөткөн Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин (2017-жылдын 31-январындагы) жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (2017-жылдын 2-февралындагы) талашылып жаткан ченемдери өткөн мезгилге карата колдонулбайт жана 2010-жылы соттолгон Б.М. Маанаевге карата колдонулбашы керек деп белгилейт.
К.К. Омурканов Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 5-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен күчүн жоготкон) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2003-жылдын 2-апрелиндеги токтомунун 22-пунктуна ылайык мамлекетте мыйзамсыз сот тажрыйбасы калыптанды, натыйжада Б.М. Мааневдин жана башка соттогондордун конституциялык укуктары орой бузулууда деп эсептейт.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн К.К. Омуркановдун өтүнүчүн карап чыгып, кайрылуу мазмуну боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбейт деген тыянакка келди жана 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасы менен аны өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан. Судьялар коллегиясы, жеке жактар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу субъектилери катары конституциялык контроль органынын алдына мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндө каралган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери алар тарабынан бузулган же бузулушу мүмкүн болгон учурда кое алат деп белгилеген (Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгү). Ошону менен бирге, арыздануучу тарабынан өтүнүчтө талашылып жаткан ченемдердин, мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар менен жаңы милдеттер орнотулган же жоопкерчилик оордотулган учурда алардын өткөн мезгилге карата колдонулуу чектерин орноткон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине карама-каршы келүүсү жөнүндө жүйөлөр келтирилген. Өтүнүчтө талашылып жаткан ченемдер менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндө каралган адамдын жана жарандын, анын ичинде Б.Т. Маанаевдин кайсы укуктары бузулуп жатканы көрсөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу, К.К. Омурканов каралып жаткан өтүнүчтө баяндалган талаптардын алкагында кайрылуу субъекти боло албайт. Судьялар коллегиясы коюлган маселе укук колдонуу чөйрөсүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесине ылайык конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында каралышы мүмкүн эмес деп көрсөткөн. Судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасы менен макул болбостон, К.К. Омурканов 2019-жылдын 25-мартында Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган. Арыздануучу өз даттануусунда, судьялар коллегиясынын талашылып жаткан аныктамада келтирген кайрылуу субъекти туурасындагы негиздемелери Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу деп белгиленген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ карама каршы келет деп көрсөтүүдө. Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесине шилтеме жасап, Б.М. Маанаевге эркинен ажыратылган учурдан тартып коопсуздугу камсыздалышы, өзүн жеке коргоого мүмкүнчүлүк берилиши, адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланыш, ошондой эле коргоочусу болуш керек деп белгилейт. Ушуга байланыштуу, Конституциялык палатада анын кайрылуусун каралуу мүмкүнчүлүгүнөн судьялар коллегиясы тарабынан ажыратуусун негизсиз деп эсептейт.
К.К. Омурканов судьялар коллегиясынын өтүнүчтө талашылып жаткан ченемдер тарабынан Б.М. Маанаевдин кайсы укуктары менен эркиндиктери бузулганы конкреттештирилбеген деген тыянактары менен макул эмес. Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгү, 80-беренесинин 3-бөлүгү, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пункту Б.М. Маанаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндө каралган укуктары жана эркиндиктерин бузуп жатканы ѳтүнүчтѳ көрсөтүлгөн деп белгилейт.
Андан тышкары, К.К. Омурканов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-беренсине ылайык эч ким, анын ичинде Б.М. Маанаев да түзөтүү мекемесинин түрүн соттолгондорго өзгөртүүгө, тактап айтканда анын коргоп жаткан адамын жатак-абагына которууга тыюу салуу түрүндөгү адамкерчиликсиз, катаал же ар-намысты кемсинткен жазанын түрлөрүнө дуушар кылына албайт деп белгилейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесине ылайык адамга жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Арыздануучунун айтканы боюнча, Б.М. Маанаев 2010-жылы кылмыштуу топтун курамында же кылмыштуу топто жасаган кылмышы үчүн жазык-аткаруу мыйзамдары соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүгө тыюу салууну караштырган эмес. Бирок, 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин талашылып жаткан ченемдери күчүнө кирген жана Б.М. Маанаевдин акыбалын оордоткон, бул К.К. Омуркановдун Конституциялык палатага кайрылуусу үчүн негиз болгон. Андан тышкары, арыздануучу ЖАМКтын № 47 мекемесинин начальнигинин Б.М. Маанаевге карата аркеттери мыйзамсыз, себеби Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 50 жана 145-беренелерине карама-каршы келет (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен күчүн жоготкон), ага ылайык өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор жазасынын үчтөн экисин өтөгөндөн кийин жатак-абагына которулушу мүмкүн болуучу дейт. Ал эми, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген талашылып жаткан ченемдер соттологондорго түзөтүү мекемесин өзгөртүүгө тыюу салууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап, кийинкидей тыянактарга келүүдө.
К.К. Омуркановдун Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык эместиги жөнүндө көрсөтүлгөн даттануусундагы жүйөлөрү ал шилтеме жасаган конституциялык орнотмолор менен талашылып жаткан ченемдердин логикалык-укуктук байланышын камтыган жүйөлүү негиздемелери жок. Ошентип, арыздануучу судьялар коллегиясынын аныктамасына даттануу менен судьялар коллегиясынын тыянактары менен шартталган жана аны жокко чыгарууга багытталган аргументтерди келтирген жери жок. Ал өзүнүн көз карашын негиздөөдө кайрылууда баяндалган жүйөлөрдү кайталап келтирүүдө, талашылып жаткан ченемдерди колдонууга байланыштуу жагдайларды жаңыдан баяндап берүүдө.
Судьялар коллегиясы К.К. Омурканов өзүнүн өтүнүчүндө койгон маселелери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети боло албайт деген тыянагы негиздүү, себеби ал корголуучунун кайсы укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканы конкреттештирилген эмес, жөн гана талашылып жаткан ченемдердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине карама-каршы келүүсү жөнүндө жүйөлөр келтирилген. Ушул берененин 5-бөлүгү мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын өткөн мезгилге карата колдонулушунун жалпы эрежелерин аныктаган ченем-принцип болуп саналат жана адамдын жана жарандын конкреттүү субъективдүү укуктарын жана эркиндиктерин орнотпойт. Арыздануучу тарабынан судьялар коллегиясы аны Конституциялык палатага кайрылуу мүмкүндүгүнөн ажыратты деген айтуусу судьялар коллегиясынын тыянактарын туура эмес түшүнүүнүн кесепетти болуп саналат. К.К. Омурканов судьялар коллегиясынын аныктамасында көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү шартында талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүч менен Конституциялык палатага кайталап кайрылууга укуктуу. Ошентип, судьялар коллегиясынын келтирилген кайрылуунун «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарынын мазмуну боюнча ылайык эместиги жөнүндө тыянактары негиздүү болуп саналат. Арыздануучунун кайрылууда келтирген жүйөлөрү укук колдонуучулук чөйрөсүнө таандык жана талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде күмөндүүлүк жаратып жатат деп коюлган маселе боюнча укуктук аргумент катары каралышы мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиздерди тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бакыт Мытысбекович Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн Каныбек Кыдыкович Омуркановдун Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө Бакыт Мытысбекович Маанаевдин кызыкчылыгын көздөгөн Каныбек Кыдыкович Омуркановдун даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон