Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
49-берене. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Негизги катары же коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү белгилөө менен соттоодо белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу мыйзамдарда белгиленген тартипте, соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу негизги жазаны аткаруучу орган же мекеме тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми негизги жазаны өтөгөндөн кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Пробация органдары:
1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;
2) соттолгондун соттун өкүмүндө каралган белгилүү бир кызматты ээлөөгө же белгилүү бир иш жүргүзүүгө тыюу салуунун сакташын контролдойт;
3) соттолгондун иштеген жери боюнча уюмдун администрациясынын, ошондой эле соттолгонго тыюу салынган иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдын өкүмдүн жазма эскертүүлөрүн аткарышын текшерет.
4. Соттолгон же кошумча жаза катары белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза колдонулган пробациялык көзөмөл белгиленген адам негизги жазаны өтөп жаткан ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясынын соттолгонго аткаруу тыюу салынган жумуштарга аны тартууга укугу жок.
5. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аткаруу тыюу салынган жумуштарга аны тартууга укугу жок.
5. алынып салынды: Соттолгон аскер кызматына чакырылган учурда пробация органы аскер комиссариатына, анын жазаны өтөөнүн мөөнөтүнүн аякташын көрсөтүү менен белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөсү жөнүндө кабарландырат.кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-49" title="49-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>