Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
88-берене. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алуусу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жаза өтөө мезгилинде иштеп тапкан акча каражаттарынын, алар алуучу пенсиялардын жана социалдык жөлөк пулдардын эсебинен, ал эми соттолгон балдар - өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы акча каражаттарын накталай эмес эсептешүү боюнча тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып ала алат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чыгымдоого уруксат берилген акчанын жалпы суммасы ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 132-беренелеринде белгиленет.
3. Акчанын уруксат берилген суммасы учурдагы айда чыгымдалбай калган учурда, соттолгондор чыгымдалбай калган суммага кийинки айларда тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып апа алат.
4. Соттолгон кош бойлуу аялдар, соттолгон балдары бар аялдар, I же II топтогу майыптар, ошондой эле дарылоо түзөтүү мекемелеринде болгон соттолгондор өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы каражаттарына тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып апа алат.
5. Соттолгондор тарабынан сатып алууга тыюу салынган буюмдардын жана тамак-аш азыктарынын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алуучу пенсиялардын жана социалдык жөлөк пулдардын эсебинен, ал эми алынып салынды: жашы жетелек соттолгондор кошулду: соттолгон балдар - өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы акча каражаттарын накталай эмес … тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111528/st-88" title="88-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>