Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 24-апрели № 52 Бажылык жөнгө салуу жөнүндө
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68, 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Бажылык жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор
-берене. Бажылык жөнгө салуу жана бажы иши. Бажылык жөнгө салуунун укуктук негиздери
1. Бажылык жөнгө салуу - бул Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы (мындан ары - бажы чек арасы) аркылуу товарларды өткөрүү, алардын Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында (мындан ары - бажы аймагы) же анын чегинен тышкары туруусунун жана анын пайдаланылуусунун тартибин жана шарттарын, товарларды бажы аймагына алып келүүгө жана бажы аймагынан алып чыгууга, товарларды убактылуу сактоого, аларды бажылык декларациялоого жана чыгарууга байланышкан бажы операцияларын, башка бажы операцияларын жүргүзүү тартибин, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө жана бажы контролун жүргүзүү тартибин белгилөөгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуу, ошондой эле бажы органдарынын жана бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ишке ашыруучу адамдардын ортосундагы укуктук мамилелерди регламенттөө.
2. Бажы иши бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерди жана актыларды (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.
3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси (мындан ары - Кодекс) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынбаган бажылык укук мамилелерин, Кодекске ылайык жөнгө салынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу бажылык укук мамилелерин, ошондой эле бажы органдарынын ишин уюштурууну жана камсыз кылууну регламенттөөчү укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуунун укуктук негизин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим), Кодекс, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар, ушул Мыйзам жана кабыл алынышы Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар түзөт.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери (нормалары) колдонулат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Бажы аймагы Бажы аймагын Кыргыз Республикасынын аймагы, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын аймактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан, аларга карата Кыргыз Республикасы өзгөчө юрисдикцияга ээ болгон курулмалар, түзүлүштөр жана башка объекттер түзөт.
3-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу мезгили Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана эгерде Кодексте жана ушул Мыйзамдын 44-главасында башкача белгиленбесе, артка карай күчкө ээ болбойт.
4-берене. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалымат берүү Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалымат берүү Кодекстин 3-беренесине ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-берене. Мөөнөттөрдү эсептөө Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген, убакыттын мезгили же болбосо жагдайдын келип чыгышы менен аныкталган мөөнөттөрдүн башталышын жана аякташын аныктоо Кодекстин 4-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
6-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) тыюу салуулар жана чектөөлөр - бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата колдонулуучу, Бирлик жөнүндө келишимге ылайык бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды кошо алгандагы тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, техникалык жөнгө салуу чаралары, санитардык, ветеринардык-санитардык жана (же) карантиндик фитосанитардык чаралар, эксперттик контролдоо чаралары, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияга карата чаралар жана Бирлик жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген радиациялык талаптар;
2) почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигине мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык почталык байланыш кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуучу жак;
3) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн жана түзбөгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке жактар-резиденттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталгандар;
4) бажы органдары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажыканалар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу ведомстволук башка бөлүктөр;
5) бажы төлөмдөрү - бажы органдары тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте алынуучу бажылык алым, салыктар, бажылык жыйымдар.
2. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка түшүнүктөр Бирлик жөнүндө келишимде, Кодексте жана ушул Мыйзамда аныкталган маанисинде колдонулат.
3. Эгерде Кодексте башкача каралбаса, анда ушул Мыйзамда пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү тармактарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.
7-берене. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын жана Кыргыз Республикасынын бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана салык мыйзамдарын колдонуу
1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүдө, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача каралбаса, бажы декларациясы жана башка бажы документтери катталган күнгө карата колдонуудагы бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулат.
2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн товарларга карата, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.
Эгерде товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күн белгиленбей калса, Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, бузуулар табылган күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.
3. Бажы декларациясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен эки же андан ашык товарга декларация берилген учурда, товарларга биринчи декларация катталган күндөгү бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, салык мыйзамдары колдонулат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо
1. Товарлар Кодекстин 7-беренесинин жана ушул берененин жоболорун эске алуу, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт жана (же) бажы жол-жоболоруна жайгаштырылат.
2. Тарифтик эмес жөнгө салуу, анын ичинде бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды жана техникалык жөнгө салуунун чараларын Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) актылары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө сактоону ырастоо учурлары жана тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Экспорттук контролдоо чараларын, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияларга карата чараларды сактоо ушундай чаралардын сакталгандыгын ырастоочу документтерди жана (же) маалыматтарды берүү жолу менен, экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте ырасталат. Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик, фитосанитардык чаралардын жана радиациялык талаптардын сакталышы санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, радиациялык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун натыйжалары боюнча, Бирлик жөнүндө келишимде жана Комиссиянын ага ылайык кабыл алынган актыларында белгиленген тартипте жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ырасталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Бажы документтери
1. Бажы органына берилген бажы документтери мамлекеттик жана расмий тилде толтурулат.
Кыргыз Республикасынын аймагында толтурулуучу жана Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин (мындан ары - мүчө-мамлекет) бажы органдарына көрсөтүлүүгө тийиш болгон бажы документтери бажы операцияларын жүргүзүүдө расмий тилде толтурулат.
2. Бажы документтеринде код түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Комиссия тарабынан бекитилген классификаторлорду пайдалануу менен көрсөтүлөт.
3. Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык электрондук документ түрүндөгү бажы документтеринин структурасы жана форматы Комиссия тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, электрондук документ түрүндөгү бажы документтеринин структурасы жана форматы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
4. Кодекстин 8-беренесинин 5-пунктунда белгиленген учурда, бажы документтеринин формаларын толтуруу тартиби жана (же) бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5. Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда каралбаган бажы документтери, мындай бажы документтеринин формалары, бул формаларды толтуруунун, мындай бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-глава
Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, аларга бажы аймагында же анын чегинен тышкары ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө жөнүндө жалпы жоболор
10-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү
1. Бардык жактар товарларды Кодексте белгиленген же Кодекске ылайык тартипте жана шарттарда бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө бирдей негиздерде укуктуу.
2. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык бажылык контролдоого жатат.
11-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер
1. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырылат.
Товарлардын айрым категориялары бажы чек арасы аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өткөрмө пункттарында гана өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнүн башка жерлерин белгилеши мүмкүн.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка жерлердеги бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерден башка жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн болгон товарлардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ушул берененин жоболору куурдук транспорт жана электр өткөрүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө колдонулбайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-берене. Бажы органдарына алдын ала маалыматтарды берүү
1. Алдын ала маалыматтарды берүүнүн максаты болуп товарларды бажы аймагына алып келгенге чейин тобокелдиктерди баалоо жана объекттерди, бажы контролунун формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды тандоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн, бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө пландалган товарлар жөнүндө маалыматтарды бажы органдарынын алуусу саналат.
Алдын ала маалымат бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү жана бажы контролун оптималдаштыруу үчүн пайдаланылат.
2. Алдын ала маалымат, Кодекстин 11-беренесине ылайык, ушул берененин жоболорун эске алуу менен бажы органдарына берилет.
3. Алдын ала маалымат бажы органына, жактын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Алдын ала маалымат аны ташуучу, же болбосо Кодекстин 82-беренесинин 4-пунктунда, 83-беренесинде, 88-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн башка жактар тарабынан бажы органына берилген учурдан тартып юридикалык мааниси бар фактылар жөнүндө күбөлөндүрүүчү юридикалык жактан маанилүү маалымат болуп калат. Алдын ала маалыматка кирүүчү берилип жаткан маалыматтар анык жана документ түрүндө ырасталган маалыматка негизделүүгө тийиш. Алдын ала маалыматта көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жактар жоопкерчилик тартат.
4. Бажы органы берилген алдын ала маалыматты каттоодон өткөрөт же Комиссия тарабынан аныкталуучу тартипте жана мөөнөттө аны каттоодон баш тартат.
Бажы органы алдын ала берилген маалыматты ага каттоо номерин ыйгаруу жолу менен каттоодон өткөрөт. Эгерде берилген маалымат Комиссия тарабынан аныкталган курамга, структурага жана форматка жана (же) ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбесе, бажы органы алдын ала маалыматты каттоодон баш тартат. Алдын ала маалыматтын каттоо номерин көрсөтүү менен аны каттоо жөнүндө маалымат же болбосо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен аны каттоодон баш тартуу жөнүндө маалымат алдын ала маалыматты берген жакка электрондук формада жөнөтүлөт.
5. Алдын ала маалыматтар Кодекстин 11-беренесинин 12-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы органдарынын маалыматтык системаларында сакталат.
6. Милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон алдын ала маалымат берилбегенде же аны берүү мөөнөтү сакталбаганда, товарларды декларациялоого байланышкан бажы операциялары алдын ала маалымат берилгенге чейин жүргүзүлбөйт.
7. Алдын ала маалыматтар Кодекстин 11-беренесинин 15-пунктунун 1-7-пунктчаларында аныкталган товарларга карата, ошондой эле Комиссия тарабынан аныкталган учурларда башка товарларга карата берилбеши мүмкүн.
Алдын апа маалымат куурдук транспорт же электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата берилбейт.
8. Бажылык декларациялоо Кодекстин 114-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырылуучу товарларга карата электрондук документ түрүндө берилген бажы декларациясында билдирилген маалыматтар, Комиссия тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте алдын ала маалымат катары пайдаланылышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо Товарлар Кодекстин 12-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт.
14-берене. Бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө
1. Бажы аймагына алып келинген товарлар бажы чек арасынан өткөндөн кийин жана бажы органдары чыгарганга чейин, аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 14 жана 16-главаларында, ал эми айрым категориядагы товарларга карата - Кодекстин 37-431-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
2. Товарлар аларды бажы органдары чыгаргандан кийин бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө товарлар жайгаштырылган бажы жол-жобосуна ылайык же бажылык декларациялоого жана (же) бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан чыгарууга жаткан товарлардын айрым категориялары үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
3. Бажы аймагынан ташып чыгыла турган товарлар ташып кетилүүчү жерге келгенден кийин аларга бажы чек арасынан өткөнгө чейин ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 2 жана 15-главаларында, ал эми товарлардын айрым категорияларына карата Кодекстин 37-43-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүнд белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Товарлардын бажы контролунда турушу
1. Кодекстин 14-беренесинде белгиленген учурларда товарлар бажы контролунда турат деп эсептелет.
2. Бажы органы тарабынан Кодекстин 14-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды, ошондой эле Кодекстин 14-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн, Кодекстин 210 жана 218-беренелерине ылайык Бирликтин товарлары деп таанылбаган товарларды авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жок кылуу жана (же) кайтарымсыз жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарымсыз жоготуу фактысын таануу, Комиссия тарабынан аныкталуучу учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Жараксыз болгон, бузулган же зыянга учураган товарлар Бажы аймагына ташып келинген товарлар бажы аймагына жараксыз, бузулган же зыянга учураган абалда ташып келинген товарлар катары Кодекстин 15-беренесине ылайык каралат.
17-берене. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар
1. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга, ал эми өздүк пайдалануу үчүн товарлар - эркин жүгүртүүгө чыгарылууга жатпайт. Көрсөтүлгөн товарлар ушундай чечим күчүнө кирген күндөн тартып Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарлары статусуна ээ болот.
2. Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар тиешелүү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине акча каражаттары чегерилген учурдан тартып Бирликтин товарлары статусуна ээ болот, бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга жатпайт.
3. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн жана (же) соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, аларды ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, мындай товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуудан түшкөн суммаларды тескөө Кодекстин 383-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды сатуу же жок кылуу Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)
18-берене. Кызыкдар жактар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан товарлардын сынамыгын жана (же) үлгүлөрүн тандоо Кызыкдар жактар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан товарлардын сынамыгын жана (же) үлгүлөрүн тандоо Кодекстин 17-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
19-берене. Бажы органдарына отчёттуулукту берүү
1. Бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жана эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга, ошондой эле Бирликтин товарларына ээлик кылуучу жана (же) аларды пайдалануучу жактар сактоодо турган, ташылуучу, сатылуучу, кайра иштетилүүчү жана (же) пайдаланылуучу товарлар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн бажы операциялары жөнүндө отчёттуулукту бажы органдарынын талабы боюнча гана берүүгө милдеттүү.
2. Отчёттуулукту берүү ыкмасы, отчёттордун формасы, аларды толтуруу тартиби, ошондой эле отчёттуулукту берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы. Товарларды классификациялоо
20-берене. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы
1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы (мындан ары - Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы) бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, ташып чыгуу бажы алымдарын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонуу, бажы статистикасын жүргүзүү максатында товарларды классификациялоо үчүн пайдаланылуучу товарларды сыпаттоо жана аларга код берүү системасы болуп саналат.
2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизи болуп Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Товарларды сыпаттоонун жана аларга код берүүнүн шайкештөө системасы жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы саналат.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышат;
2) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.
21-берене. Товарларды классификациялоо
1. Декларант жана башка жактар товарларды классификациялоону Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бажылык декларациялоодо жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык бажы органына Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын коду билдирилген башка учурларда жүзөгө ашырат.
Эгерде Кодекске ылайык бажы декларациясында Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын коду жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү каралбаса, бажылык декларациялоодо товарларды классификациялоо жүзөгө ашырылбайт.
2. Товарларды классификациялоонун тууралыгын текшерүү бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бажы органы товарларды классификациялоону жүзөгө ашырган учурлар Кодекстин 20-беренесинин 2-пунктунда белгиленген.
3. Бажы органы тарабынан товар чыгарылганга чейин да, чыгарылгандан кийин да туура эмес классификациялоо аныкталганда, товарды классификациялоо жөнүндө чечим бажы органы тарабынан он төрт жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы бажылык, башка документтерге жана (же) маалыматтарга Кодекстин 325 жана 326-беренелерине ылайык текшерүү жүргүзөт, ал эми товарларды чыгаруу Кодекстин 121-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат, же болбосо мындай товарлар убактылуу сактоого жайгаштырылат.
Эгерде товарларды бажылык декларациялоодо берилген документтерде товарларды чыгарганга чейин аларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл, билдирилген маалыматтар камтылбаса же ырасталбаса, бажы органы Кодекстин 325-беренесинин 4-пунктуна ылайык, товардын сыпаттамасын, анын функциялык багытын жана мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле анын пайдалануу жааты жана Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын классификациялык кодун аныктоого таасир этүүчү анын негизги касиеттери тууралуу маалымат (техникалык документация, товардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө өндүрүүчүнүн маалыматы) камтылган документтерди суратып алууга укуктуу. Документтер жана маалыматтар суралган жак мындай документтерди жана маалыматтарды Кодекстин 325-беренесинин 7-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү. Кодекстин 121-беренесине ылайык товарлар чыгарылган учурда, товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бажы органы сураган кошумча документтер жана маалыматтар Кодекстин 325-беренесинин 14-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө берилет. Ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бажы органы тарабынан товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар суралганда, ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттүн өтүшү тиешелүү документтер жана маалыматтар берилгенге чейин токтотулуп турат.
4. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кагаз жүзүндөгү документ түрүндө даярдалат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алган бажы органынын аталышын;
- декларанттын аталышын;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;
- товардын аталышын;
- товарды классификациялоо үчүн зарыл маалыматтарды;
- Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча он орундуу классификациялык кодду;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин негиздемесин, ага кошуп мындай чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон себептерди;
- бажы органы тарабынан Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын туура эмес классификациялык кодун аныктаган товардын номерин, документтин номерин (бажы декларациясынын же бажы декларациясы катары пайдаланылган башка документтин);
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алган бажы органынын кызмат адамдарынын кызмат орундарын, фамилияларын жана аты-жөндөрүн жана алардын кол тамгаларын (бажы органынын начальниги жана аткаруучу).
5. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимде товардын кодуна таасирин тийгизбеген каталар табылганда, бажы органы товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алат.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алган бажы органынын аталышын;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;
- товардын аталышын;
- декларанттын аталышын;
- өзгөртүүлөр киргизилүүчү товарды классификациялоо жөнүндө чечим тууралуу маалыматты, ошондой эле оңдолгон маалыматтар көрсөтүлгөн графалардын номерин;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алган бажы органынын кызмат адамдарынын кызмат орундарын, фамилияларын жана аты-жөндөрүн жана алардын кол тамгаларын (бажы органынын начальниги жана аткаруучу).
Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кагаз жүзүндөгү документ түрүндө даярдалат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Товарларды классификациялоо жөнүндө чечим же товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим бажы органы тарабынан кабыл алынганда, мындай чечим декларантка Кодекстин 119-беренесинде белгиленген товарларды чыгаруу мөөнөтүндө, бир эле убакта Кодекстин 112-беренесинин 2-пунктунда каралган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тууралуу талап менен, же болбосо товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролунун жыйынтыктары боюнча бажы органы тарабынан чечим кабыл алынышы үчүн Кодекске ылайык белгиленген мөөнөттөрдө, бир эле убакта Кодекстин 112-беренесинин 3-пунктунда каралган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө чечим менен маалымдалат.
Эгерде товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу кабыл алынган чечим бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү зарылдыгына алып келбесе, мындай чечим декларантка Кодекстин 119-беренесинде белгиленген товарларды чыгаруу мөөнөттөрүндө, же болбосо, эгерде мындай чечим товарлар чыгарылгандан кийин кабыл алынса, ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымдалат.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөгө таасирин тийгизүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим бажы органы тарабынан төлөөчүгө бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммалары жөнүндө билдирүү жөнөтүү же бажы органы тарабынан бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
8. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин, товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин формалары жана аларды толтуруу тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди Кодекстин 23-25-беренелеринде аныкталган тартипте кабыл алат.
23-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдер жана түшүндүрмөлөр
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууга жана түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн чечимдер жана түшүндүрмөлөр бажы аймагында бажы органдары тарабынан товарларды классификациялоодо милдеттүү болуп саналат.
2. Ушул берененин жоболорун колдонуу максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрү деп конкреттүү аталыштары, конкреттүү маркасы, модели, артикулу, модификациясы жана башка ушуга окшош жеке мүнөздөмөсү бар товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бир кодго киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү жалпы классификациялык белгилерге ээ болгон товарлардын жыйындысы түшүнүлөт.
24-берене. Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, мындай алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу же аны чакыртып алуу
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кодекстин 26-беренесине ылайык, товарды классификациялоо жөнүндө өзү кабыл алган алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди, ошондой эле товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө же чакыртып алуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
2. Товарды классификациялоо тууралуу алдын ала чечимди чакыртып алуу жөнүндө чечим Кодекстин 26-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган учурда, Дүйнөлүк бажы уюмунун тиешелүү чечимдери расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат жана мындай чечимдер күчүнө кирген күңдөн тартып күчүнө кирет.
25-берене. Бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды классификациялоо
1. Убакыттын кандайдыр бир мезгилинин ичинде өзүнчө компонент түрүндө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарлар (мындан ары - кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товар) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык, төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда, комплекттелген же бүтүрүлгөн товарлардын коду менен классификацияланышы мүмкүн:
1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим бар болгондо;
2) бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында товарды бажылык декларациялоо бир бажы органына бир декларант тарабынан жүзөгө ашырылса;
3) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим берилген жак товардын компонентинин декларанты болуп саналса;
4) декларант, товарды жеткирүү мөөнөттөрү, товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык санын жана кодун көрсөтүү менен товардын жана ага кирген компоненттердин сыпаттамасы камтылган пландалган жеткирүүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама бажы органына берилсе.
Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарга карата Кодекстин 23-26-беренелеринде аныкталган тартипте мындай товарды квалификациялоо жөнүндө алдын ала чечим алынышы мүмкүн.
2. Комплекттелген же бүтүрүлгөн товардын кодун Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүү менен, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды бажылык декларациялоо ушул Мыйзамдын 101-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Эгерде Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын бардык компоненттерин чыгаруу жүзөгө ашырылбаса, мындай компоненттер Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүлгөн компоненттерге карата колдонулуучу Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык коддор боюнча классификацияланат.
26-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз
1. Декларант кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн, товарды чыгарып берүү жүзөгө ашырылуучу бажы органына жазуу жүзүндө арыз берет.
Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын компоненттерин, бажы транзитинин бажы жол-жобосун жана бажы кампасынын бажы жол-жобосун кошпогондо, бажы жол-жобосу астында жайгаштырууга чейин берилет.
2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жак жөнүндө маалымат;
2) товар жөнүндө маалымат (аталышы, товардын компоненттеринин тизмеги);
3) товарды берүү мөөнөтү;
4) товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалымат;
5) товарды бажылык декларациялоо жүзөгө ашырылуучу региондогу бажы органынын аталышы.
3. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
1) товарга карата тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн тастыктоочу документтер;
2) товардын компоненттеринин кагаз жана электрондук түрдөгү (таблица түрүндө) тизмектери, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн аталыштары;
б) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын компоненттеринин коддору;
в) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында колдонулуучу өлчөө бирдиктериндеги саны жана (же) салмагы;
3) арналышын, аткаруучу функцияларын, аракеттенүү принцибин, алар жасалган материалды көрсөтүү менен товардын айрым компоненттеринин сыпатталышы;
4) куроо (монтаждоо) чиймеси (схемасы).
4. Эгерде тапшырылган документтер жана маалыматтар кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде кошумча маалымат берүү зарылдыгы жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.
Кошумча маалымат арыз берүүчүнү кабарландырган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилиши керек.
5. Бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат, эгерде:
1) арыз ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу болбогон жак тарабынан берилсе;
2) бажы органы тарабынан суралган кошумча маалымат ушул берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же болбосо ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жак товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тартса;
3) арызда жана ага тиркелген документтерде карама-каршы маалыматтар камтылса;
4) бажы аймагына ташып келинүүгө тийиш болгон компоненттер Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бирдиктүү код менен классификациялануучу товарды түзбөсө;
5) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин бөлүгү, бажы транзитинин бажы жол-жобосун жана бажы кампасынын бажы жол-жобосун кошпогондо, бажы жол-жобосу астында жайгаштырылса.
27-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү жана мындай чечимге коюлуучу талаптар
1. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кошумча маалымат берүү зарыл болгон учурда, жакты бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама катталган күндөн тартып мөөнөттүн өтүүсү токтотулат жана суралган маалыматты камтыган акыркы документти бажы органы алган күндөн тартып кайрадан улантылат.
2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган бажы органынын аталышы;
2) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номери жана анын кабыл алынган датасы;
3) мындай товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жак жөнүндө маалымат;
4) товардын толук аталышы;
5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин жүйөлөрү жана негиздери;
6) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын он орундуу коду;
7) товардын компоненттеринин тизмеги, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрдүн аталышы;
б) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын компоненттеринин коду;
в) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзгөн бөлүктөрдүн Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында колдонулуучу өлчөө бирдигиндеги саны жана салмагы;
г) товардын компоненттерин ташып киргизүүчү тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн тастыктоочу документтердин же бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка документтердин реквизиттери;
8) товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалымат;
9) кабыл алынган чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалыматтар.
3. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге бажы органынын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол коёт жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
28-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жакка кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонууну токтотуу же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жиберилет.
2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат, эгерде:
1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жактын жасалма документтерди тапшыргандыгы же жалган маалымат бергендиги бажы органы тарабынан аныкталса;
2) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин акыркы партиясына карата бажы декларациясы Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда каралган мөөнөттө берилбесе;
3) мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жак товарды берүүдөн, анын ичинде товардын айрым компоненттери бажы аймагына алып келингенден кийин жазуу жүзүндө баш тартса.
3. Эгерде товардын жасап чыгарылган компоненттери Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде көрсөтүлгөн бүтүрүлгөн же комплекттелген товардын коду менен классификацияланса, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
4. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге төмөнкүдөй учурларда өзгөртүүлөр киргизилет:
1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы өзгөргөндө;
2) Комиссия же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органдары аткарууга милдеттүү болгон, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим кабыл алынганда же түшүндүрмө берилгенде;
3) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алууда же арыз берүүчү тарабынан документтерди даярдоодо кетирилген каталар, жаңылыштыктар айкындалганда;
4) эгерде мындай өзгөртүү товарга же анын айрым компоненттерине тиешелүү болсо, тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө.
6. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.
7. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотууда же ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул беренеде көрсөтүлгөн товардын айрым компоненттери Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык ошол компоненттерге карата колдонулуучу коддор боюнча Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификацияланат.
29-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдердин, товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдердин жана түшүндүрмөлөрдүн, кураштырылбаган же ажыратылган түрдө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин айкындуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттик, коммерциялык, банктык же башка сырларды түзгөн маалыматтардан, же болбосо кызыкдар жакка тиешелүү купуя маалыматтардан тышкары, бажы органдары тарабынан кабыл алынган товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерден, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдерден жана түшүндүрмөлөрдөн, кураштырылбаган же ажыратылган түрдө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдерден алынган маалыматтар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
4-глава. Товарлардын келип чыгышы
30-берене. Товарлардын келип чыгышын аныктоо
1. Бажы аймагына алып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо Бирлик жөнүндө келишимде каралган максаттарда жана товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери (мындан ары - ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери) боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Мүчө-мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгон учурда, эгерде Комиссия актыларында башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыккан өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.
3. Бажы аймагынан ташып чыгылуучу товарлардын келип чыгышы, эгерде Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Бирликтин үчүнчү тарап менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринде же Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдеринде башкача эрежелер белгиленбесе, Комиссия тарабынан белгиленген эрежелер боюнча аныкталат.
31-берене. Товарлардын келип чыгышын аныктоонун өзгөчөлүктөрү
1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча бир партия менен жөнөтүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлар бир нече партия менен жөнөтүлсө, бир нече партия менен жөнөтүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарлар алар чыккан өлкөнү аныктоодо бирдиктүү товар катары каралат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору төмөнкүдөй шарттар менен колдонулат:
1) партиялар менен берилүүчү, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарлар жөнүндө, мындай берүүнүн себебин көрсөтүү менен, Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын коддорун, ар бир партиянын өзгөчөлүгүн, ар бир партияга кирген товарлардын наркын жана чыккан өлкөсүн көрсөтүү менен бажы органдарын алдын ала кабардар кылуу же болбосо товарларды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгын документ түрүндө ырастоо;
2) товарлардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир берүүчү тарабынан берүү;
3) товарлардын бардык партияларын бир бажы органына декларациялоо;
4) товарлардын бардык партияларын бажы органы товарларга декларацияны каттаган же болбосо товарлардын биринчи партиясына карата декларация берүү мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө ташып келүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт декларанттын жүйөлүү суроо-талабы боюнча бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын алып келүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат жана Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш.
3. Товарлар чыккан өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн пайдаланылган энергиянын, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын келип чыгышы эсепке алынбайт.
4. Машиналарда, жабдууларда, аппараттарда же транспорттук каражаттарда пайдаланууга арналган жабдыктар, запастык бөлүктөр жана шаймандар, алар адатта ушул түзүлүштөр менен бирге берилүүчү комплектацияда жана санда ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорттук каражаттар менен чогуу алып келинген жана сатылган шартта, ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорттук каражаттар чыккан өлкөдөн келип чыккан деп эсептелет.
5. Товар бажы аймагына алып келинген таңгак, аны товардан өзүнчө декларациялоого тийиш болгон учурларды кошпогондо, товардын өзү чыккан өлкөдөн келип чыккан деп эсептелет. Ал эми аталган учурларда таңгак чыккан өлкө товар чыккан өлкөдөн өзүнчө аныкталат.
Товар чыккан өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүштүн эрежелерин колдонууда, товар бажы аймагына алып келинген таңгак товардын өзү чыккан өлкөдөн чыккан деп эсептелген учурларда, товар чекене соодада адатта сатылган таңгак гана эсепке алынат.
32-берене. Товар чыккан өлкөнү ырастоо
1. Товарлардын келип чыгышы, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонуу товарлардын келип чыгышына жараша боло турган бардык учурларда ырасталат.
2. Товарлардын келип чыгышын ырастоо төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт, эгерде:
1) бажы аймагына алып келинүүчү товарлар бажылык транзит бажы жол-жобосу астында жайгаштырылса;
2) товарлар Кодекстин 37 жана 43-1-главаларына ылайык (жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлсө;
3) ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же алып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде каралган башка учурларда.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан, товарлардын келип чыгышы төмөнкүдөй учурларда тастыкталат, эгерде бажы органы тарабынан мындай өлкөдөн (өлкөлөр тобунан, өлкөлөрдүн бажы бирлигинен, региондон же өлкөнүн бөлүгүнөн) чыккан товарларга карата төмөндөгүлөргө тыюу салынганынын белгилери табылса:
1) Бирлик жөнүндө келишимге ылайык белгиленген тыюу салууларга жана чектөөлөргө ылайык, бажы аймагына же мүчө-мамлекеттин аймагына алып келүүгө;
2) Бирлик жөнүндө келишимге ылайык белгиленген тыюу салууларга жана чектөөлөргө ылайык, бажы аймагынан же мүчө-мамлекеттин аймагынан алып чыгууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык бажы аймагы боюнча транзиттөөгө;
5) эгерде бажы аймагына алып келинүүчү товарлар мындай товарлар келип чыккан өлкө болуп саналбаган, алар ташып чыгылган өлкөнүн аймагында буга чейин эркин жүгүртүүгө чыгарылса;
4. Товарды келип чыгышы жөнүндө декларация же товардын келип чыгышы тууралуу сертификат товардын келип чыгышы жөнүндө документ болуп саналат. Товардын келип чыгышы алып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине же алып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык, товардын келип чыгышы жөнүндө декларация же товардын келип чыгышы тууралуу сертификат менен ырасталат.
5. Эгерде товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты көрсөтүү талап кылынбаса, чыгарылган өлкө товарлардын келип чыгышы жөнүндө декларацияда тастыкталат.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө декларация
1. Товардын келип чыгышы жөнүндө декларация - товарларга тиешеси бар жана товардын келип чыгышы жөнүндө, товар чыккан өлкөнүн (өлкөлөрдүн тобунун, өлкөлөрдүн бажы бирлигинин, региондун же өлкөнүн бөлүгүнүн) же товарлар алып чыгылуучу өлкөнүн (өлкөлөрдүн тобунун, өлкөлөрдүн бажы бирлигинин, региондун же өлкөнүн бөлүгүнүн) товарды даярдоочусу, сатуучусу же берүүчүсү билдирген маалыматтарды камтуучу коммерциялык же ар кандай башка документ.
2. Эгерде товарлардын келип чыгышы жөнүндө декларацияда билдирилген, товардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар алардын колдонулушу ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же ташып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде белгиленген критерийлерден башка критерийлерге негизделсе, товарлардын келип чыгышы жөнүндө мындай декларация товарлардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.
34-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат
1. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификат - товар чыккан өлкө жөнүндө бир мааниде күбөлөндүрүүчү жана ушул өлкөнүн жана эгерде ташып чыгылуучу өлкөдө сертификат товар чыккан өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, ташып чыгылуучу өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген документ.
Эгерде товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатта товардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтардын колдонулушу ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же ташып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде белгиленген критерийлерден башка критерийлерге негизделсе, товарлардын келип чыгышы жөнүндө мындай сертификат товарлардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.
2. Товарларды бажы аймагынан алып чыгууда товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат, эгерде аталган сертификат контракттын шарттары боюнча, товарлар ташып киргизиле турган өлкөнүн эрежелери боюнча зарыл болсо же аталган сертификаттын бар болушу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралса, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген органдар же уюмдар тарабынан берилет.
Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана товардын келип чыгышын аныктоого негиз болгон башка документтерди товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берилген күндөн тартып кеминде үч жыл сактоого милдеттүү.
3. Бажы аймагына ташып келинүүчү товарларды бажылык декларациялоодо товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат бажы декларациясы жана башка документтер менен кошо берилет. Сертификат жоголуп кеткен учурда анын расмий күбөлөндүрүлгөн дубликаты кабыл алынат.
4. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат талаптагыдай эмес жол-жоболонгонунун же болбосо анда анык эмес маалыматтар камтылгандыгынын белгилери табылган учурда, товардын келип чыгышы жөнүндө мындай сертификат товардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.
Бажы органы ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурда, товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү жөнүндө кайрылууга укуктуу.
5. Эгерде сертификатты берүү милдеттүү болсо, товардын келип чыгышы жөнүндө талаптагыдай жол-жоболонгон сертификат же суралган кошумча документтер же болбосо тактоочу маалыматтар берилгенге чейин товар ушул өлкөдөн чыккан деп саналбайт.
Бажы органдары кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү жөнүндө, ошондой эле иргеп текшерүү жүргүзүү максатында, товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажылык декларациялоодо билдирилген, ошол товар чыккан өлкө жөнүндө маалыматтардын негизинде товарды чыгарып берүүгө тоскоолдук кылбайт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-берене. Тарифтик преференцияларды калыбына келтирүү
1. Эгерде товардын келип чыгышы ушул Мыйзамдын 32-34-беренелерине ылайык так ырасталбаса, мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген ставкалар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата тарифтик преференциялар бажы органдары товарларга декларацияларды каттаган күндөн тартып он эки ай өткөнгө чейин ушул товарлар чыккан өлкө ырасталган шартта калыбына келтирилет. Мындай учурда ташып келүүдөгү бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайра кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) тийиш.
36-берене. Бажы аймагына ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдер
1. Жактардын арыздары боюнча бажылык декларациялоодо бажылык операцияларды жүргүзүү убактысын кыскартуу максатында, бажы органдары товарларды бажылык декларациялоого чейин бажы аймагына ташып келинген мындай товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдерди (мындан ары - товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим) кабыл алат.
Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим бажы органы товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тууралуу арызды каттаган күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат. Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тартиби Кодекстин 33-35-беренелеринде аныкталган.
2. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим кабыл алынган товарларды бажылык декларациялоодо, алардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар ушундай алдын ала чечимге товарлардын декларациясында ылайык көрсөтүлөт.
37-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдин колдонууну токтотуу же аны чакыртып алуу Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди колдонууну токтотуу же аны чакыртып алуу тартиби Кодекстин 36-беренесинде белгиленген.
5-глава. Товарлардын бажылык наркы
38-берене. Товарлардын бажылык наркын аныктоо, декларациялоо жана контролдоо
1. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы аймагына алып келүүдө алардын бажылык наркын аныктоо Кодекстин 5-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын бажылык наркын декларациялоо жана контролдоо Кодекстин 105 жана 313-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын бажылык наркын аныктоо жана декларациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Декларант тарабынан билдирилген товардын бажылык наркын аныктоонун тууралыгын тастыктоочу маалыматтар болбогон учурда, бажы органы ушул Мыйзамдын 65-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо шартында, Кодекстин 121-беренесине ылайык товарды чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу.
5. Декларант товардын бажылык наркын аныктоо боюнча бажы органынын чечимине макул болбогондо, мындай чечим ушул Мыйзамдын 29-главасында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген учурларда, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, товарлардын чет өлкөлүк өндүрүүчүсүнүн макулдугу менен, товардын бажылык наркын аныктоо үчүн ушул чет өлкөлүк өндүрүүчү тарабынан же анын атынан берилген документтер же маалыматтар бул товарлар өндүрүлгөн өлкөдө Кыргыз Республикасынын ушундай эл аралык келишимдерине ылайык текшерилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-берене. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча жабдуу үчүн программалык камсыз кылууну алып жүрүүчүлөрдү баалоо Программалык камсыз кылууну алып жүрүүчүлөрдүн бажылык наркы Комиссиянын актысына ылайык аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II. БӨЛҮМ БАЖЫ ТӨЛӨМДӨРҮ, АТАЙЫН, ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ, КОМПЕНСАЦИЯЛЫК АЛЫМДАР
6-глава. Бажы төлөмдөрү жөнүндө жалпы жоболор
40-берене. Бажы төлөмдөрү
1. Бажы төлөмдөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) ташып келүүдөгү бажы алымы;
2) ташып чыгуудагы бажы алымы;
3) кошумча нарк салыгы;
4) акциздер (акциздик сапыктар);
5) бажы жыйымдары.
6) электрондук соода товарларына карата бажы алымы.
2. Жеке пайдалануу үчүн бажы аймагына ташып келинүүчү товарларга карата Кодекстин 37-главасына ылайык бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.
3. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата электрондук соода товарларына карата бажы алымы жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында бул каралган учурда - салыктар төлөнүүгө тийиш.
Электрондук соода товарларына карата бажы алымы Кодекстин 43-1-главасына ылайык төлөнүүгө тийиш. (КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
41-берене. Бажы жыйымдары
1. Бажы жыйымдары болуп төмөнкүлөр үчүн алынуучу төлөмдөр саналат:
1) товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жүргүзүү;
2) транспорттук каражаттарды бажылык коштоо;
3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу;
4) алдын ала чечимди кабыл алуу.
2. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн бажы наркынан жана (же) эсептик көрсөткүчтөрдө алынуучу жыйымдардын өлчөмдөрү, анын ичинде бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдардын максималдуу жана (же) минималдуу өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:
1) бекер жардам (көмөк) көрсөтүү максатында бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жүргүзүүдө;
2) (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) нумизматикалык максатта колдонуудан тышкары, акциздик маркаларды жана валюталарды чыгарууга байланышкан бажы операциялары бажы органдары тарабынан жүргүзүлгөндө;
4) мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосу билдирилгенде;
5) мамлекеттик же муниципалдык музейлер, архивдер, китепканалар, башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар тарабынан экспонаттоо максатында маданий баалуулуктарды убактылуу ташып келүүнүн (жетимдүү кылуунун) бажы жол-жобосуна же убактылуу ташып чыгуунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган маданий баалуулуктарга карата, ошондой эле товарларды тиешелүү түрдө кайра экспорттоо жана кайра импорттоо бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда аталган бажы жол-жоболорунун колдонулуусу аяктаганда;
6) дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, чет мамлекеттердин башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын персоналы тарабынан бажы аймагына ташып келинүүчү жана бажы аймагынан ташып чыгылуучу товарларга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктардан, жеңилдиктерден жана (же) иммунитеттерден пайдалануучу чет өлкөлүк адамдардын айрым категорияларынын өздүк колдонуусуна арналган товарларга карата;
7) товарларды оозеки формада декларациялоодо;
8) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмекке ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарларга карата;
9) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринде белгиленген башка учурларда.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
42-берене. Бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн жыйым
1. Кодекстин 341 жана 343-беренелеринде белгиленген учурларда бажы органдары бажылык коштоону, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууга укуктуу.
2. Товарларды ташып бараткан ар бир транспорттук каражатты, ошондой эле товар болуп эсептелген транспорттук каражатты бажылык коштоо үчүн, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн аралыктын ар бир километрине эсептик көрсөткүчтүн 1/10 (ондон бир) өлчөмүндө бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар алынат.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн жыйымдар Алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө алынат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
44-берене. Бажы жыйымдарын төлөөчүлөр, бажы жыйымдары салынуучу объекттер, бажы жыйымдарын эсептөө үчүн база, бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, бажы жыйымдарын өндүрүү жана кайра кайтарып берүү (эсепке алуу), аларды төлөө мөөнөтү жана тартиби
1. Декларант жана бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдет келип чыккан башка жактар бажы жыйымдарын төлөөчүлөр болуп эсептелет.
2. Бажы жыйымдары салынуучу объекттер болуп бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар саналат.
3. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдарды эсептөөгө карата база болуп товарлардын бажылык наркы эсептелет. Бажы аймагына жеке жактар тарабынан ташып келинүүчү транспорттук каражаттарга карата бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдардын тастыктала турган өлчөмдөрү аныкталат. Электрондук соода товарларына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бажы органдарынын товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүсү үчүн жыйымдардын белгиленген өлчөмдөрү аныкталат.
4. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдар бажы декларациясын бергенге чейин жана аны берүү менен бир убакытта төлөнөт.
5. Бажылык коштоо үчүн, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн бажы жыйымдары бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу иш жүзүндө жүзөгө ашырылып баштаганга чейин да, багытталган бажы органында бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу аяктагандан кийин да төлөнүшү мүмкүн.
6. Алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым арызды берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.
7. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүүдө бажы органдарынын товарды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөөнүн мөөнөтү болуп бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөрүлгөн күн, ал эми, эгерде бул күндү аныктоо мүмкүн болбогон учурда - товарларды мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталган күн эсептелет.
8. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөө боюнча милдет бажы жыйымдарын төлөөчүдө бажы декларациясын каттаган учурдан тартып келип чыгат.
Бажылык коштоо үчүн жыйымды жана алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйымды төлөө боюнча милдет көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн жак бажы органына кайрылганда келип чыгат.
9. Бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдет төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдеттер аткарылганда;
2) бажы органдары бажы жыйымдарын өндүрүп алганда;
3) бажы декларациясы чакыртып алынганда же товарларды чыгаруу жокко чыгарылганда.
10. Бажы жыйымдары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эсептелет жана ушул Мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке төлөнүүгө тийиш.
11. Бажы жыйымдарын өндүрүп алуу жана кайра кайтарып берүү (эсепке алуу) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бажы алымдарын, салыктарды өндүрүп алууга жана кайтарып берүүгө (эсепке алууга) жараша жүргүзүлөт.
12. Бажы жыйымдарын төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
45-берене. Аванстык төлөмдөр
1. Аванстык төлөмдөр деп алдыда турган бажы алымдарын, салыктарын, бажы жыйымдарын төлөө эсебине киргизилген жана конкреттүү товарларга карата бажы алымдарынын, салыктарынын, бажы жыйымдарынын конкреттүү түрлөрү жана суммалары боюнча төлөөчү тарабынан идентификацияланбаган акчалай каражаттар (акча) таанылат.
2. Аванстык төлөмдөрдү киргизүү жана пайдалануу учурлары, тартиби, формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
46-берене. Аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу Аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруунун (эсепке алуунун) тартиби жана учурлары, ошондой эле аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу жөнүндө арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
47-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер
1. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктерди (тарифтик жеңилдиктерди) берүү учурлары жана шарттары, ошондой эле аларды колдонуу тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык аныкталат.
Ташып келүү алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү учурлары жана шарттары, ошондой эле аларды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
48-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүлөр Бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүлөр болуп декларант же бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттери келип чыккан башка жактар саналат.
49-берене. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объект жана бажы алымдарын, салыктарды эсептөө үчүн база
1. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объекттер болуп бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарлар, ошондой эле Кодексте каралган учурлардагы башка товарлар саналат.
2. Товардын түрүнө жана колдонулуучу ставкалардын түрлөрүнө жараша бажы алымдарын эсептөө үчүн база болуп, эгерде Кодексте башкача белгиленбесе, товарлардын бажы наркы жана (же) алардын натуралай көрүнүшүндөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, массасы, анын ичинде товардын алгачкы таңгакталышы - товарды колдонгонго чейин таңгагынан бөлүнбөстүгү жана (же) андагы товар чекене сатуу үчүн сунушталганы эске алынуу менен жана (же) товардын көлөмү же башка мүнөздөмөсү) саналат.
3. Салыктарды эсептөө үчүн база Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталат.
50-берене. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө
1. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө Кодекстин 52-беренесинде белгиленген учурларда жүргүзүлөт.
2. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
3. Өндүрүп алуу бажы органдарына жүктөлгөн башка төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө үчүн бажылык кириштөө ордерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бажылык кириштөө ордеринин формасын толтуруу, ага өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жана аны пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Салыктарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-берене. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө үчүн колдонулуучу бажы алымдарынын, салыктардын ставкасы
1. Ташып келүү бажы алымдарын эсептөө үчүн колдонулуучу ставканы аныктоо тартиби Кодекстин 53-беренесинде белгиленген.
2. Ташып чыгуу бажы алымдарын эсептөө үчүн колдонулуучу ставканы аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Салыктарды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ставкалар колдонулат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
52-берене. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын, туумдарды, пайыздарды, айыптарды төлөө формалары
1. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктары, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт.
2. Төлөөчүнүн каалоосу боюнча ташып келүү бажы алымдары бажы декларациясын бергенге чейин төлөнүшү мүмкүн. Бажы декларациясын бергенге чейин төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын тескөө мүчө-мамлекеттердин эл аралык келишимдеринин жоболорун эсепке алуу менен, ушул Мыйзамдын 45-беренесинде каралган тартип боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын, туумдарды, пайыздарды, айыптарды төлөө ушул Мыйзамга ылайык, накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүнчүлүгүсүз электрондук төлөм каражаттарын (мындан ары - электрондук терминалдар) пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган орнотмолорду колдонуу менен, ошондой эле төлөө терминалдары же банкоматтар аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
53-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу. Бажы алымдары, салыктар төлөнбөгөн учурлар Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгуу жана аларды токтотуу учурлары, ошондой эле бажы алымдары, салыктары төлөнбөй турган учурлар Кодекстин 54-беренесинде белгиленген.
54-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет бажы төлөмдөрүн төлөөчү жана Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жоопкерчиликти бажы төлөмдөрүн төлөөчү менен биргеликте тарткан жак тарабынан аткарылат.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдети, эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн акчалай каражаттардын өлчөмү төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммаларына эквиваленттүү болсо, төмөнкүдөй учурларда аткарылды деп эсептелет:
1) төлөөчүнүн банктагы эсебинен акчалай каражаттар эсептен чыгарылган, анын ичинде бажы төлөмдөрү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу төлөнгөн учурдан тартып;
2) бажы органынын кассасына накталай акча каражаттары төгүлгөн учурдан тартып же болбосо төлөө терминалдары, банкоматтар аркылуу накталай акча каражаттары төлөнгөн учурдан тартып;
3) бажы төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган суммасын бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө арызды бажы органы алган учурдан тартып;
4) бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү же акчалай күрөөнү бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө арызды бажы органы алган учурдан тартып;
5) банк кепилдигине ылайык банк, башка кредиттик уюмдар же болбосо камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик берүү келишимине ылайык кепилдик берүүчү төлөгөн акчалай каражаттар бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алынган учурдан тартып;
6) ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттар киргизилген учурдан тартып, бажы төлөмдөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен өндүрүп алынган учурда:
а) бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын;
б) бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн күрөөдөгү мүлкүнүн.
3. Накталай эмес тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөдө товарларды чыгаруунун максаттары үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдетинин аткарылышын ырастоо болуп ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке бажы төлөмдөрүнүн суммасынын келип түшүүсү саналат, ал эми ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык электрондук терминалдарды, төлөө терминалдарын же банкоматтарды пайдалануу менен бажы төлөмдөрү төлөнгөндө мындай ырастоо болуп ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттар которулганын ырастоочу, электрондук терминалдар, төлөм терминалдары же банкоматтар тарабынан түзүлгөн, анын ичинде электрондук түрдө түзүлгөн документ эсептелет. Аталган документ түзүлгөн учурдан тартып, бажы төлөмдөрүн төлөө максатында которулган акчалай каражаттар кайра алынгыс болуп калат.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 55-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгүнө ырастоону жазуу жүзүндө, мындай талап коюлганга чейинки үч календардык жылдан ашпаган мезгил үчүн берүүгө милдеттүү. Бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгүнүн ырастоо формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Башка жактар тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу мүмкүндүгү, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, ошондой эле уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жоопкерчиликти төлөөчү менен бирге тартуучу жактарга бажы төлөмдөрүнүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы жөнүндө кабарлама (мындан ары - Кабарлама) жиберет.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн Кабарламанын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Кабарламада төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы (төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча), Кабарлама жиберилген учурга карата эсептелген туумдардын, пайыздардын өлчөмү, ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү, Кабарламаны аткаруу мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле төлөөчү Кабарламада көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда колдонулуучу, бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүү жана аларды өндүрүп алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жана Кабарламаны жиберүүнүн негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Кабарлама тийиштүү түрдө жол-жоболонгон жана ушул берененин 10-бөлүгүндө белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчкө ээ болот.
8. Кабарлама бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюу же толук төлөбөй коюу фактысы аныкталган күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен төлөөчүгө же болбосо бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жакка жиберилүүгө тийиш.
Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга байланышкан кылмыштардын (бузуулардын) белгилерине жараша жазыктык иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган же өндүрүш ачылган учурда, Кабарламаны жиберүү мөөнөтү жазыктык иштер боюнча жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш аяктаганга чейин токтотулат.
9. Кабарламада көрсөтүлгөн талапты аткаруу мөөнөтү төлөөчү же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жак мындай Кабарламаны алган күндөн тартып отуз календарлык күндөн ашпайт.
Төлөөчү же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жак Кабарламада көрсөтүлгөн талапка макул болгон учурда, бажы органы тарабынан төлөөчүгө же болбосо бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жакка мындай Кабарламаны алган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө Кабарламада көрсөтүлгөн талапты аткаруу мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө Кабарламада көрсөтүлгөн талапты аткаруу мүмкүнчүлүгү Кабарламада аталган талапка макул болгон жактын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, мындай жак бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылган учурда, бажы органы тарабынан берилет.
10. Кабарлама уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка кол койдуруп алуу менен же Кабарламаны алган фактысын жана датасын тастыктаган башкача ыкма менен тапшырылууга тийиш. Кабарламаны жеке өзүнө берүү мүмкүн болбосо же болбосо аталган адамдар Кабарламаны алуудан качса, ал тапшырык кат түрүндө почта аркылуу жиберилет. Кабарлама тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлгөн учурда, кабарлама жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин ал тапшырылды деп эсептелет.
11. Кабарлама ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган мөөнөттө аткарылбаса, бажы органдары ушул Мыйзамдын 77 жана 78-беренелерине ылайык бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.
12. Кабарлама төлөөчүгө анын жазыктык жоопкерчиликке же бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан жиберилет.
13. Бажы органдары тарабынан Кабарлама жиберилбеген учурлар Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралгандан тышкары, бажы органдары тарабынан Кабарлама жиберилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн. Бажы органы Кабарламаны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кайра чакыртып алышы мүмкүн. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
55-берене. Кыргыз Республикасында ички керектөө үчүн чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, шарттуу түрдө чыгарып берилген товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби
1. Бажы аймагында шарттуу түрдө чыгарып берилген товарларды сатып алуу үчүн ички керектөөгө чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна, Бирликтин товарлары статусуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткаруу талап кылынган учурларда, мындай милдетти аткаруу декларант (анын укук улантуучусу) же мындай товарларга ээлик кылуу укугуна ээ болгон башка жак тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын товарларды шарттуу чыгарып берүүчү бажы органына берген арыздарынын негизинде, товарларды шарттуу түрдө чыгарып берүү жүзөгө ашырылган бажы декларациясынын номерин жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылганы тууралуу төлөм документинин реквизиттерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
3. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу товарларды шарттуу чыгарып берүү жүргүзүлгөн бажы декларациясында эсептелген жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын өлчөмүндө жүргүзүлөт.
4. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы алымдары Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алып келүү ставкалары боюнча эсептелген ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын жана товарларды чыгарып берүүдө төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын ортосундагы айырманын өлчөмүндө төлөнөт.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын 52-беренесинде аныкталган эсептерге төлөнүүгө тийиш.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммаларына туумдар эсептелбейт.
56-берене. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөө мөөнөтү жана эсептөө өзгөчөлүктөрү Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгуу жана токтотулуу учурлары, аларды төлөө мөөнөтү, эсептөө өзгөчөлүктөрү Кодекстин 56-беренесинде белгиленген.
57-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү жана тартиби
1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү Кодекстин 57-беренесине ылайык аныкталат.
2. Бажы алымдарын төлөө тартиби ушул Кодекстин 61-беренесине ылайык белгиленет.
Салыктарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
58-берене. Туум
1. Төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, Кодексте белгиленген мөөнөттө туум төлөнөт.
Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө, ушул Мыйзамдын 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү-бешинчи абзацтарында каралган учурларды кошпогондо, туум бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен ар бир календардык күн үчүн, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн кийинки күндөн тартып, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет аткарылган күнгө чейин же болбосо мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө чейин бул күндөрдү кошо алуу менен, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө эсептелет.
2. Бажы органы кепилдик берүүчүгө же кепилге Кабарлама жибергенде туум кепилдик берүүчүлүк же банктык кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү өткөн күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет.
3. Кабарлама төлөөчүгө жиберилгенде туум Кабарлама жиберилген күндү кошо алуу менен эсептелет. Бажы төлөмдөрү Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнбөгөн учурда туум ушул берененин 1-пунктуна ылайык эсептелет.
4. Товарлар убактылуу сактоодо турганда бажы декларациясын берүү мөөнөтү бузулган учурда, убактылуу сакталган мезгил үчүн туум эсептелбейт жана төлөнбөйт.
5. Туум бажы төлөмдөрүнүн суммаларын төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин, бирок бажы төлөмдөрүнүн суммасы төлөнгөн учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен төлөнөт.
6. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет өз убагында эмес аткарылгандыгы үчүн эсептелген туумдун жалпы суммасы бажы төлөмдөрү боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек.
7. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берүү төлөм калдыгынын суммасына туум эсептөөнү токтотпойт.
8. Туумду төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтарып берүү ушул Мыйзамда бажы төлөмдөрүн төлөөгө, өндүрүп алууга жана кайра кайтарууга карата каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Туумду эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн өзгөртүү
59-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары
1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө формасында жүзөгө ашырылат.
2. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганда мындай бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын кошпогондо, бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы органы тарабынан ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүнүн арызы боюнча берилет.
3. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы алымдары же салыктары боюнча, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын бардык суммасына карата берилиши мүмкүн.
4. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз бажы органы тарабынан катталган күндөн тартып он беш календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
60-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн мөөнөттөр жана негиздер
1. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн негиздер, аларды берүү мөөнөттөрү Кодекстин 59-беренесинде белгиленген.
2. Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ички керектөө үчүн чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна ылайык, товарлар чыгарып берилген күндөн кийинки күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөткө пайыздарды төлөтпөй берилет.
Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер; бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарлар тез бузулуучу деп эсептелген учурлар;
3. Кодекстин 59-беренесинин 2 жана 3-пункттарында, ушул берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн негиздердин болушу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ырасталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
61-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө жол бербөөчү жагдайлар
1. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө талаптануучу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт, эгерде ушул жакка карата:
1) салык мыйзамдарын же бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууга байланышкан кылмыштын (бузуунун) белгилерине жараша жазыктык иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталса же өндүрүш ачылса;
2) банкроттуктун жол-жобосу козголсо.
3) бажы төлөмдөрү боюнча карыздары бар болсо.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн эмес, бул тууралуу мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берген жакка мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун же бөлүп төлөөнүн мүмкүн эместиги тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабар берилет.
62-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздар
1. Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян төлөөчүгө келтирилген учурларды кошпогондо, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздар алынат.
2. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, төлөө тартиби Кодекстин 60-беренесинде белгиленген.
3. Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, мындай пайыздарды төлөө тартиби ушул Мыйзамда ташып келүү бажы алымдары боюнча пайыздарды төлөө мөөнөтүнө, алардын өлчөмүнө, мындай пайыздарды төлөө тартибине карата каралган нормаларга ылайык колдонулат.
4. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо
63-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары Кодекстин 9-главасында аныкталган.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй учурларда камсыздалат:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилгенде;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган учурларды кошпогондо, товарлар шарттуу чыгарып берилгенде;
3) Кодекстин 120-беренесине ылайык, товарларга карата декларация тапшырылганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;
4) Кодекстин 121-беренесине ылайык, бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;
5) Кодекстин 122-беренесине ылайык, бажы экспертизасы дайындалганда товарлар чыгарып берилгенде;
6) товарлар бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылганда;
7) бажы иши чөйрөсүндө иштер жүзөгө ашырылганда;
8) ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.
3. Кодекстин 120-122, 146, 304 жана 437-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян келтирилген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбейт.
Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ыкмалары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй ыкмалар аркылуу камсыздалат:
1) бажы органынын эсебине акчалай каражаттарды салуу (депозит);
2) банктык кепилдик;
3) кепилдик кылуу;
4) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;
5) камсыздандыруу келишими.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кайсы болбосун ыкмада жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган ыкмасы бажы иши чөйрөсүндө бажы өкүлдөрү, бажы жүк ташуучулары, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, эркин кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдө гана колдонулат.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоону колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоону ырастоочу документтерди кайра кайтаруу тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
65-берене. Бажы органынын эсебине акчалай каражаттарды салуу (депозит)
1. Бажы органын эсебине же кассасына бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары акчалай каражаттарды салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
Депозиттин суммасына пайыздар чегерилбейт.
2. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаганда, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозитте жайгаштырылган суммадан чегерилет.
3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда, төлөнгөн акчалай каражаттар ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык кайра кайтарылууга же төлөөчүнүн каалоосу боюнча бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алынууга же болбосо бажы органдарынын алдында келип чыккан башка милдеттенме боюнча бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо үчүн пайдаланылууга жатат.
4. Депозиттин салынгандыгын ырастоо үчүн, бажы органынын эсебине же кассасына акчалай каражаттарды салган жакка депозиттик сертификат берилет, анын формасы жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
66-берене. Банктык кепилдик
1. Бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар тарабынан берилген банктык кепилдиктерди бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо катары кабыл алат.
2. Банктарды, башка кредиттик уюмдарды Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башка бузуулар болгондо, банктар жана башка кредиттик уюмдар Реестрден чыгарылышы мүмкүн.
3. Банктык кепилдиктерди берүүгө, банктык кепилдик боюнча талаптарды коюуга, кепилдик берүүчүнүн өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана банктык кепилдиктерди токтотууга байланышкан укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
67-берене. Кепилдик кылуу
1. Кепилдик кылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Кепилдик кылуучулардын реестрине киргизилген кепилдик кылуучу менен бажы органынын ортосунда келишим түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жол-жоболонот.
2. Юридикалык жактарды Кепилдик кылуучулардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ыкмасын кепилдик кылуу катары тандаганда, кепилдик кылуучу болууга ниеттенген жак кепилдик кылуу келишимин түзүү жөнүндө бажы органына сунуш жиберет.
4. Бажы органы кепилдик кылуу келишимин түзүүгө байланышкан чыгымдарды тартпайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
68-берене. Мүлктү күрөөгө коюу
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык, күрөө предмети болуп мүлк эсептелет, буга төмөнкүлөр кирбейт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары турган мүлк;
2) үчүнчү жактын пайдасына башка бир милдеттенмени же болбосо мурдагы башка милдеттенмелер менен жүктөлгөн башка мүлктү камсыздоо үчүн мурда коюлган мүлк;
3) бат бузулууга учурай турган товарлар, жаныбарлар;
4) энергиянын электр, жылуулук жана башка түрлөрү;
5) ишканалар;
6) мүлктүк укуктар;
7) жүгүртүүдөгү товарларга коюлган күрөө;
8) эркин сатууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тыюу салынган өндүрүш продукциялары жана калдыктары;
9) өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча гана багытталуучу мүлк.
2. Күрөө бажы органынын жана күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен жол-жоболонот. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жак же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жактын пайдасына күрөө койгон башка жак күрөөгө коюучу боло алат.
3. Бажы органынын алдында күрөө коюу менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбаганда, бажы төлөмдөрү боюнча карыздын суммасы бажы органы тарабынан коюлган күрөөнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.
4. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
69-берене. Камсыздандыруу келишими
1. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген камсыздандыруу уюму менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат.
Камсыздандыруу уюмдарын реестрге киргизүү жана реестрден чыгаруу тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
70-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттин аткарылышын генералдык камсыздоо
1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттин аткарылышын генералдык камсыздоону колдонуунун жалпы шарттары, ошондой эле аны колдонуу учурлары Кодекстин 64-беренесинде белгиленген.
2. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдетти аткаруу бажы алымдарын, салыктарын төлөөчү же болбосо башка жак тарабынан төлөөчүнүн пайдасына камсыздалат.
3. Бажы операциялары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн учурда бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттин аткарылышын генералдык камсыздоону колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
71-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун өлчөмүн аныктоо
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун өлчөмү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча тарифтик преференцияларды жана жеңилдиктерди колдонбостон, товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна же экспорттоонун бажы жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон товарларды чыгарып берүүгө байланышкан операцияларды бажы органы тарабынан жүргүзүү үчүн бажы алымдарынын, салыктардын, жыйымдардын суммаларына жараша аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарышын камсыздоонун так көрсөтүлгөн өлчөмү аныкталышы мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрүн, ошондой эле ушундай камсыз кылуунун өлчөмдөрүн аныктайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-глава. Бажы төлөмдөрүн жана башка акчалай каражаттарды кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)
72-берене. Бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)
1. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) тийиш.
Кодекстин 67-беренесинин 1-пунктунун 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) эсебине бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы чегерилген бажы органына бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыкканы ырасталганда жүргүзүлөт.
2. Ашыкча төлөнгөн бажы жыйымдарынын суммасы ушул Мыйзамдын 73-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) тийиш.
73-берене. Ашыкча төлөнгөн жана (же) ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)
1. Бажы төлөмдөрү катары иш жүзүндө төлөнгөн же өндүрүп алынган, өлчөмү Кодекске, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон суммадан ашып кеткен акча каражаттарынын суммасы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болуп саналат.
2. Бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөөчүнүн арызы боюнча жана Кодексте белгиленген учурларда Комиссия тарабынан аныкталган товарларга карата декларацияда, бажылык кириштөө ордеринде же болбосо башка бажы документинде билдирилген, эсептелип чыккан бажы төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилген шартта кайра кайтарууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 74-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, арыз эсебине көрсөтүлгөн суммалар төлөнгөн бажы органына, аларды төлөгөн күндөн тартып үч жылдан кечиктирбестен берилет.
3. Бажы төлөмдөрүн ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүп алуу фактысы табылган учурда, бажы органы ушундай факт табылган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен, төлөөчүгө ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү эсебине бажы төлөмдөрүнүн суммасы келип түшкөн бажы органынын чечими боюнча кайра кайтарылат (эсепке чегерилет). Кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арызды кароо, кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) тууралуу чечим кабыл алуу жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) үчүн зарыл болгон жалпы мөөнөт кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз жана бардык зарыл документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда, белгиленген мөөнөттө кайтарып берилбеген ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасына кайра кайтарып берүү мөөнөтү бузулган ар бир кун үчүн пайыз эсептелет.
5. Кайра кайтарып берүү (эсепке чегерүү) бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрү келип түшкөн шарттарда жүргүзүлөт.
6. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү, эгерде арызда башкача эскертилбесе, төлөөчүнүн төлөнгөн же өндүрүп алынган эсебине кайра кайтарылат. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн пайдасына башка жак төлөсө, ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү ошол жакка кайра кайтарылат.
7. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган учурда кайра кайтарылып жаткан төлөмдөрдүн суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдун жана пайыздардын суммасы да кайра кайтарылат (эсепке алынат).
9. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төмөнкүдөй учурда жүргүзүлбөйт:
1) төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кайра кайтарыла (эсепке чегериле) турган суммага барабар же андан ашык өлчөмүндө карызы болгондо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз берилгенде.
10. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төлөөчүнүн каалоосу боюнча башка бажы төлөмдөрүн, ошондой эле туумду, пайыздарды же айыптарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу эсебине чегерүү түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
11. Бажы төлөмдөрүн, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыз болгон учурда, бажы органы аны ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эсебинен өз алдынча жаап коюуга укуктуу. Бажы органы жүргүзүлгөн эсепке чегерүү жөнүндө төлөөчүгө ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.
12. Бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган бардык учурларда, бажы органдары кайра кайтаруу жүргүзүлгөн дата, анын себеби жана кайра кайтарылган сумма тууралуу ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде төлөөчү катталган жердеги салык органдарына маалымдайт.
74-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруунун (эсепке чегерүүнүн) башка учурлары
1. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төмөнкүдөй учурларда да жүргүзүлөт:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилгенде;
2) тарифтик преференциялар калыбына келтирилгенде;
3) бажы жол-жобосунун шарттарында бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнгөн суммаларын кайра кайтаруу каралганда;
4) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы убактылуу (шарттуу) баалоодо төлөнгөн суммадан аз болсо, бажы наркы товарларды чыгарып бергенден кийин аныкталганда;
5) Бирликтин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде белгиленген учурларда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыккан күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен бул жөнүндө арыз бергенде жүргүзүлөт.
75-берене. Аванстык төлөмдөрдүн суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)
1. Аванстык төлөмдөрдүн талап кылынбаган суммалары аванстык төлөмдөрдү төлөгөн жактын арызы боюнча кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жатат.
2. Аталган арыз эсебине аванстык төлөмдөр төлөнгөн бажы органына берилет.
3. Бажы органы тарабынан аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу (эсепке чегерүү), аванстык төлөмдөрдүн талап кылынбаган суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө чечимди кароонун, кабыл алуунун жалпы мөөнөтү бажы органы арызды каттаган учурдан тартып отуз календарлык күндөн ашпоого тийиш.
76-берене. Депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)
1. Эгерде депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз милдеттенме аткарылган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилсе, депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке чегерилет жана кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жатпайт.
2. Депозит, эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же болбосо аткаруу милдеттенмелери депозит менен камсыз кылынган бажы операциясы же бажы жол-жобосу аякталып жаткан бажы органы тарабынан кайра кайтарып берилет.
3. Депозит депозиттик сертификатты көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында кайра кайтарылат.
4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынса, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозит төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө кайра кайтарылышы (эсепке чегерилиши) мүмкүн.
5. Төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдет болгондо депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) ушундай аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдеттин өлчөмүндө жүзөгө ашырылбайт.
77-берене. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
1. Кабарламада белгиленген талаптар Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда, ошондой эле мындай Кабарлама Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктуна ылайык жиберилбегенде бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлөт.
2. Эгерде Кодексте жана (же) Бирлик жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чараларга төлөөчүнүн акча каражатынын жана (же) башка мүлкүнүн эсебинен, анын ичинде кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жаткан бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын, аванстык төлөмдөрдү, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун, анын ичинде генералдык камсыз кылуунун, бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттүүлүгүн аткарууну камсыз кылуунун, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттүүлүгүн аткарууну камсыз кылуунун суммаларынын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу кирет.
3. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлбөй турган учурлар Кодекстин 68-беренесинде белгиленген.
Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу мөөнөтү товар чыгарып берилген учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.
4. Кодекстин 69-беренесинин 2 жана 3-пункттарында белгиленген учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрү товарларды чыгарып берүүнү жүзөгө ашырган бажы органы тарабынан өндүрүп алынат.
78-берене. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу
1. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрү бюджеттин алдындагы карыз болуп саналат.
2. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жак ушул Мыйзамдын 54-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө аны аткара албаса же болбосо ушул Мыйзамдын 166-беренесине ылайык даттануу мөөнөтү өткөн учурда бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу боюнча карыздын суммасын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө ишти же болбосо жооптуу жакты "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкрот катары жоюу талабы менен банкроттук жөнүндө арызды сотко өткөрүп берет.
79-берене. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
1. Бажы органдары, эгерде бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ички керектөө үчүн чыгарып берилбесе, соттун чечими боюнча бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууну ушул товарларга багыттоону жүргүзүүгө укуктуу.
2. Өндүрүп алууну бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарларга карата багыттоо, товарларды алып коюу же аларга карата башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
80-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
1. Кабарламада белгиленген талаптар аткарылбаганда бажы органдары төлөнүүгө жатуучу бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн депозитинин эсебинен же болбосо башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.
2. Өндүрүп алууну депозиттин суммасына багыттоо бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Бажы органы бажы төлөмдөрүнүн суммаларын депозиттин эсебинен өндүрүп алуу жөнүндө бул каражаттарды ушул органдын эсебине которгон жакка, өндүрүп алгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.
3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
81-берене. Төлөөчүнүн мүлкүнө камак салуу Төлөөчүнүн мүлкүнө камак салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
82-берене. Бажы төлөмдөрүн чегерүүгө тапшырмаларды аткаруу боюнча банктардын милдеттери
1. Банктар бажы органдарынын эсептерине бажы төлөмдөрүн чегерүүгө төлөөчүнүн тапшырмасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерүүгө бажы органдарынын тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.
2. Төлөөчүнүн эсебинде акчалай каражаттар болгон учурда, банктар бажы төлөмдөрүнө которуу тапшырмасын аткарууну создуктурууга укуксуз.
3. Банктар ушул беренеде каралган бажы төлөмдөрүн чегерүү боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
83-берене. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар боюнча өнбөс карыздарды эсептен чыгаруу Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыз төмөнкүдөй учурларда өнбөс карыз болуп таанылат:
1) бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттер аларды төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн же болбосо жактардын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетке алып келүүчү жагдай башталган күндөн тартып алты жылдын ичинде аткарылбаса;
2) жеке жак өлгөндө анын укук улантуучусу же мураскери болбосо;
3) жеке жак дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылса, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болсо;
4) төлөөчү банкрот деп таанылса;
5) өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бажы алымдары, салыктар боюнча карыздар өзүнчө мыйзам менен эсептен чыгарылса.
Көрсөтүлгөн учурларда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте эсептен чыгарылат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-глава. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдар
84-берене. Ички рынокту коргоо максатында атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуу
1. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуунун жалпы жоболору Кодекстин 12-главасында белгиленген.
2. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды эсептөө үчүн салык салуу объекти, базасы ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.
3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөчү болуп декларант же атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, атайын квоталарды киргизүү аркылуу ички рынокту коргоо чарасы колдонулган товарларга карата атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет келип чыккан башка жактар саналат.
4. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жана төлөө Кодексте жана Бирлик жөнүндө келишимде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кодексте ташып келүү бажы алымдарын эсептөө жана төлөө үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. (КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
85-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттин келип чыгышы жана токтотулушу Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет келип чыгуучу жана токтотулуучу, анын ичинде товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдөгү учурлар, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар төлөнбөй турган учурлар Кодекстин 72-беренесинде белгиленген.
86-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчү, Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактар тарабынан аткарылат.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет башка жактардын аткаруу мүмкүнчүлүгү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, ошондой эле уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бажы органдары атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактарга ушул Мыйзамдын 54-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгү жөнүндө Кабарлама жөнөтөт.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарламанын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Бажы органы тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кодекстин 73-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөндөн башка, бажы органы тарабынан Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
87-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү, тартиби, аларды төлөө мөөнөтүн өзгөртүү, туумдарды эсептөө, төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, анын ичинде бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүдө төлөө мөөнөтү, аларды төлөө тартиби Кодекстин 74-беренесинде белгиленген.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө түрүндө өзгөртүүгө болбойт.
3. Төлөөчү Кодексте белгиленген мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда туум төлөнөт.
4. Аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарга карата туумдарды эсептөө, төлөө жана кайра кайтаруу аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган бажы төлөмдөрүнө карата туумдарды эсептөөгө, төлөөгө жана кайтарууга карата Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
88-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоонун жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо учурлары Кодекстин 75-беренесинде белгиленген.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышы бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо үчүн каралган ыкмаларда жана тартипте камсыз кылынат.
89-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруунун (эсепке чегерүүнүн) жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттары кайра кайтарылуучу (эсепке чегерилүүчү) учурлар Кодекстин 76-беренесинде белгиленген.
2. Кодекстин 76-беренесинин 3-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары эсебине төлөнгөн бажы органына атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыккандыгына ырастоо берилгенде жүргүзүлөт.
3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтарууга карата ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жана мөөнөттө, Бирлик жөнүндө келишимдин жана Кодекстин жоболорун эске алуу менен жүргүзүлөт.
90-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуунун жалпы жоболору, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулбай турган учурлар Кодекстин 77-беренесинде белгиленген.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу мөөнөтү товар чыгарып берилген учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.
III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ЖАКТАР
11-глава. Бажы операциялары жана аларды жүргүзүүчү жактар жөнүндө жалпы жоболор
91-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү тартиби
1. Бажы операциялары Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленген тартипте, ал эми Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленбеген бөлүгүндө, же болбосо бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда каралган учурларда - бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы органдары тарабынан бажы органдарынын кызмат адамдарынын катышуусуз бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби Комиссия тарабынан, ал эми аны Комиссия аныктаганга чейин - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
92-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар
1. Кодексте белгиленген жактар бажы операцияларын жүргүзүү үчүн Кодекске ылайык зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды бажы органына берүүгө милдеттүү.
Бажы органдары Кодексте аныкталган жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн, алардан сакталышын контролдоо бажы органдарына жүктөлгөн жана аларды берүү Кодексте каралган зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды гана берүүнү талап кылууга укуктуу.
2. Эгерде бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы органдарына зарыл документтер жөнүндө маалыматтар жана (же) алардагы маалыматтар жана башка маалыматтар бажы органдары тарабынан бажы органдарынын маалыматтык системасынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) жана өз ара маалыматтык аракеттешүүсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системасынан алына турган болсо, бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар аларды жүргүзүүдө бажы органына берилбеши мүмкүн.
Өз ара маалыматтык кызматташуу алкагында бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларынан алууга мүмкүн болгон маалыматтардын курамы жана мындай маалыматтарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
93-берене. Товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн биринчи кезектеги тартиби
1. Кодекстин 81-беренесинде көрсөтүлгөн товарларга карата бажы операциялары биринчи кезекте жүргүзүлөт.
2. Бат бузула турган товарлардын категорияларынын тизмеги Комиссия тарабынан, ал эми Комиссия аныктаганга чейин - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
94-берене. Декларант
1. Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактар бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарлардын декларанты катары чыга алат.
2. Декларанттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги Кодекстин 84-беренесинде белгиленген.
12-глава
Товарлардын бажы аймагына алып келиниши. Товарлардын бажы аймагынан алып кетилиши. Алып келүүгө жана алып кетүүгө байланышкан бажы операциялары
95-берене. Товарларды бажы аймагына алып келүүгө, товарларды бажы аймагынан алып кетүүгө байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Ташуучу бажы аймагына товарлардын алып келингендиги жөнүндө, товарларды ташуу жүзөгө ашырылып жаткан транспорттун түрүнө жараша, Кодекстин 89-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүү жолу менен же болбосо электрондук документ түрүндө алдын ала берилген маалыматтын каттоо номери тууралуу маалыматты камтыган документтерди берүү жолу менен, бажы органына төмөнкүдөй мөөнөттөрдө кабарлоого милдеттүү:
1) автомобиль транспорту менен ташылып келген товарларга карата - товарлар жеткирилүүчү жерге келген учурдан тартып бир сааттын ичинде, ап эми товарлар бажы органынын иш убактысынан башка учурда жеткирилгенде - бажы органы ишин баштаган учурдан тартып бир сааттын ичинде;
2) аба же темир жол транспорту аркылуу ташылып келген товарларга карата - эл аралык ташууну жүзөгө ашырууда аэропорттун же темир жол станциясынын технологиялык процессинде (графигинде) белгиленген убакыттын ичинде же болбосо мындай аэропорттун же темир жол станциясынын ишинин аймагында жайгашкан бажы органы менен макулдашылган башка мөөнөттүн ичинде.
2. Товарлар бажы аймагына алып келингенде же бажы аймагынан алып кетилгенде Кодекстин 89-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар ташуучунун атынан бажы органына бажы өкүлдөрү тарабынан же ташуучунун тапшырмасы боюнча иштеп жаткан башка жактар тарабынан берилиши мүмкүн.
Товарлардын бажы аймагынан алып кетилүүсүнө байланышкан бажы операциялары Кодекстин 15-главасына ылайык жүргүзүлөт.
3. Товарлардын бажы аймагына алып келинүүсү жөнүндө кабарламанын датасын жана убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте бажы органы тастыктайт.
4. Ташуучу же Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн башка жактар товарлардын алып келингени жөнүндө кабар берилген учурдан тартып бажы органынын жумуш убактысындагы үч сааттын ичинде төмөнкүлөр менен байланышкан бажы операцияларынын бирин жүргүзүүгө милдеттүү:
1) товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга;
2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте товарларды ташып келинген жеринен убактылуу сактоочу жайга чейин ташып жеткирүүгө (транспорттоого);
3) товарларды бажылык декларациялоого;
4) товарларды порттогу эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) же логистикалык ЭЭЗ аймагындагы эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырууга;
5) товарларды Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгууга.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболору Кодекстин 88-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата колдонулбайт.
6. Бажы органы ушул берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө бажы декларациясын каттаган учурда, Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактар товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын төмөнкүлөрдү алган учурдан тартып бажы органынын жумуш убактысындагы үч сааттын ичинде жүргүзүүгө милдеттүү:
1) Кодекстин 113-беренесине ылайык, бажы декларациясын чакыртып алууга бажы органынын уруксатын;
2) Кодекстин 119-беренесинин 4-8-пункттарына ылайык, товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө бажы органынын чечимин;
3) Кодекстин 124-беренесине ылайык, товарларды чыгарып берүүнү токтотуп туруу жөнүндө бажы органынын чечимин;
4) Кодекстин 125-беренесине ылайык, товарларды чыгарып берүүдөн баш тартууну.
Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын жүйөлүү суроо-талабы боюнча, товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүгө бир жумушчу күндөн ашпаган башка мөөнөт бажы органы тарабынан белгилениши мүмкүн жана (же) ушул беренеде көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандан кийин башка бажы операцияларын жүргүзүү каралышы мүмкүн.
7. Ташып келинген жеринде убактылуу сактоого жайгаштырылган товарлар ошол жердеги убактылуу сактоочу жайларда же ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларда - убактылуу сактоочу башка жайларда сакталат.
Эгерде чет өлкөлүк товарларды убактылуу сактоо ташып келинген жерде жайгашпаган убактылуу сактоочу жайда жүргүзүлө турган болсо, чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин ташуу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык же болбосо бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырбастан ташуу учурлары жана тартиби, ошондой эле документтин формасы жана аны толтуруу тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
96-берене. Товарлардын бажы аймагына алып келиниши тууралуу бажы органына кабар берилген учурда берилүүчү документтер жана маалыматтар Товарлардын бажы аймагына алып келиниши тууралуу бажы органына кабар берилген учурда ташуучу товарларды ташыган (транспорттогон) транспорттун түрүнө жараша, Кодекстин 89-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берет.
13-глава. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары
97-берене. Товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жалпы жоболор
1. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары Кодекстин 16-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Товарларды убактылуу сактоочу жерлер ушул Мыйзамдын 125-беренесине ылайык түзүлгөн бажы контролунун туруктуу жана убактылуу зонасы болуп саналат.
3. Товарларды чыгарып бергенге чейин аларды сактоочу жер өзгөргөн учурлар, товарларды башка жерде убактылуу сактоого уруксат берүү шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоо талаптары, ошондой эле товарларды убактылуу сактоочу кампаларга жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге жайгаштырууда бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүү тартиби, товарларды убактылуу сактоочу кампаларга (кампалардан) жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге (жерлерден) жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)
14-глава
Бажылык декларациялоо жана бажы декларациясын берүүгө, каттоого жана чакыртып алууга, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө (толуктоого) байланышкан бажы операциялары
98-берене. Бажылык декларациялоо жөнүндө жалпы жоболор
1. Бажылык декларациялоо Кодекстин 17-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бажылык декларациялоо электрондук түрдөгү формада жүзөгө ашырылат.
Жазуу жүзүндөгү бажылык декларациялоого Кодексте, эл аралык келишимдерде жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларда каралган учурларда жол берилет. Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында Кодекстин 104-беренесинин 4 жана 5-пункттарында каралгандан башка, декларациялоо жазуу жүзүндө жүргүзүлүшү мүмкүн болгон учурлар аныкталышы мүмкүн. Бажылык декларациялоо декларант же болбосо бажы өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Бажылык декларациялоону жүзөгө ашырууда декларанттар үчүн белгиленгендерге караганда жагымдуу шарттарды бажы өкүлдөрү үчүн белгилөөгө жол берилбейт.
3. Бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы мүмкүн:
1) эгерде декларантта бажылык декларациялоо үчүн зарыл так маалыматтар болбосо;
2) эгерде аймагында ЭЭЗ түзүлгөн мүчө-мамлекеттин аймагынын калган бөлүгүнөн ЭЭЗдин аймагына Бирликтин товарларын ташып келүү жана ЭЭЗдин аймагынан Бирликтин товарларын аймагында ЭЭЗ түзүлгөн мүчө-мамлекеттин аймагынын калган бөлүгүнө ташып чыгуу товарларды берүү мезгилинин ичинде окшош шарттарда эки же андан көп партиялар менен ишке ашырылса;
3) эгерде Бирликтин товарлары эркин кампанын ээси эркин кампанын ээлеринин Реестрине киргизилген мүчө-мамлекеттин калган бөлүгүнөн эркин кампанын аймагына ташып келүү жана Бирликтин товарлары эркин кампанын аймагынан аймагында эркин кампанын ээси эркин кампанын ээлеринин Реестрине киргизилген мүчө-мамлекеттин калган бөлүгүнө ташып чыгуу товарларды берүү мезгилинин ичинде окшош шарттарда эки же андан көп партиялар менен жүзөгө ашырылса.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул бөлүккө ылайык, Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдөн айырмаланган бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү аныкталган учурда бажы төлөмдөрү, демпингге каршы, компенсациялык, атайын алымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө жатат.
4. Бажылык декларациялоодо бажылык декларациялоонун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
1) товарларга декларация;
2) транзиттик декларация;
3) жүргүнчүлүк бажы декларациясы;
4) транспорттук каражатка декларация.
5) электрондук соода товарларына декларация.
5. Товарларга декларацияда жана транзиттик декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Кодекстин 106 жана 107-беренелеринде аныкталган.
6. Бажылык декларацияда билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтер Кодекстин 108-беренесинде аныкталган.
7. Бажы органдарынын маалыматтык системаларын пайдалануу менен электрондук формада товарларды декларациялоодо бажы операцияларын жасоо технологиясы, анын ичинде товарларды электрондук формада декларациялоодо бажы органдарына документтерди жана маалыматтарды электрондук түрдө берүү технологиясы, товарларды электрондук формада декларациялоодо бажы органдары менен декларанттын ортосундагы өз ара аракеттенүү, электрондук формада декларациялануучу товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
99-берене. Бажы декларациясын берүүгө байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Товарларга бажы декларациясы бажы декларациясын кабыл алууга ыйгарым укуктуу бажы органына берилиши мүмкүн. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышын контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн белгилүү бир бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын кызыкчылыктары эске алынууга тийиш.
2. Эгерде товарлардын декларациясын толтурууга негиз болгон айрым документтерди товарлардын декларациясы менен бир убакта берүүгө мүмкүн болбосо, декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин, ушул Мыйзамдын 109-беренесинде белгиленген мөөнөттө берүүгө жазуу жүзүндө уруксат берет.
100-берене. Берилген бажы декларациясын каттоого, каттоодон баш тартууга же болбосо чакыртып алууга байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
1. Бажы декларациясын каттоого же каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операциялары бажы декларациясы берилген учурдан тартып бажы органы тарабынан бажы органынын жумуш убактысындагы бир сааттан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
2. Бажы органдары бажы декларациясын каттоодон Кодекстин 111-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча баш тартат.
3. Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактардын жана Интернет тармагынын) ишиндеги техникалык үзгүлтүктөрдөн, бузулуулардан, электр энергиясынын өчүп калуусунан улам иштебей калган учурда бажы органы каттоодон баш тартууга негиз болбогондо берилген бажы декларациясын маалыматтык системаны пайдаланбастан кагаз түрүндө каттайт.
Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар иштебей калганда, бажы декларациясын каттоого же болбосо мындай каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
4. Ушул Мыйзамдын 98-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга берилген бажы декларациясын чакыртып алуунун Кодекстин 113-беренесинде каралгандан башка шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
101-берене. Товарларды алдын ала, толук эмес, мезгилдүү бажылык декларациялоонун жана кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Алдын ала бажылык декларациялоо, толук эмес бажылык декларациялоо, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоо Кодекстин 114-117-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Алдын ала бажылык декларациялоонун, толук эмес бажылык декларациялоонун, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун Кодекс менен жөнгө салынбаган өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ушул берененин жоболору колдонулбаган товарлардын категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-глава. Товарларды чыгарып берүү жана товарларды чыгарып берүүгө байланышкан бажы операциялары
102-берене. Товарларды чыгарып берүү жөнүндө жана товарларды чыгарып берүүгө жана аны жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби тууралуу жалпы жоболор
1. Товарларды чыгарып берүү Кодекстин 18-главасына ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети товарларды ташып келинген жеринен чыгарып берүүгө байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилеши мүмкүн.
3. Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети товарларды чыгарып берүү декларанттын жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан жокко чыгарыла турган учурларды жана шарттарды, ошондой эле товарларды чыгарып берүүнү жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибин аныктайт.
4. Декларанттын кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарып берүү жөнүндө белгилер же болбосо товарларды чыгарып берүү жөнүндө белги коюлган коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарылышын жокко чыгаруу жөнүндө белгилер коюлушу мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 264 ичинен 101. Калгандары, «103-берене» баштап «251-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
- 103-берене. Товарларды чыгарып берүү мөөнөттөрү
- 104-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүү жана товарларды чыгарып берүү өзгөчөлүктөрү
- 105-берене. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин жана бажы экспертизасын дайындоодо товарларды чыгарып берүү өзгөчөлүктөрү
- 106-берене. Укук бузуу же кылмыш аныкталган учурда товарларды чыгаруунун өзгөчөлүктөрү
- 107-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу жана мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн кайра баштоо
- 108-берене. Товарларды чыгарып берүүдөн баш тартуу жана товарларды чыгарып берүүдөн баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби
- 109-берене. Шарттуу чыгарып берилген товарлар
- 110-берене. Бажы жол-жоболорун колдонуу
- 111-берене. Товарларды жеке жактардын өздүк пайдалануусу үчүн өткөрүү
- 112-берене. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттерди аткаруу. Аларды өндүрүп алуу тартиби
- 112-2-берене. Электрондук соода товарларына карата жүргүзүлүүчү бажы операциялары
- 112-3-берене. Электрондук соода товарларын убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү
- 112-4-берене. Электрондук соода товарларын бажылык декларациялоо
- 112-5-берене. Бирликтин бажы аймагына ташылып келүүчү, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын чыгаруу
- 112-6-берене. Жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
- 112-7-берене
- 112-8-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуу жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
- 112-9-берене. Электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аны төлөө мөөнөтү
- 112-10-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы
- 113-берене. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн, жабдууларын жана камдыктарын бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу
- 114-берене. Эл аралык почталык жөнөтүүлөр
- 115-берене. Эл аралык почталык жөнөтүүлөр менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү
- 116-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү
- 117-берене. Товарларды куурдук транспорт аркылуу өткөрүүдө декларациялоонун жана бажы алымдарын жана салыктарын төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
- 118-берене. Электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды ташып келүүдө жана ташып чыгууда декларациялоонун жана бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
- 119-берене. Жактардын айрым категориялары тарабынан товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
- 120-берене. Бирликтин бажы аймагынын бир бөлүгүнөн Бирликтин бажы аймагынын башка бөлүгүнө Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташылуучу товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү
- 121-берене. Бажы контролун жүргүзүү
- 122-берене. Бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын бажы наркын контролдоо
- 123-берене. Шарттуу чыгарып берилген товарларга карата товарларды чыгаруудан кийинки бажы контролунун өзгөчөлүктөрү
- 124-берене. Бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда бажы органдарынын жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү
- 125-берене. Бажы контролунун зоналары
- 126-берене. Бажы органдарын бажы контролунун айрым формаларын колдонуудан бошотуу
- 127-берене. Бажы контролунун формалары
- 128-берене. Түшүндүрмөлөрдү алуу
- 129-берене. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү
- 130-берене. Бажылык кароо
- 131-берене. Бажылык текшерип кароо
- 132-берене. Жекече бажылык текшерип кароо
- 133-берене. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо
- 134-берене. Бажылык текшерүү
- 135-берене. Камералдык бажылык текшерүү
- 136-берене. Көчмө бажылык текшерүү
- 137-берене. Көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү үчүн бажы жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектине кирүүсү
- 138-берене. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын жана текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери
- 139-берене. Бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралар
- 140-берене. Бажы органдарынын системасы. Бажы органдарынын кызмат адамдары
- 141-берене. Бажы органдарынын функциялары жана милдеттери
- 142-берене. Бажы органдарынын желеги жана эмблемасы
- 143-берене. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
- 144-берене. Бажы органдарынын жумуш убактысы
- 145-берене. Бажы органдарынын ишин финансылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
- 146-берене. Бажы органдарынын маалыматтарды алуусу жана берүүсү
- 147-берене. Бажы органдарынын жайгашкан жери
- 148-берене. Бажылык инфраструктура
- 149-берене. Документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу
- 150-берене. Бажы статистикасын жүргүзүү, бажы статистикасынын маалыматтарын пайдалануу жана берүү
- 151-берене. Тышкы экономикалык ишти жүргүзүүчү жактар жөнүндө маалыматты бажы органдары тарабынан чогултуу
- 152-берене
- 153-берене. Бажы органдары тарабынан бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарына товарларды ташууга жол берүү
- 154-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү укуктук актылар жөнүндө маалыматтар
- 155-берене. Бажы органдарынын консультация берүүсү
- 156-берене. Бажы органдарынын укук коргоо иши
- 157-берене. Транспорттук каражаттарын токтотуу боюнча жана товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролу зонасынан чыгып кеткен транспорттук каражаттарды кармоо (кайра кайтаруу) боюнча бажы органдарынын укуктары
- 158-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу шарттары
- 159-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык иттерди колдонуу
- 160-берене. Кара күчтү колдонуу
- 161-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
- 162-берене. Ок атма куралды алып жүрүү, сактоо жана пайдалануу
- 163-берене. Ок атма куралды колдонуу жана пайдалануу
- 164-берене. Даттануу укугу
- 165-берене. Даттануу тартиби
- 166-берене. Даттануу мөөнөттөрү
- 167-берене. Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү
- 168-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну
- 169-берене. Даттануунун натыйжалары
- 170-берене. Бажы органынын жана анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттанууну кароодон баш тартуу үчүн негиздер
- 171-берене. Даттанууну чакыртып алуу
- 172-берене. Даттанууну кароо мөөнөттөрү
- 173-берене. Даттануу боюнча чечим
- 174-берене. Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар
- 175-берене. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары
- 176-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу
- 177-берене. Маалыматташтырууга жана маалыматтык процесстерге катышуучу жактардын укуктарын жана маалыматын коргоо
- 178-берене. Бирликтин алкагында бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү
- 179-берене. Бажы органдарынын Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин бажы жана башка органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу
- 180-берене. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу
- 181-берене. Бажы органдарында документтердин көчүрмөлөрүн жана (же) маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу жана жөнөтүү тартиби
- 182-берене. Бир мүчө-мамлекеттин бажы органы тарабынан башка мүчө-мамлекеттин бажы органына маалымат жөнөтүү
- 183-берене. Өз ара административдик жардам
- 184-берене. Бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында алынган маалыматты пайдалануу
- 185-берене. Бажы органдарынын тобокелдикти башкаруу процессин уюштуруусу
- 186-берене. Тобокелдикти башкаруу системасын бажы органдарынын колдонуусу
- 187-берене. Бажы органдары тарабынан товарларды жана аларга карата документтерди кармоо жана сактоо
- 188-берене. Кармалган товарларды жана аларга карата документтерди кайра кайтарып берүү
- 189-берене. Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларга карата аракеттер
- 190-берене. Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларды сатуудан түшкөн сумманы тескөө
- 191-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча Бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар жөнүндө жалпы жоболор
- 192-берене. Укук ээсинин арыз берүүсү жана аны кароо тартиби
- 193-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри
- 194-берене. Интеллектуалдык менчик обьекттерине карата укуктарды бажы органдары тарабынан коргоо мөөнөтү
- 195-берене. Бажы экспертизасын дайындоо жана жүргүзүү
- 196-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш
- 197-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн жана бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрден чыгаруунун тартиби
- 198-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтар
- 199-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү үчүн зарыл документтердин тизмеги
- 200-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим
- 201-берене
- 202-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү жөнүндө чечимди кайра жол-жоболоо
- 203-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестри
- 204-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо
- 205-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын жоопкерчилиги
- 206-берене. Бажы өкүлүнүн иши
- 207-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттары
- 208-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиздер
- 209-берене. Бажы өкүлүнүн укуктары
- 210-берене. Бажы өкүлүнүн милдеттери
- 211-берене. Бажы жүк ташуучусунун иши
- 212-берене. Бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүү шарттары
- 213-берене. Бажы жүк ташуучуларынын реестринен чыгаруу үчүн негиздер
- 214-берене. Бажы жүк ташуучусунун милдеттери
- 215-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин иши
- 216-берене. Убактылуу сактоо кампасы
- 217-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары
- 218-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
- 219-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин милдеттери
- 220-берене. Бажы кампасынын ээсинин иши
- 221-берене. Бажы кампалары жана алардын типтери
- 222-берене. Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары
- 223-берене. Бажы кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
- 224-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери
- 225-берене. Эркин кампанын ээсинин иши
- 226-берене. Эркин кампалар
- 227-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары
- 228-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
- 229-берене. Эркин кампа ээсинин милдеттери
- 230-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин иши
- 231-берене. Алымсыз соода дүкөндөрү
- 232-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттары
- 233-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер
- 234-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери
- 234-1-берене. Электрондук соода операторунун иши
- 234-2-берене. Электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү шарттары
- 234-3-берене. Электрондук соода операторлорунун реестринен чыгаруу үчүн негиздер
- 234-4-берене. Электрондук соода операторунун укуктары
- 234-5-берене. Электрондук соода операторунун милдеттери жана жоопкерчилиги
- 235-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор
- 236-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри
- 237-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк жана анын типтери
- 238-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттары
- 239-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тартиби
- 240-берене. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу, кайра улантуу жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгарууга негиздер
- 241-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо
- 242-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр
- 243-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан айрым бажы операцияларын жүргүзүүнүн, товарларды убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү жана бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо өзгөчөлүктөрү
- 244-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттери
- 245-берене. Бажы органдарынын жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун өз ара аракеттенүүсү
- 246-берене. Жалпы өткөөл жоболор
- 247-берене. Кодекстин 59-беренесине карата өткөөл жоболор
- 248-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө өткөөл жоболор
- 249-берене. Эркин бажы зонасынын, анын ичинде айрым ЭЭЗдердеги эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажы жол-жоболорун колдонуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө өткөөл жоболор
- 250-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу
- 251-берене
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 119 · байланышкандар: 30
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административными судами дел по таможенным спорам за период с 2020 года по 2022 год.Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 17.12.2024
Цитата келтиргендер (119)
- Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Инструкция · 13.02.2020 · № 79
- Бажылык текшерүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)Порядок · 13.02.2020 · № 79
- Эркин кампа жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)Положение · 13.02.2020 · № 79
- Бажы органдарынын маалыматтык системаларын пайдалануу менен электрондук формада бажы операцияларын жүргүзүү технологиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Приложение · 21.12.2023 · № 688
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-апрели № 85-б "Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган 2013-2019-жылдардагы соода…Распоряжение · 05.04.2021 · № 85-р
- Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)Положение · 13.02.2020 · № 79
- Убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын жана электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине талаптар (Кыргыз…Требования · 13.02.2020 · № 79
- Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды…Порядок · 13.02.2020 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 246 Чет элдик инветистициялар общенациональный классификатор - Зеленая таксономияПостановление · 30.04.2025 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 08.04.2022 · № 202
- Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)Инструкция · 13.02.2020 · № 79
- Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)Порядок · 13.02.2020 · № 79
- Бажы өкүлүнүн жана электрондук соода операторлорунун кызматкерлерине квалификациялык талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен…Требования · 13.02.2020 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 440 "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен…Постановление · 28.08.2023 · № 440
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-январындагы № 2837-VI "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү…Постановление · 16.01.2019 · № 2837-VI
- Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу…Положение · 13.02.2020 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 382-т "Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө"…Распоряжение · 08.07.2022 · № 382-р
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 декабря 2018 года № 2782-VI "О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Постановление · 20.12.2018 · № 2782-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 2500-VI "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 2500
119 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (13)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2020 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 235 "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын…Постановление · 02.05.2023 · № 235
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 440 "Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен…Постановление · 28.08.2023 · № 440
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 09.08.2023 · № 172
- Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.11.2025 · № 253
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- О банкротствеЗакон · 15.01.1994 · № 1435-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 172 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 06.06.2017 · № 99 · Күчүн жоготкон
13 ичинен 12 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (30)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 1301-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 22.06.2023 · № 1301-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундуларын жактыруу тууралуу)…Распоряжение · 10.02.2023 · № 76
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 4983-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.11.2021 · № 4983
- Бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу Тартиби (Кыргыз…Порядок · 28.08.2023 · № 440
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябры № 627 "Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан…Постановление · 29.09.2017 · № 627
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 175-б (Автотранспорт каражаттарын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 30.05.2019 · № 175-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 25-б (Деңиз контейнерлерин мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.02.2019 · № 25-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 949-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 9-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 09.02.2023 · № 949-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-июнундагы № 1211-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 01.06.2023 · № 1211-VII
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 479 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө…Постановление · 16.09.2019 · № 479
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 129-б (Автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.05.2019 · № 129-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 29.03.2019 · № 80-Р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-июнундагы № - 226-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 21.06.2019 · № 226-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 337-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.09.2018 · № 337-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 289-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.08.2018 · № 289-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 20-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.01.2018 · № 20-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 84-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.03.2018 · № 84-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-мартындагы № 80-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 16.03.2018 · № 80-р
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 224-т (Автотранспорттук каражатты өткөрүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 26.04.2022 · № 224-р
30 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.