204-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 36-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
204-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 204-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо жөнүндө жаппы жобо Кодекстин 399-беренесинде белгиленген.
2. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо, ушул Мыйзамга ылайык, мындай камсыздоо бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн шарты болуп эсептелген учурда берилет.
3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жак тарабынан берилет.
4. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышы ушул Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген ыкмалар менен камсыздалат.
5. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо үчүн мындай жак Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген кайсы болбосун ыкманы тандоого укуктуу.
6. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышы ага камсыздоону берген юридикалык жактын тандоосу боюнча бир канча ыкмалар менен камсыздалышы мүмкүн.
7. Эгерде бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын милдеттеринин аткарылышын алмашылып жаткан камсыздоого Кодекстин 11-главасына, 77 жана 270-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 77-беренесине ылайык өндүрүп алуу багытталбаса, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо берип жаткан юридикалык жак камсыздоонун бир ыкмасын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун башка ыкмасы менен алмаштырууга укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо ыкмаларын колдонуунун тартибин, камсыздоонун бир ыкмасын башкасы менен алмаштыруунун тартибин, ошондой эле мындай камсыздоо жүргүзүлгөн валютаны белгилейт.
9. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын Кодекстин 399-беренесинин 13-пунктунда белгиленген учурларда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелери болбогон учурда мындай жакка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте милдеттеринин аткарылышын камсыздоо кайра кайтарылат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
204-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башка ыкмасы менен алмаштырууга укуктуу.
8. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин … милдеттенмелери болбогон учурда мындай жакка Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте милдеттеринин аткарылышын камсыздоо кайра кайтарылат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-204" title="204-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>