Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
238-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттары
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 43-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
1. Биринчи типтеги күбөлүктү берүү менен юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө арыз (мындан ары ушул главада - арыз) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган күнгө чейин юридикалык жактын үч жылдан кем эмес тышкы экономикалык ишти, бажы өкүлү, убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси катары бажы иши чөйрөсүндөгү ишти же болбосо эки жылдан кем эмес бажы жүк ташуучусу катары ишти жүзөгө ашыруусу жана бул мөөнөттүн ичинде:
а) товарларды ташууга карата кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти кошпогондо, тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга товарларга карата ондон кем эмес декларация берилгенде же бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн товарлардын суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 500000 евродон кем эмес болгондо;
б) товарларды ташууга карата кызматтарды көрсөтүү боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга эки жүз элүүдөн кем эмес транзиттик декларация берилгенде;
в) бажы өкүлү катары бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан ар бир жылга эки жүздөн кем эмес бажы декларациясы берилгенде же алар тарабынан берилген бажы декларацияларында көрсөтүлгөн товарлардын суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 500000 евродон кем эмес болгондо;
г) убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын ээлери катары бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 500000 (беш жүз миң) евродон кем эмес болгон товарлар сакталганда;
д) бажы жүк ташуучусу катары бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан ар бир жылга 250дөн кем эмес транзиттик декларация берилгенде;
2) Кодекстин 436-беренесине ылайык берилген, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо;
3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата бардык мүчө-мамлекеттерде бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин болбошу;
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөө боюнча карыздардын (өнбөс калдыктын) болушу;
5) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз катталган күнгө чейинки бир жылдын ичинде бул юридикалык жактын бажы иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган фактылардын бардык мүчө-мамлекеттерде болбошу;
6) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын акцияларынын 10 же андан көп пайызына ээ болгон ошол юридикалык жактын акционерлери, анын уюштуруучулары (катышуучулары), жетекчилери, башкы бухгалтерлери болуп эсептелген жеке жактардын бажы иши чөйрөсүндөгү кылмышы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын бардык мүчө-мамлекеттерде болбошу;
7) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген, бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органына берилген маалыматтарды чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтарга салыштырууга мүмкүндүк берүүчү жана мындай маалыматтарды бажы органдарынын алуусун (анын ичинде алыстан) камсыздоочу, товарларды эсепке алуу системасынын болушу;
2. Экинчи типтеги күбөлүктү берүү менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине юридикалык жакты киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3-7-пункттарында көрсөтүлгөн шарттар;
2) юридикалык жактын финансылык туруктуулугунун Комиссия же Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аныкталган мааниге туура келиши;
3) товарларды убактылуу сактоого арналган курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын (ачык аянттардын бөлүктөрү) менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар (ачык аянттардын бөлүктөрү) ижарада турса, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга (ачык аянттардын бөлүктөрүнө) карата ижара келишими ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берилген күнгө карата алганда бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;
4) аймагында товарларды убактылуу сактоо, бажы транзитинин бажы жол-жобосун колдонууну бүткөрүү жүзөгө ашырыла турган жана (же) бажы контролу жүргүзүлө турган курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга (ачык аянттардын бөлүктөрүнө) карата, транспорттук каражаттарга жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын кызматкерлерине карата Комиссия тарабынан аныкталуучу талаптардын сакталышы;
5) товарларды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана (же) товарларды экспорттоочу юридикалык жактын финансылык туруктуулугу ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык аныкталган мааниге туура келбеген учурда, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышы арыз катталган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 150000 евродон кем эмес эквиваленттик өлчөмдө камсыздалышы.
3. Үчүнчү типтеги күбөлүктү берүү менен юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттары болуп Кодекстин 433-беренесинин 5-пунктунда жана ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар саналат.
4. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн кошумча шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын финансылык туруктуулугун жана финансылык туруктуулукту мүнөздөөчү жана бул реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон маанилерди аныктоонун тартибин Комиссия жана Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…же Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аныкталган мааниге туура келиши;
3) товарларды … реестрине киргизүүнүн кошумча шарттары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.
5. Ыйгарым укуктуу экономикалык … жана Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктайт.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-238" title="238-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>