Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-январы № 2837-VI "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 30-мартындагы № 175 токтому) "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окуудагы кароо кийинкиге калтырылсын жана экинчи окуудагы кароо жол-жобосуна кайтарып берилсин.
2. "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 2782-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 декабря 2018 года № 2782-VI "О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Постановление · 20.12.2018 · № 2782-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 175 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон