112-10-берене. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 17-глава
1. Жеке жактар сатып алган ташып келинүүчү электрондук соода товарларынын бажы наркын аныктоо Кодекстин 309-10-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы чектерде, эсептерде, банктык төлөм документтеринде жана мындай товарларды сатып алуу менен байланышкан башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде, ал эми электрондук соода оператору бажы операцияларын жүргүзгөн учурда - электрондук соода оператору тарабынан электрондук соода аянтчасынан алынган, мындай товарларды сатып алуу менен байланышкан маалыматтардын (мындай маалымат бар болсо) негизинде да аныкталат.
3. Бажы органы бажы контролунун жыйынтыктары боюнча Кодекстин 309-10-беренесинин 4-пунктунда белгиленген учурларда ушул сыяктуу товарларга баа жөнүндө анын карамагында болгон маалыматтын негизинде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркын аныктайт.
4. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы жөнүндө маалымат катары бажы органы ушул сыяктуу товарларды чекене сатууну жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмдардын каталогдорунда жана сайттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды да пайдалана алат.
5. Бажылык декларациялоону жүзөгө ашыруучу жак электрондук соода товарларына декларацияда билдирилген, жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларынын наркы жөнүндө маалыматтардын аныктыгын далилдөөгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
112-10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-112-10" title="112-10-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>