104-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүү жана товарларды чыгарып берүү өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
104-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 104-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык, товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарып берүүгө төмөнкүдөй товарлар билдирилиши мүмкүн:
1) Кодекстин 120-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөндөр;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келингендер.
2. Бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоону берүү төмөнкүлөргө карата талап кылынбайт:
1) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларга;
2) тынчтыкты сактоо же болбосо машыгууларды өткөрүү үчүн акцияларды аткарууга зарыл болгон аскердик багыттагы продукцияларга;
3) гуманитардык жана техникалык жардамга;
4) мүчө-мамлекеттердин валюталарына, мүчө-мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктары жана алардын филиалдары тарабынан ташып келинген чет өлкөлүк валютага, башка валюталык баалуулуктарга, асыл металлдарга, анын ичинде алтынга;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу учурларда башка товарларга.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
104-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…1 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөндөр;
2) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун … асыл металлдарга, анын ичинде алтынга;
5) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу учурларда башка товарларга.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-104" title="104-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>