100-берене. Берилген бажы декларациясын каттоого, каттоодон баш тартууга же болбосо чакыртып алууга байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
100-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 100-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Бажы декларациясын каттоого же каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операциялары бажы декларациясы берилген учурдан тартып бажы органы тарабынан бажы органынын жумуш убактысындагы бир сааттан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
2. Бажы органдары бажы декларациясын каттоодон Кодекстин 111-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча баш тартат.
3. Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактардын жана Интернет тармагынын) ишиндеги техникалык үзгүлтүктөрдөн, бузулуулардан, электр энергиясынын өчүп калуусунан улам иштебей калган учурда бажы органы каттоодон баш тартууга негиз болбогондо берилген бажы декларациясын маалыматтык системаны пайдаланбастан кагаз түрүндө каттайт.
Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар иштебей калганда, бажы декларациясын каттоого же болбосо мындай каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
4. Ушул Мыйзамдын 98-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга берилген бажы декларациясын чакыртып алуунун Кодекстин 113-беренесинде каралгандан башка шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
100-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…113-беренесинде каралгандан башка шарттары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
- 98-берене. Берилген бажы декларациясын каттоого, каттоодон баш тартууга же болбосо чакыртып алууга байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-100" title="100-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>