140-берене. Бажы органдарынын системасы. Бажы органдарынын кызмат адамдары
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 26-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
140-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 140-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Бажы органдарынын системасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ага баш ийген бажы органдарынан, ошондой эле бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалардан турат.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ага баш ийген бажы органдары аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылуучу жана өзүнүн ыйгарым укуктарын түздөн-түз ага баш ийген бажы органдары, ошондой эле бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалар аркылуу ишке ашыруучу орган болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасындагы бажы ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Бажы органдары жөнүндө жобо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Бажы органдарын түзүү, жоюу жана кайра түзүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен уставдардын негизинде иштейт.
4. Өзүнүн ишкердик жана моралдык сапаттары, билиминин деңгээли жана ден соолугунун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, чет өлкөлүк жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жарандары гана бажы органдарынын кызмат адамдары боло алат.
5. Бажы органдарынын системасында кызмат өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
6. Бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын наам ыйгаруу менен формалык кийимдерди кийүү каралган. Көрсөтүлгөн кийимдин формасы, формалык кийимди кийип жүрүү эрежелерин, айырмалоочу белгилерин жана бажы органдарынын кызматкерлерин буюмдук жагынан жабдуу нормалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Формалык кийим акысыз берилет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
140-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…адамдары
1. Бажы органдарынын системасы Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу … аркылуу ишке ашыруучу орган болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасындагы бажы ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө … укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Бажы органдары жөнүндө жобо бажы иши … ишканаларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди … максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети бекиткен уставдардын негизинде иштейт.
4. Өзүнүн ишкердик жана … буюмдук жагынан жабдуу нормалары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Формалык кийим акысыз берилет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №35-10/394 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын…Приказ · 21.12.2022 · № 35-10/394
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик Бажы Кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 09.06.2023 · № 35-10/157
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 10.05.2024 · № 35-10/1
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 11.03.2025 · № 35-10/1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 36-07/1 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 16.06.2026 · № 36-07/1
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-декабрындагы № 35-10/2 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 10.12.2024 · № 35-10/2
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-140" title="140-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>