146-берене. Бажы органдарынын маалыматтарды алуусу жана берүүсү
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 26-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
146-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 146-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдерине, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан мамлекеттик органдардан жана (же) башка жактардан алынган маалыматтар бажы органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруусу үчүн гана пайдаланылат.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык маалымат алган башка жактар, ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик, коммерциялык, салыктык, банктык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында корголуучу башка сырларды (жашыруун сырларды) түзүүчү маалыматты, ошондой эле башка купуя маалыматты ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берүүгө укуксуз.
3. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик органдарына маалымат берет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Кыргыз Республикасынын алардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген учурларда;
2) сотторго соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талап кылуусу боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына - козголгон жазыктык иштердин фактылары гана боюнча;
4) банкроттуктагы иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга) - алардын банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, банкроттук процесс козголгон субъекттер гана боюнча;
5) монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун алкагында;
6) ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында бажы жана салык саясатын жүргүзүү, бажы жана салык укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
7) салык кызматынын органдарына - алардын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган милдеттерин аткаруу максатында;
8) Кодекстин 49-главасындагы жоболорду эске алуу менен Бирликтин алкагында эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык Комиссияга жана мүчө-мамлекеттердин бажы органдарына;
9) Бирликтин мүчөсү болбогон башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.
10) расмий статистикалык мамлекеттик органга - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу максатында.
Бажы органдары ушул бөлүктүн 1-9-пункттарында көрсөтүлгөн органдарга - бул жактардын расмий суроо-талаптары боюнча гана, ал эми расмий статистикалык мамлекеттик органга - ведомстволор аралык түзүлгөн макулдашуулардын негизинде маалымат берет.
4. Коммерциялык сырды түзгөн же купуя болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органдары же алардын кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликти же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга тийиш эмес.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
146-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнө, кошулду: Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнө кошулду: Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Кыргыз … кылуусу боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына - алынып салынды: бажы иши чөйрөсүндө кылмыш жасаган адамдарга карата козголгон жазыктык иштердин фактылары гана боюнча;
4) банкроттуктагы … ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органдары же алардын кызмат адамдары кошулду: тартиптик жоопкерчиликти же Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик кошулду: кылмыш-жаза мыйзамдарында, же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга тийиш эмес.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары…Постановление · 08.04.2022 · № 194 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-146" title="146-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>