132-берене. Жекече бажылык текшерип кароо
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 24-глава
132-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 132-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Жекече бажылык текшерип кароо - жеке жактарды текшерип кароону камтуучу бажы контролунун формасы.
2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарларды өз жанына катып алды жана өз эрки менен көрсөтпөй жатат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгон, бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан жана бажы контролунун зонасында же эл аралык аэропорттун транзит зонасында турган жеке жактарга гана карата жекече бажылык текшерип кароо жүргүзүлөт.
3. Жекече бажылык текшерип кароо ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүп бара жаткан, өзүнүн жанына катып алган товарларды табуу максатында жүргүзүлөт жана бажы контролунун өзгөчө формасы болуп саналат.
4. Жекече бажылык текшерип кароо бажы органынын жетекчисинин (башчысынын), бажы органынын жетекчисинин ал ыйгарым укук берген орун басарынын (башчынын орун басарынын) же аны алмаштыруучу адамдардын чечими боюнча жүргүзүлөт.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген учурларда, жекече бажылык текшерип кароо бажы контролун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органынын бөлүмүнүн жетекчисинин (башчысынын), бажы органынын бөлүмүнүн жетекчисинин ал ыйгарым укук берген орун басарынын (башчынын орун басарынын) же аларды алмаштыруучу адамдын чечими боюнча жүргүзүлөт. Аталган чечим жазуу жүзүндө таризделет.
5. Жекече бажылык текшерип кароо санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген өзүнчө бөлүнгөн жайда жекече бажылык текшерип кароодон өтүп жаткан адам менен бир жыныстагы бажы органынын кызмат адамдары тарабынан ушундай эле жыныстагы эки калыс күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Бул жайга ушул беренеде аталган жактардан тышкары башка жеке жактардын киришине жана жекече бажылык текшерип кароонун өтүшүнө башка жеке жактардын көз салуусуна жол берилбейт.
Жекече бажылык текшерип кароодон өтүүчү адамдын денесин медициналык кызматкер гана зарылдыгына жараша атайын медициналык техниканы пайдалануу менен текшерүүгө тийиш. Жашы жете электи же аракетке жарамсыз жеке адамды жекече текшерип кароодо анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, асырап алгандар, камкорчулар, же болбосо көзөмөлчүлөр) же аны коштоочу адамдар катышууга укуктуу.
6. Жекече бажылык текшерип кароону жүргүзөөрдүн алдында бажы органынын кызмат адамы жеке жакты жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим менен жана мындай жекече бажылык текшерип кароодо анын укуктары менен тааныштырууга, ошондой эле бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан, катып койгон товарларын өз ыктыяры менен берүүнү сунуштоого милдеттүү.
Жеке жакты жекече бажылык текшерип кароодон өткөрүү жөнүндө чечим менен тааныштыруу фактысын бул жеке жак мындай жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимге тиешелүү жазууну киргизүү аркылуу күбөлөндүрөт. Жеке жак мындай жазууну киргизгенден баш тартса, мындай жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди жарыялаган бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жана жекече бажылык текшерип кароого катышкан күбөлөрдүн койгон колдору менен күбөлөндүрүлгөн жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимине тиешелүү белги коюлат.
7. Жекече бажылык текшерип кароодо бажы органынын кызмат адамынын аракети жекече бажылык текшерүүдөн өтүп жаткан жеке жактын кадыр-баркын жана ар-намысын басмырлабашы жана бул жеке жактын саламаттыгына жана мүлкүнө зыян келтирбеши керек.
8. Жекече бажылык текшерүүдөн өтүп жаткан жак төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жекече бажылык текшерип кароо башталганга чейин жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим жана аны жүргүзүү тартиби менен таанышууга;
2) өз укуктары жана милдеттери менен таанышууга;
3) түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүчүн билдирүүгө;
4) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан, катып алган товарларды өз ыктыяры менен берүүгө;
5) аны жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамы тарабынан жекече бажылык текшерип кароонун актысына милдеттүү түрдө киргизүү менен билдирүү жасоого;
6) эне тилин жана котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;
7) жекече бажылык текшерип кароо актысы түзүлүп бүткөндөн кийин аны менен таанышууга жана анда жазуу жүзүндө билдирүү жасоого;
8) жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамдарынын аракеттерине ушул Мыйзамга ылайык даттанууга.
9. Жекече бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө жекече бажылык текшерүүдөн өтүп жаткан жеке жак жана анын мыйзамдуу өкүлү жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.
10. Жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүнүн натыйжалары Комиссия тарабынан аныкталган формада жекече бажылык текшерип кароо актысын түзүү жолу менен таризделет.
Аталган акт жекече бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө же болбосо ал аяктагандан кийин бир сааттын ичинде түзүлүүгө тийиш.
11. Жекече бажылык текшерип кароо актысына жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамы, жекече бажылык текшерип кароодон өтүп жаткан адам же анын мыйзамдуу өкүлү же аны коштоочу адам, күбөлөр, ал эми жекече бажылык текшерип кароого алынган адамдын денесин текшерүүдө - медициналык кызматкер кол коёт.
12. Жекече бажылык текшерип кароо актысы эки нускада түзүлөт, анын бирөө жекече бажылык текшерип кароодон өткөн жеке жакка, анын мыйзамдуу өкүлүнө же аны коштоочу адамга акт түзүлгөндөн кийин кечиктирилбестен берилет.
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
132-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-132" title="132-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>