Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 8-июлу № 382-т Автотранспорт каражатын андан ары берүү менен мамлекеттик менчикке өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын арызынын негизинде Тойота "Ленд Крузер Прадо" маркасындагы, 2014-жылы чыккан, кузовунун № JTEBH9FJ20K152934, кыймылдаткычынын № 1KD2471260, кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб.см, түсү ак автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин оперативдүү башкаруусуна берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- жогоруда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- ушул тескемени ишке ашырууну 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122