Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
193-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 34-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу чараларды көрүү үчүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт.
2. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө жыйым төлөөгө милдеттүү.
3. Бажы реестрине бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алган интеллектуалдык менчик объекттери киргизилет.
4. Интеллектуалдык менчик объекти бажы реестринен төмөнкүдөй учурларда алып салынат:
1) арыз ээси жазуу жүзүндө кайрылганда;
2) интеллектуалдык менчик объектин коргоо мөөнөтүн узартуу үчүн жыйым төлөнбөгөндө;
3) интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо токтотулганда.
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген башка учурларда.
5. Төмөнкүдөй маалыматтар келип түшкөндө интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө жол берилет:
1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) - интеллектуалдык менчик объектин бажы реестрине киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматты же аларга тиркелген документтерди өзгөртүү тууралуу;
2) кызыкдар жактардан - соттун чечими күчүнө киришинин негизинде интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестринде укук ээси катары көрсөтүлгөн жактардын интеллектуалдык менчик объектине укугу чектелгендиги же мындай укугунан ажыратылгандыгы тууралуу.
Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
06.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо токтотулганда.
кошулду: 4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген башка учурларда.
5. Төмөнкүдөй маалыматтар келип түшкөндө интеллектуалдык менчик … негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № алынып салынды: 172 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-193" title="193-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>