208-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиздер
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 37-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 172
1. Бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кодекстин 403-беренесинин 1-пунктунун 1-5-пунктчаларында каралган негиздер;
2) белгиленген тартипте күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде жазыктык жоопкерчиликтин бар болушу;
3) бир жылдын ичинде бажы өкүлүнүн бажы иши чөйрөсүндө үч же андан көп бузууларды жасагандыгы;
4) ал өкүлү болгон жактарга залал келтирилгендиги, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында залал келтиргендиги мыйзамда белгиленген тартипте далилденгенде;
5) юридикалык жактын кудуретсиз (банкрот) деп таанылгандыгы же ал өзүн банкрот деп жарыялагандыгы;
6) контролдук текшерүүнү жүргүзүүдө белгиленген, бузууларды бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча мурда айкындалган фактылардын четтетилбегендиги;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка негиздер.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусу бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакыртып алууга алып келет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
208-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…айкындалган фактылардын четтетилбегендиги;
7) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка негиздер.
2. Бажы иши чөйрөсүндөгү … реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакыртып алууга алып келет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-208" title="208-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>