234-5-берене. Электрондук соода операторунун милдеттери жана жоопкерчилиги
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 42-глава
1. Электрондук соода оператору Кодекстин 429-5-беренесинде аныкталган милдеттерди алат.
2. Эгерде жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажылык декларациялоону жана башка бажы операцияларын электрондук соода оператору жүзөгө ашырса, анда ал Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн төлөө декларанттын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн учурда декларант Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган аракеттерди жасабайт.
3. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган бажы операциялары жүргүзүлгөн учурда электрондук соода оператору Кодекстин 84-беренесинин 2-пунктунун 1-4 жана 6-пунктчаларында каралган аракеттерди жасоого милдеттүү. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө электрондук соода товарларын сатып алган жеке жактын акча каражаттарынын (акчаларынын) эсебинен жүргүзүлөт.
4. 429-5-берененин 3 жана 4-пункттарында каралган милдеттерди аткарбагандыгы үчүн, электрондук соода товарларына декларацияда анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жараксыз, анын ичинде жасалма жана (же) билип туруп анык эмес (жалган) маалыматтарды камтыган документтерди бергендиги үчүн электрондук соода оператору Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
234-5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-234-5" title="234-5-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>