Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253
1. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырылат.
Товарлардын айрым категориялары бажы чек арасы аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өткөрмө пункттарында гана өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнүн башка жерлерин белгилеши мүмкүн.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка жерлердеги бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерден башка жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн болгон товарлардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ушул берененин жоболору куурдук транспорт жана электр өткөрүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө колдонулбайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"Редакцияларды салыштыруу
06.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырылат.
кошулду: Товарлардын айрым категориялары бажы чек арасы аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өткөрмө пункттарында гана өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы чек арасы аркылуу … аркылуу өткөрүүдө колдонулбайт.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № алынып салынды: 172 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-11" title="11-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>