112-6-берене. Жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы · 17-глава
1. Бажы кампасынын бажы жол-жобосу Кодекстин 23-главасында белгиленген тартипте жана шарттарда, Кодекстин 309-6-беренесинде жана ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата колдонулат.
2. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын курулмалардан (орун-жайлардан, аянтчалардан) мындай товарларды алуучу болуп саналган жеке жакка жеткирүү үчүн Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганга чейин ташып чыгарууга - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бажы органына кабарлангандан кийин жол берилет.
3. Электрондук соода товарларын электрондук соода аянтчаларында сатууда сатып алгандан кийин аларды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү каралган учурда, электрондук соода оператору мындай товарларды Комиссия тарабынан аныкталуучу тартипте аларды идентификациялоо шартында Кодекстин 309-6-беренесинин 13-пунктунда белгиленген электрондук соода товарларына декларация берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Комиссия тарабынан каралган учурларда, ошондой эле Комиссия тарабынан жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн товарларды идентификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кайтарылган электрондук соода товарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте товарлардын кайтарылгандыгын ырастаган документтердин формасы таризделген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде курулмаларга (орун-жайларга, аянтчаларга) жайгаштырылууга тийиш. Электрондук соода оператору бажы органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте электрондук соода товарлары кайтарылгандыгын ырастаган документтер таризделген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде, бирок Кодекстин 309-6-беренесинин 13-пунктунда белгиленген электрондук соода товарларына декларацияны берүү мөөнөтү аяктаган күндөн кечиктирбестен электрондук соода товарлары кайтарылгандыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү. (КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
112-6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111908/st-112-6" title="112-6-берене - Бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>